mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

 

1.Максаты жана милдеттери

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун максаты жана милдеттери — жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарына салмак-габариттик көзөмөлдөө жүргүзүү аркылуу автомобиль жолдорунун сакталышын толук камсыздоо, ошондой эле эл аралык автомобиль байланыштар  эл аралык макулдашууларынын ченемдерин ишке ашыруу жана чет өлкөлүк ташуучулар Кыргызстанга кирип жүк ташып жаткан учурда кыргыз ташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо эсептелет.

 

  1. Баяндоочу бөлүк

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары — Министрлик) автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту, жолдор чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүчү, ишке ашыруучу жана башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

— жол-транспорт комплекси чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;

—  жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, куруу, күтүү жана техникалык абалын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү;

— Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууларды, ошондой эле жүктөрдү ташууларды жөнгө салуу.

Жалпы пайдалануудагы жолдорду куруу иштеринен сырткары Министрликтин маанилүү милдети болуп эксплуатацияда болгон жолдордун сакталышынын камсыздоо иштери саналат.

Ушул максаттарда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине (мындан ары – Транспорт департаменти) салмак-габариттик контролдоо милдеттери жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августу № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоосунун нормалары жана эрежелери каралган.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын аймагында 30 Транспорт көзөмөлдөө пункттары (мындан ары — ТКП) иштеп жатат, алардын ичинен 20 ТКПда транспорт каражаттарынын салмак-габариттик контролдоо иштери жүргүзүлөт.

Азыркы күндө республика боюнча ТКПда Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын 272 инспекторлору иштейт (алар мамлекеттик эмес кызматчылар).

Ошондой эле азыркы учурда ушуга чейин жүргүзүлгөн штаттардын кыскартуусуна байланыштуу кызматчылардын жетишсиздик көйгөйү орун алууда.

Бул көйгөй республикада төмөндөгү жаңы ачылган ТКПын ишке киргизилиши менен көбөйүп жатат.

2021-жылы Талас областында “Чоң-Капка” ТКПу ачылган. “Чоң-Капка” ТКПу мамлекеттик чегаранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан. Жүк ташыган автотранспорт каражаттарынын негизги агымы ушул ТКПу аркылу өтөт.

Азыркы учурда Талас областында транспорт көзөмөлү 2 ТКПда жүргүзүлөт – “Кызыл-Адыр” жана “Чоң-Капка”. Бул ТКПда эмгек нормаларынын бузуу менен 10 инспекторлор иштейт. Инспекторлордун бул саны жетишсиз, “Чоң-Капка” ТКПун толук камдуу иштөөсү үчүн дагы кошумча 12 инспекторлор талап болууда.

2022-жылы Ош областында “Салам-Алик” ТКПу ачылган. Азыркы учурда бул ТКП кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу иштебей жатат. “Салам-Алик” ТКПу Ош областынын Өзгөн районундагы көмүр кенинен Ош областынын башка райондоруна жана Жалал-Абад областына көмүр ташыган автотранспорт каражаттарына саламак-габариттик контролдоо жүргүзүү максатында ачылган. Бул ТКПун ишке киргизилиши үчүн дагы кошумча 12 кызматкер керек.

2022-жылы Чүй областында “Ош-Бишкек” автожолунда Бишкек шаарына карай жүргөн автотранспорт каражаттарына салмак-габариттик контролдоо жүргүзүү максатында “Маловодное” ТКПу (түштүк тарап) ачылган. Бул ТКПа кошумча 4 кызматкер керек болууда.

2023-жылы Жалал-Абад областында “Кербен” ТКПу ачылган. “Кербен” ТКПу Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы автомобиль жолдорунда транспорт көзөмөл жүргүзүү максатында ачылган.

“Кербен” ТКПу аркылуу Ала-Бука жана Чаткал райондоруна чоң жана кичине тоо-кен өндүрүүчү ишканалардын курулуш материалдары, концентраттары, иштелүүчү материалдары оор жүк ташуучу автотранспорттору  аркылуу ташылат.

Азыркы учурда “Кербен ” ТКПу кызматкерлер жетишпегендигине байланыштуу иштебей жатат. Бул ТКПна дагы кошумча 12 кызматкерлер керек.

Айтып кетчү нерсе, жогоруда аталган жаңы ачылган 4 ТКПар түнү-күнү 24/7 режиминде иштейт жана автомобиль жолдорунун сакталышынын камсыздоосуна багытталган.

Жогоруда аталган 4 ТКПда кызматкерлер эмгек убакытынын нормаларынан ашыкча иштеп жатышат.

 

Финансы-экономикалык эсеп

Жогоруда аталган ТКПын толук камдуу иштөөсү үчүн жалпысынан кошумча 40 инспекторлук курамдагы кызматкерлер (мамлекеттик эмес кызматкерлер) керектелет. Бул кызматкерлердин бир жылдык маяна фонду 15621703 (он беш миллион алты жүз жыйырма бир миң жети жүз үч) сом 96 (токсон алты) тыйынды түзөт. Бул акча каражаттары кызматкерлердин эмгек маяна фондуна жана жогоруда аталган жол тилкелеринин сакталышын камсыздоосуна жумшалат. Айтып кетчү нерсе, бузулган асфальт-бетон менен капталган автожолдун ремонт жана кайра оңдоо иштерине орто эсеп менен 7 миллион сомдон ашык акча каражаттары жумшалат.

 

Эмгек маяна фонду

Кызматтын

аталышы

Бирдик саны Эмгек маяна(оклад) Эмгек маянанын бир жылдык фонду Соцфондго

 төлөмдөр

40 штаттык бирдиктин эмгек баянасынын бир жылдык фонду 40 штаттык бирдиктин соцфондго төлөмдөрү БААРЫ
 
1 Башкы инспектор

 

12 25766,4 389281,56 58261,66 4671378,72 699139,93 5370518,65
2 Ага инспектор инспектор 12 22749,76 343705,83 51440,59 4124470,00 617287,08 4741757,08
3 Инспектор 16 19824,64 299512,80 44826,46 4792204,87 717223,36 5509428,23
                 
  Жалпы 40 68340,80 1032500,19 154528,71 13588053,59 2033650,37 15621703,96

 

 

  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

 

Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун кабыл алынышы эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекттик казынадан кошумча акча каражаттарын талап кылбайт.

 

  1. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул токтом долбоору Кыргыз Республиксынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралы № 45-т тескмесине ылайык бул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Калктан жана коомчулуктан бул токтом долбоору боюнча эч кандай сунуштар келген эмес.

 

  1. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо

 

Ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзмадарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышкан тиешелүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

 

  1. Каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат

 

Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун кабыл алынышы республикаылк бюджеттен кошумча 15621703 (он беш миллион алты жүз жыйырма бир миң жети жүз үч) сом 96 (токсон алты) тыйындын бөлүнүшүн талап кылат, себеби бул каражаттар эмгек маянага жумшалат. Жол органдарынын маалыматына ылайык бузулган асфальт-бетон менен капталган автожолдун ремонт жана кайра оңдоо иштерине орто эсеп менен 7 миллион сомдон ашык акча каражаттары жумшалат.

 

 

  1. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат

 

Сунушталып жаткан “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбооруна жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүсү кажети жок, себеби бул токтом долбоору ишкердик ишти жөнгө салбайт.

 

Министр                                                                                  Т. Текебаев