mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аскар Жумагулов мекеменин кыскача тарых-таржымалына токтолуп, министрге жакшы тилектерин айтуу менен өзү тарткан Байтик баатырдын сүрөтүн белекке берди.

Аскар Жумагулов Чүй облусуна караштуу Байтик айылындагы ички көчөлөрдү оңдоо маселесине токтолуп, Ахматбек Сүйүнбаев атындагы көчөнү асфальттоо менен айыл ичиндеги мектептин жолун оңдоп берүү маселесин көтөрдү.

Министр Тилек Текебаев азыркы тапта республика ичинде салынып жаткан жолдор туурасында кыскача кеп козгоп, маалымат берди. Ал учурда Президент тарабынан жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга чейин жол оңдоого аз көлөмдө каражат бөлүнүп келген болсо, азыркы тапта бул сумма кыйла көбөйгөнүн билдирди. Ошол эле убакта ички жолдор дагы көңүл сыртында калбай, этап-этабы менен оңдолорун баса белгиледи. Ал эми аксакал кайрылган жол боюнча карап чыгуу убадасы берилип, Ахматбек Сүйүнбаев атындагы көчөнү оңдоо планга киргени айтылды.

Жылуу маанайда өткөн жолугушуунун соңунда Аскар Жумагулов ак батасын берип, ыраазычылык сөздөрүн айтты. Министр Тилек Текебаев ата сөзү-алтын экенин айтып, аксакалдын айткан кеп-кеңештерин эске тутуп жүрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, экономика илимдеринин кандидаты, КРдин эмгек сиңирген экономисти, волейбол спортунун чебери, фото сүрөтчү, “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, степ-бий боюнча дүйнө чемпионатынын дипломанты Аскар Жумагулов сергек жашоо образын жүргүзүү менен коомдук иштерге активдүү катышып келет.

 

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы