mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКасынын МИНИСтрлер КАБИНЕТинин токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги

№ 159Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Эл аралык автомобилдик байланышка  катышкан автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүнө уруксат берүүнүн   тартибин жөнгө  салуу  максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

—      жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:

“19) ата мекендик автоташуучулар тарабынан чет мамлекеттердин аймагы боюнча  кирүүгө, чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксаттын чет өлкөлүк бланктарын берүү үчүн:

— Кытай Эл Республикасына болгон багыты  боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн (үч тараптуу ташуулардан тышкары) — эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;

— башка өлкөлөргө болгон ( Кытай Эл Республикасынан башка) багыт боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн — эсептик көрсөткүчтүн 50 эселенген өлчөмү.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
  2. Бул токтом  расмий жарыяланган  күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

 Төрагасы

                                                                                                           А.У. Жапаров

 

 

Токтом