“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасында Ош-Жалал-Абад жана Бишкек- Жалал-Абад каттамдары иштеп баштады
- 321 просм.
3- сентябрдан тартып Ош-Жалал-Абад жана Бишкек- Жалал-Абад автобустук каттамдары иштеп баштады. 2020-жылдын 16- мартынан бери баардык эл аралык автобустук каттамдар токтотулган, ал эми областар аралык маанидеги шаар аралык каттамдар үстубүздөгү жылдын мартынан 23- жана 9- июлунан баштап токтотулган. 6- августан тарта «Кыргыз автобекети» Мамлекеттик ишканасында автобустук каттоолор жаңыланды. Учурда Ыссык-Кѳл гѳ каттаган түнкү жана күндүзгү кѳп орундуу каттамдар жүрүп баштады. Жаныланган автобустук каттамдардын баардыгы санитардык нормага жооп берип, текшерилип турат.
Жалпы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына карамагында 7 автовокзал, 8 автотстанция жана 13 автокасса (станциялык курулма) бар жана 400 ашык автобустук каттамдарды тейлеп келет.
.