mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы, транспорт көзөмөл пунктары кызматынын башчысынын бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

ТКП кызматынын башчысына                                                                                                       Квалификациялык талаптар:                                                                                       1.Кесиптик билимдин денгээли:                                                                                                 — Автотранспорт жаатындагы техникалык  жогорку билими, экономикалык жогорку билими, юриспруденция боюнча жогорку билими жана IT– технология боюнча жогорку билими.

            2.Иш стажы жана тажрыйбасы:                                                                                                   — Жалпысынан автомобиль транспорту жана автомобиль жолдору чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Билүүсү керек:

  • ишмердүүлүктүн багытын аныктоо, негизги иштерди мерчемдөө;
  • көйгөйлөрдү чечүүдө  анализ жүргүзүү, болжолдоо, толуктоо, алдын алуу, текшерүү иш-чараларын жүргүзүү;
  • башкаруу иштерин ыкчам жана жоопкерчиликтүү аткаруу;
  • тараптуу кызыкчылыкка алып келе турган көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • алдыга коюлган тапшырмаларды  талаптарга ылайыктап чечүү;
  • өз жумушун жана кол алдындагы кызматкерлердин жумушун натыйжайлуу мерчемдөө;
  • бир түзүлүштөгү жана башка Мамлекеттик мекемелер менен иш алып баруу.

            Көндүмдөр:                                                                                                                          — Мамлекеттик жана расмий тилди билүү;

— аналитикалык жана стратегиялык иш кагаздарды өнүктүрүү;

— кызматты башкаруу (кызматкерлерге көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды тең бөлуштүрүү, мамлекеттик мекеменин жетекчилигинин  көз карашын жана максаттарын кызматкерлерге сапатуу жеткирүү, ыкчам даярдык жана жетекчиликтин чечимдердин кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, жумушту аткаруунун жаңы түрлөрүн жана ыкмаларын изилдөө);

— маалыматтарды изилдөө жана системалаштыруу;

— укуктук нормативдик актылар менен иш алып баруу жана жумушта колдонуу;

— чыр-чатак учурларды жөнгө салуу;

— натыйжалуу мамилелерди түзүү, Мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турумунун этикетин колдоно билүү, кеңешме жана жолугушуларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө жана Мамлекеттик, расмий тилде иш кагаздарды алып баруу);

— компьютердик техникада жана керектүү программалар менен иштөөнү билүү.

            Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:                                — конкурстук сынак комиссиясынын төрагасына жазылган  арыз                                               — кадрлар эсебин каттоо баракчасы, өздүк дело, резюме, 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, өмүр баяны.                                                                                                                                                         — паспортунун же инсандын тастыктаган документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).                                                                                                        — эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын  жогорулатылгандыгы, илимий даражага ээ болгондугу тууралуу нотариалдык жактан  күбөлөндүрүлгөн же  иштеп  жаткан жериндеги персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан тастыкталган   документтердин көчүрмөсү.                                                                                                                                          

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди Чимкетская 1 дареги боюнча 2024-жылдын  10-январындан  20-январына чейин, саат 09:00дөн 17:00 чейин кабыл алынат, телефон аркылуу маалыматтар: 34 00 60