КРдин транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды
- 345 просм.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин аймактык башкармалыктары 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен транспорттук көзөмөл пункттарында, транспорттук көзөмөлдөөнүн мобилдик тобунда, станциялык курулмаларда жана автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында 211986 оор жүк жана жүргүнчү ташуучу автоунааларды текшерүүгө алышты (2022-жылдын 5 айында 185947). Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында КРдин транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу боюнча 2723 фактылары аныкталып (2022-жылдын 5 айында 722), жеринен 2649 протокол түзүлдү ( 2022-жылдын 5 айында 720 ) жана 17496000 сом айып пул салынды ( 2022-жылдын 5 айында 4492000 сом). Анын ичинен оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына 1512 протокол түзүлүп, (2022-жылдын 5 айында 350) 16006000 сом айып пул салынган (2022-жылдын 5 айында 4002000 сом). Ошондой эле, жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочуларына 1137 протокол түзүлүп (2022-жылдын 5 айында 370), 1490000 сом айып пул салынды (2022-жылдын 5 айында 490000 сом).