mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат

  1. Максаты жана милдеттери

 

Кыргыз Республикасынын  Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул долбоору жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

 

  1. Баяндоо бөлүгү

Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 000 км түзөт, анын ичинен жалпы пайдалануудагы 19840 км Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында турат. Жүргүнчүлөрдү ташуунун 98% га жакыны жана жүк ташуунун 96 %дан ашыгы республиканын автомобиль жолдору боюнча камсыз кылынат.

2022-жылдын башында республиканын аймагында 1 387 551 автотранспорт каражаты катталган, анын ичинде:

Жеңил автомашиналар                             — 1 103 445 бир.;

Жүк ташуучу машиналар                         — 234 650 бир.;

Жүргүнчүлөрдү ташуучу машиналар       — 49 456 ед.

Жыл сайын автотранспорт каражаттарынын саны көбөйүүдө жана 2016-жылга салыштырмалуу өсүш 29 пайызды түздү, анын ичинде:

Жеңил автомашиналар                             — 24 %

Жүк ташуучу машиналар                          — 73%

Жүргүнчүлөрдү ташуучу машиналар       — 4%

 

Автомобиль жолдору өлкөнүн региондорунун ортосундагы байланыштын негизги каражаты, товар алмашуу үчүн негиз жана азык-түлүк жеткирүү каражаты болуп саналат. Ошол эле учурда жол катмары жыл сайын  эскирүүдө, ал аны дайыма  нормативдик абалда  кармоону талап кылат, бул материалдарга да, техникага да, күйүүчү-майлоочу материалдарга да,  көпчүлүк учурда күнүнө 24 саат ачык асман алдында иштеген жумушчулардын эмгек акысын айтпаганда да акча каражаттарын туруктуу салууну талап кылат.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, каражаты “жол салыгы жана жыйымдары” деп аталып, борборлоштурулуп топтолгон жана оңдоо менен күтүүгө багытталган өлкөлөрдө жолдор айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн тез өтүшүн жана коопсуздугун камсыз  кылат.

Жол тармагын реформалоонун алкагында эл аралык тажрыйбага жана максатка ылайыктуулукка негизденип, Жол фонду түзүлгөн, анын негизги максаты жол тармагын андан ары каржылоо үчүн киреше бөлүгүн көбөйтүү жана аларды топтоо болгон.

Жол фондунун булактары болуп мыйзамдарда бекитилген кирешелер саналат: КММга акциздердин 50 пайызы, жолго жана транспортко байланышкан жыйымдар жана айыптар (каттоо, өткөрүү, таразалоо, жасалма курулмалар боюнча жүрүү), республикалык бюджеттен бөлүнгөн ассигнованиелер.

Бул булактар боюнча  түшүүчү каражаттардын болжолу алардын биздин жолдорду стандарттарга ылайык келтирүү үчүн  жетишсиздигин көрсөтөт. Биздин өлкөдө автомобиль жолдорун нормативдик коопсуз абалда кармоо үчүн жылына 10 млрд. сом талап кылынат.

Иш жүзүндө республикалык бюджеттен болжол менен 2 млрд.сом бөлүнөт, бул жолдун 1 километрине болжол менен 100 сомду түзүп, жолдорду талаптагыдай кармоо үчүн эч нерсеге арзыбайт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине тийиштүү  жол булактарын киргизүү жолу менен жаңы автожолдорун куруу үчүн  талаптагыдай күтүүнү жана шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу мыйзамдык-укуктук негизди киргизүү зарыл, атап айтканда:

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жыйымдарды киргизүү;

автомобиль  шиналарын, анын ичинде колдонулгандарын кайра иштетүү үчүн утилдештирүү жыйымы;

— транспорт каражаттарынын жараксыз компоненттерин жана иштетилген майларды утилдештирүү.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жыйым 2020-жылы Кыргыз Республикасында киргизилген мунай заттарын эсепке алуунун жана сактоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен май куюучу станцияларда (АЗС) күйүүчү-майлоочу майларды  чекене соодалоодо   ар бир литринен  белгилүү бир сумманы алууну билдирет. Бул жерде “ким жолдо көп жүрсө -ал  көбүрөөк төлөйт” принциби иштеген жана бардыгы сапаттуу жолдор менен жүргөн  өлкөлөрдүн практикасы каралган.

Бул күйүүчү майга жыйым/салык салуу тажрыйбасы Казакстан, Белоруссия, Азербайжан, Грузия жана башка өлкөлөрдө бар экенин белгилей кетүү керек.

Жолдорду оңдоого жана күтүүгө жыйымдарды алуунун тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген тартипте бекитилет.

Утилдештирүү жыйымы.

Эски автомобиль шиналары өлкөнүн экологдорунун чоң көйгөйү болуп саналат, анткени покрышкалар кайра иштетилбейт жана жок кылынбайт: автомобилисттерге гараждарды толтуруп, резина сактоодон же дөңгөлөктөрдү таштандыга ыргытуудан башка арга калбайт, ал жерде алар чирип, экологияга зыян келтиришет. Покрышкалардын күйүү температурасы таш көмүрдүн күйүү температурасына барабар, ошондуктан көптөгөн бишкектиктер авторезиналарды үйлөрдө жана мончолордо от жагууга колдонушат. Андан айлана-чөйрөгө күкүрт, бензопирен, фуран, диоксиндер жана башка канцерогендик кошулмалар жайылат. Бул зыяндар Чүй облусун толугу менен ууландырууда, ал эми Бишкектин үстүн дайыма кара булут каптап турат.

Мотор майларына токтолсок, бүгүнкү күндө мотор майларынын рыногу ар кандай сорттогу жана көптөгөн маркалардагы позицияларга бай. Моторго жаңы продукт куюлгандан кийин эски майдын кайда кетери тууралуу жооп берүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасында колдонулган мотор майларын төгүү алдын ала эсептөөлөр боюнча эсепке алынбайт, борбордо гана автомобилдердин картерлеринен жыл сайын 20 миң тоннадан кем эмес иштетилген май төгүлөт.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, жогоруда аталган жыйымдар кийин КР ТКМ  караштуу Жол фондуна топтоо үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт деп болжолдонууда.

Ошентип, жогоруда аталган жыйымдар жалпы пайдалануудагы жолдорду, жол инфраструктурасын оңдоо жана өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашырууга, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын компоненттерин утилдештирүү боюнча иштерди өбөлгөлөөгө багытталат.

Белгилүү болгондой  сапаттуу жолдор менен жүрүү  төмөнкүлөрдүн эсебинен  кирешени  көбөйтүүгө таасирин берет:

— КММ үнөмдөөдөн;

—  запастык бөлүктөрдү сатып алуудан үнөмдөөдөн;

—  АТК оңдоонун мөөнөтүн кыскартуудан;

—  товар жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүүдөн.

 

  1. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

 

“Кыргыз Республикасынын  Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу   белгилүү социалдык  чыңалууга алып келиши мүмкүн, бирок жумушчу топ тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча  сапаттуу жана коопсуз жүрүү үчүн “жол” жыйымдарынын зарылдыгы тууралуу кеңири коомдук түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

 

  1. Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы  № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна ылайык аталган ЧУА долбоору 2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылды. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык аталган ЧУАнын долбоору Кыргыз Республикасынын «Koomtalkuu.gov.kg»  ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды.

 

  1. Долбоордун мыйзамдарга ылайыктуулугун талдоо

 

Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

 

  1. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын бул  мыйзамынын долбоорун  кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

 

  1. Жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 307 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбооруна жөнгө салуучу таасирди иштеп чыгуу жана талдоону жүргүзүү  максатында жумушчу топ түзүлдү. Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.

 

 

 

                  Министр                                                   Т.К.Текебаев