mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улук топко мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар (негизги тест):

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү 

            Экономика багытынын улук тобундагы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— экономик жана башкаруу, бугалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит, экономика жаатындагы жогорку кесиптик билим;

— (мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификат болуу керек)

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик жөнүндө» Кодекс;

— Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзам;

— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»ммыйзам;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 1-август 2022-ж №266 жарлыгы  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-август 2008-ж №471 токтому «Иш сапар чыгымдарыны нормаларын бекитүү жана алардын ордун толтуруу жөнүндө» ;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 24-декабрь 2021-ж №349 токтому «Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1-август 2022-ж №434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1-август 2022-ж №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 14-апрель 2022-ж №223 «Кыргыз Республикасы Министлер Кабинети Токтом Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө»;

3.2. Билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— аналитикалык документтерди даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

—  жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

3.3.Көндүмдөрү:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура  бөлүштүрүү;

— башкаруучулук чечимдери ыкчам жүзөгө ашыруу;

— компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар менеништей билүү;

— 1С жана бухгалтердик (версия 8.2) иштей билүү .

            Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

— жеке арыз;

— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен);

— резюме (түстүү сүрөтү (3х4) жана электрондук почтаны көрсөтүү менен);

— нотариус тарабынан, же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— нотариус, же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүрүлгөн документтин түп нускасы сынакка катышууда, ошондой эле тестирлөө баскычында көрсөтүлөт).

Документтер комплекти менен (скоросшивательге) толук берилиши керек. Толук эмес жана талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар кабыл алынбайт.

Документтер 2023-жылдын 26-майынан 9-июнуна чейин, саат 09:00 – 17:00 (жумуш күндөрү) кабыл алынат. Дареги: Бишкек ш., Чимкентская көчөсү 1, № 7 кабинети, тел. 0312340060, 0500320100

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.