mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп Осоев Эркин Арстанбекович дайындалды

Бүгүн 2021-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Осоев Эркинбек Арстанбекович  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.

Жаңы министрди жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Дайындалганга чейин Эркинбек Осоев Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, 2017 -жылдан бери Ислам өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобун (ИДИАТ ИӨБ) жетектеген.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы