mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев айдоочулар коомунун жана мунай заттарын ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев « Айдоочу коом” коомунун тең төрагасы И.Сулайманов жана Нефть продуктыларын ташуучулар ассоциациясынын директору Ч.Жаныбаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга ошондой эле министрдин орун басарлары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдарынын жетекчилери жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү катышты . Жыйында жүк ташуудагы актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр талкууланды. Сүйлөшүү учурунда жүк ташуучулар башкармалыктын башчысы Т.Текебаевден жүк ташуу боюнча бир катар маселелерди чечип берүүнү суранышты. Тактап айтканда, өлкөбүздө жүк ташуулардын 99 пайызы жер үстүндөгү транспорт аркылуу ишке ашып, ошого жараша бул жаатта иш алып барган жүк ташуучулар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгилешти. Мындан улам алар жүк ташуучу компаниялардын ишин жөнгө салган мыйзам актыларындагы бир катар пункттарды өзгөртүү сунушун киргизишти. Башкача айтканда, салмак-габариттик контролдоо боюнча колдонулуп жаткан стандарттарды кайра карап чыгуу жана салмак- габариттик контролдоо постторунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу . Эгерде жогоруда аталган чаралар көрүлбөсө, биздин өлкөнүн жолдорунда кургактагы жүк ташуучу транспортто жүк ташууларды жүзөгө ашырууда жүк көбөйүп, ошого жараша жолдун сааты бузулат.

Жолугушууда жүк ташуучулар ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө ташууга уруксаат берүү боюнча иштерди жакшыртуу , чет элдик жүк ташуучулар үчүн каботаждык ташуу көйгөйлөрүн чечүү, ошондой эле сигналды кабыл алуу үчүн антенна орнотуу маселесин чечүү маселелерине токтолушту. Эркечтам -Сары-Таш унаа жолунда интернетке туташтыруу

. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев жыйында белгилегендей, биздин башкармалык транспорт тармагындагы саясатты ишке ашыруучу орган катары сиздер менен жүк ташуу тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө кызматташууга даяр. Ал эми буга чейин жүк ташуу ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларына сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бардык чечимдер сиздердин сунуштарыңызды эске алуу менен кабыл алынган.

Биз тараптан жүктөрдү салмактык жана габариттик нормаларды бузуу менен ташыган айдоочуларга гана эмес, жүк жөнөтүүчүлөргө карата да жоопкерчиликти күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө , анткени ашыкча жүк менен айдоо мөөнөтүнөн мурда жолдордун бузулуусуна алып келет деп белгиледи министр.

Жыйынды жыйынтыктап жатып, башкармалыктын башчысы Т.Текебаев өзүнүн орун басарларына жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине салмак-габариттик көзөмөлдүн ишин жөнгө салган колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, салмак — габариттик көзөмөл постторунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды , ошондой эле адам факторунун катышуусуз салмакты жана өлчөмдөрдү контролдоону жүргүзүүгө уруксат берүү , каботаждык ташуу маселелерин чечүү жана интернетти туташтырууну камсыздоо маселелери боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт .

КР ТжКМнинбасма сөз кызматы