mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы болуп, 2023-жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана IV-кварталга койгон милдеттери каралды

2023-жылдын 14-ноябрында Т. Текебаевдин төрагалыгы астында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы болуп өттү. Анда ведомствонунун 2023-жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана IV-кварталга койгон милдеттери каралды.

Күн тартибинде   5 маселе талкууланды:

  • Министрликтин жалпы 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету жана 2023-жылдын 4-кварталына койгон милдеттери жөнүндө;
  • «Кыргызжолтрансдолбоор» ДИИ мамлекеттик ишканасынын 2023- жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету жана 2023-жылдын 4-кварталына койгон милдеттери жөнүндө;
  • Министрликке караштуу Жол фондунун 2023-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету жана 2023-жылдын 4-кварталына койгон милдеттери жөнүндө;
  • Министрликке караштуу «Кыргызавтожол» МИсынын 2023-жылдын 9 айында Жол чарба департаментинен башка буюртмалар менен аткарган ишмердуулугу, анын ичинен регионалдык аэропорттордо аткарылган иштер боюнча;
  • Министрликтин 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча аткаруу тартиби тууралуу

Коллегияда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын Экономика, талдоо жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы А. Дуйшебаев,   министрликке караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» ДИИ мамлекеттик ишканасынын башкы директору Т. Ашымбеков, министрликке караштуу Жол фондунун директору А. Эсенов, министрликке караштуу «Кыргызавтожол» МИсынын башкы директору Ж. Содомбаев баяндама жасашты.

Транспорт тармагы

                Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча 2023-жылдын 9 айында төмөнкүдөй иштер аткарылды.

Пландык текшерүүлөр мамлекеттик органдарга карата – 97 текшерүү, чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата – 110 текшерүү жүргүзүлгөн. Жалпысынан 57 протокол түзүлдү. 394 миң сом айып салынып, анын 298 миң сому өндүрүлгөн.

Автомобиль жолдорунун жээгинде (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөөгө жана бөгөт коюуга, ошондой эле аталган жерлерге уруксат берүүгө туруктуу контроль жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын контролдоо каттоо эрежелери, кемелердин жүрүүсүн эсепке алуу, кеме журналдарын жүргүзүү, кемелерге, аларды байлаган базаларга (курулуштарга) техникалык көзөмөл жүргүзүү жүрүп жатат.

Евразия экономикалык комиссиясы менен ЕАЭБдин техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тармагы

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тармагында отчеттук мезгилде тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө:

2023-жылдын 9 айында алгылыктуу иштер жүргүзүлдү, мисалга алсак, “Бишкек-Ош автожолунда альтернативдүү тоннелди куруу”, «Бишкек шаарынын түндүк айланма автомобиль жолун реконструкциялоо», “Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланма жолун куруу”, «Бишкек — Күн-Туу- Белогорка — Суусамыр автомобиль жолун куруу”, «Чек ара жанында парковканы уюштуруу» МЖӨ долбоорлору боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топтордун бир катар отурумдары болуп өттү.

Төмөндө ар бир долбоор боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилип турат.

  1. “Бишкек-Ош автожолунда альтернативдүү тоннелди куруу” МЖӨ долбоору боюнча айта кетсек, 2023-жылдын 31-майында министрликте министрдин төрагалыгы астында жана министрдин орун басарларынын жана «Кыргызжолтрансдолбоор «МИнин катышуусу менен кеңешме өткөрүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө бул долбоор менен бирге акырында бир стратегиялык милдетти чечүүчү «Бишкек – Күнтуу – Белогорка-Суусамыр» а/ж куруу» МЖӨ долбоору бар экендигиңди жана ал долбоору экономикалык, социалдык, техникалык жана стратегиялык көз караштан алганда» Бишкек-Ош автожолунда альтернативдүү автожол тоннелин куруу «долбооруна караганда артыкчылыктуу деп табылды, себеби бул долбоорлорду МЖӨ форматында параллелдүү илгерилетүүдө аларды ишке ашырууну кыйындатышы мүмкүн, анткени жол киреге акы алынчу колдонуучулардын эки тарапка бөлүнүп кетүүсүнөн долбоорлор өзүлөрүн-өзү актабай калышат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде министрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына «Бишкек – Күнтуу – Белогорка – Суусамыр а/а куруу» МЖӨ долбоорун алга жылдырууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 30-июнундагы №38111 тапшырмасы менен  Министрликке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү тапшырылган. Аталган тапшырмаларды аткаруу үчүн Министрлик тарабынан КР КМнин буйругунун долбоору киргизилген, ал 2023-жылдын 28-июлунда №440-т жарыяланган. Аталган чечим менен «Бишкек-Ош автожолуна альтернативдүү автожол тоннелин куруу» МЖӨ долбоору пландык документтерден алынып, Министрликке «Бишкек-Күнтуу – Белогорка – Суусамыр» автожолун куруу боюнча мамлекеттик – жеке өнөктөштүк долбоору боюнча иш алып барууну улантуу тапшырмасы берилди.

  1. «Бишкек шаарынын түндүк айланма автомобиль жолун реконструкциялоо» МЖӨ долбоору боюнча кызыкдар компания тарабынан даярдалган алдын ала ТЭН каралууда. Министрлик тарабынан техникалык жана финансылык эсептөөлөр боюнча ТЭНди кайра иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сын-пикирлер жана сунуштар берилген. Азыркы учурда, кызыктар компаниясы тарабынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
  2. “Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланма жолун куруу” МЖӨ долбоору боюнча ТЭНди кайрадан иштеп чыгуу маселеси коюлду. 2023-жылдын 9-октябрында Консультант жеткире иштелип чыккан ТЭНди жана конкурстук документтерди берди, алар жумушчу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлдү. 15-ноябрга долбоор боюнча биргелешкен талкуу жана финалдык презентацияны өткөрүү пландаштырылууда.
  3. «Бишкек — Күн-Туу- Белогорка — Суусамыр автомобиль жолун куруу” долбоору боюнча долбоордун ТЭНин иштеп чыгууга финансылык каражаттарды издөө боюнча иштер аткарылды. ЕАӨБ өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бул долбоор менен кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди жана биринчи этапта ЕАӨБ техникалык көмөк көрсөтүү фондунун эсебинен долбоордун алдын ала ТЭН иштелип чыгат, экинчи этапта ЕАӨБ потенциалдуу инвестор (Эгер бар болсо) менен биргеликте долбоордун ТЭНинин негизги бөлүгүн иштеп чыгууну каржылоого даяр экендигин билдирди.

Санариптик өнүктүрүү тармагында

Жыл башынан бери «Электрондук транспорттук көзөмөл» АМТ толуктап иштеп чыгуу, уруксат берүүчү документтерди, атап айтканда лицензияларды, чет мамлекеттердин аймактары боюнча жүрүүгө уруксат бланктарын; ири габариттүү жана бөлүнбөс жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды алуу үчүн арыздарды иштеп чыгуу боюнча функцияларды киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.

Берилген атайын уруксаттарды электрондук макулдашуу маселесин чечүү боюнча «Улут Софт» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ЖКККБМБА АМТ, «Адилетсот» ЖККББ, ЖКККББ жана транспорт департаментинин иштеп чыгуучулары тарабынан «Улут Софт» ЖККББ МТБда атайын уруксатты макулдашуу боюнча функционалды иштеп чыгаары, андан кийин «Түндүк» ЭВӨС менен интеграциялоо менен акысыз негизде иштей тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди. Өз кезегинде ЖКККББ киргизилген сунуштарга макул болуп, буга байланыштуу тиешелүү иштер башталган.

Бүгүнкү күндө https://elicense.gov.kg / ресурсу даяр болбогондуктан Жер жана суу транспорту департаментинин сайтында азырынча http://www.aat.gov.kg / тест режими жайгаштырылган.

Мындан тышкары электрондук форматка байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо боюнча конкурстук жол-жоболорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн программалык платформасы этаптардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылууга, конкурстук комиссиялардын ишин жеңилдетүүгө, ката кетирүүдөн же конкурстук табыштамаларды жана документтерди туура эмес тариздөөдөн качууга мүмкүндүк берген  «Каттамдарды тейлөөгө электрондук конкурс»АМТ иштеп чыгуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №424-Т тескемеси менен санариптик экономикага республикалык бюджеттен 9 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп, 2023-жылдын 21-августунда тендер жарыяланып, ушул жылдын 4-сентябрында сынактын жыйынтыгында ИП “Биалиев” системаны иштеп чыгууга 8,4 млн сом  көрсөтүп, 2023-жылдын 25-сентябрында кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлдү жана программа иштелип чыгууда.

Ошондой эле «интерактивдүү карта» АМТ боюнча иштер жана «электрондук транспорттук көзөмөл»АМТ менен интеграциялоо жүргүзүлдү. Долбоордун техникалык тапшырмасы жана 20 млн сомду түзгөн сметасы иштелип чыгып, 2023-жылдын 24-январында №18-6/356 чыгыш каты менен КР СӨМ менен макулдашылган. Бирок, Министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси өз күчү менен (республикалык бюджеттен акча каражаттарын тартпастан) «Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун санариптик картасы» (интерактивдүү карта) маалыматтык системасын иштелип чыкты https://joldor.gov.kg/.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасы менен Түркия ортосунда колдонулуучу Е-Permit уруксат бланктарын электрондук алмашуу системасын киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

2023-жылдын 19-21 июнунда Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууга уруксаттардын бланктарын электрондук алмашуунун маалыматтык тутумун сунуштады. Ошондой эле «ЭТК» АМТсына » Е-Permit «системасын андан ары интеграциялоо максатында жаңы модулду изилдөө жана иштеп чыгуу үчүн техникалык документтер берилген.

Муну менен катар, МЖӨСӨБ ЕАЭБ алкагында санариптештирүү боюнча өз ара аракеттенет жана ВКС кеңешмелерине активдүү катышат жана төмөнкү долбоорлор боюнча Министрликтин позициясын билдирет:

  1. ЕЭК Коллегиясынын 2016-жылдын 5-июлундагы №80 чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы «ЕАЭБтин тышкы чек арасында транспорттук (автомобильдик) көзөмөлдү маалыматтык камсыздоонун»,
  2. Евразия экономикалык биримдигинин санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумун түзүү максатында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 31-январь №4 тескемеси менен бекитилген Иш-чаралар планына ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 87 чечими менен «ЕАЭБ санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасынын улуттук сервистеринин маалыматтык-коммуникациялык «витринасын» түзүү» долбоору бекитилген.

                                     Жол  фондунун иши жөнүндө маалымат

“Жол фонду жөнүндө” Мыйзамынын, Жол фонду жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин  (28, 34, 341, 106- беренелери) алкагында иштейт.

2023-жылдын 9 айында Байкоочу кеңештин 2 жолку жыйыны өткөрүлдү.

“Жол фонду жөнүндө” Мыйзам менен 16 булак бекитилген, анын ичинде:

1) республикалык бюджеттен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө каралган ассигнованиелер;

2) КММге  акциздик салыктын  элүү пайызынан (50%) кем эмеси;

3)  жол жана транспорт менен байланышкан жыйымдар жана айыптар (каттоо, өткөрүү, таразалоо, жасалма курулмалар боюнча жүрүү);

4) автомототранспорттук каражаттарды каттоо үчүн жыйымдар;

5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жер тилкелеринде жана жол боюндагы  тилкелерде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн алынуучу акы.

Бүгүнкү күндө  16 булактын ичинен 9 булак иштеп жатат, алар 2023-жылга болгон болжолго ылайык дээрлик 3 949,3 млн. сомду түзөт (республикалык бюджеттин ассигнованиесин эсепке албаганда).

2023-жылдын 9 айында Жол фондунун булактарынан түшкөн каражат 3 215,6 млн. сомду түздү, бул 2023-жылга болгон болжолдун жалпы суммасынын 81,4% түзөт. Алардын ичинен:

Мамлекеттик салык кызматы администратор болуп саналган КММга акциз салыгынын 50 %ы 1 234,5 млн. сомду түздү, бул  күтүлгөн 2 400 млн. сомдун 51,4 %ын  түзөт;

КР Ички иштер министрлигине караштуу “Унаа” ММ администратор болуп саналган автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдардан түшкөн каражат, күтүлгөн 1 247,1 млн. сомдун ичинен 1 834,9 млн. сомду түздү. Жылдык божомол 9 айда 147,1 % аткарылган.

Администраторлору жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” МИ болуп саналган жасалма тоннелдер аркылуу өтүүнү кошо алганда жолдорго жана транспортко байланыштуу жыйымдардан жана айыптардан түшкөн каражаттар 139,7 млн сомду түздү.

Администратору Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти болуп саналган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тилкесинде жана жол боюндагы тилкеде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн төлөмдөрдөн 6,5 млн. сом түшкөн.

Иштебеген булактар боюнча келип түшүүлөрдүн жол-жоболорун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 30-сентябрына карата республикалык бюджеттен такталган сметанын алкагында Жол фондуна жалпы суммасы 3 018,4 каражат түшкөн.

Бүгүнкү күндө тапшырыкчылардын жана подряддык уюмдардын түзүлгөн келишимдеринин негизинде 2 958,2 млн сом өлчөмүндө каражат сарпталды, анын ичинде:

  • “КыргызавтожолМИ 2872,2 млн сом суммасында, анын ичинен:
  • 2023-жылга бекитилген Титулдук тизменин алкагында жолдорду оңдоого жана күтүүгө 1 974,4 млн. сом;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
    2023-жылдын 6-мартындагы № 95-т тескемесине ылайык “Кыргызавтожол” МИ жол-куруу адистештирилген техникаларды жана жабдууларды сатып алуууга 897,8 млн сом суммасында каражат бөлүндү. (2023-жылга каралган каражаттардан-1332,0 млн сом);
  • “ӨИБ” ММ 16,9 млн. сом. суммасында;
  • Долбоорлорду экспертизалоого, объекттерди курууга, изилдөө иштерине уруксат берүүчү документтерди алууга 2,9 млн сом суммасында;
  • “КЖТД” ДИИге ДСД иштеп чыгууга 47,4 млн сом;

Калдык каражат 60,2 млн сомду түзөт (адистештирилген техникалар)

                                                                                            Жол тармагы

Жылдын башында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол тармагы боюнча жалпы пайдалануудагы автожолдорду кышкы кармоого өзгөчө көңүл бурулуп, жолдорду кар көчкүлөрдөн, сел жана жер көчкүлөрдөн жана таш кулоолордон тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жолдорду курууга жана кармоого өзгөчө басым жасалып, бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

9-айдын жыйынтыгы менен жол тармагында жалпысынан 501,9 км жолго асфальтобетон төшөлдү, анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 141,1 км, капиталдык салымдардын эсебинен 159,5 км, демөөрчүлөрдүн эсебинен Нарын шаарынын ички жолдору 10,5 км, регионалдык аэропортторду 54 км, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 136,8 км (88,3 км үстүнкү катмар жана 48,54 км төмөнкү катмары) жолго асфальт төшөлдү.

2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жол тармагында жалпысынан 558,7 км жолдордо куруу жана ремонт иштери жүргүзүлдү, анын ичинен:

— Титул боюнча  асфальт бетон – 141,1 км;

— Капиталдык салымдардын негизги объектилери (а/б) -159,5 км;

— Нарын шаарынын жолдору  (а/б) (демөөрчүлөр) – 10,5 км;

— Регионалдык аэропорттордо (а/б) – 54 км;

— Инвестициялык долбоорлор  (а/б) – 136,8 км

— Жол бетин бодурлоо (ШПО) – 37,8 км;

— Шагыл төшөө – 19 км.

 

Мындан сырткары 128,6 миң чарчы метрге ангек-чөнгөктөрдү жамоо иштери бүтүрүлдү. Аткарылган жумуштардын көлөмү былтыркы жылдын 9 айынын денгээлинде жүргүзүлүп жатат.

Акыркы 2 жылда республикалык бюджеттин эсебинен Ата-мекендик куруучулардын күчү менен чоң долбоорлор ишке ашырыла баштады, алардын ичинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 13 км аралыгында асфальттын биринчи катмары басылды, Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автожолунун 0-100 км аралыгын капиталдык оңдоо иштерин аткарууга долбоор даярдалып бүтүп, курулуш иштери 95 км 100 км аралыгында аткарууда, Нарын-Баетов автожолунун 36 км аралыгын оңдоо иштери аткарылууда.

Ошондой эле Нарын шаарынын Ленин жана С.Орозбак көчөлөрүн оңдоо иштери аткарылып 10,5 км асфальт төшөлдү жана Баткен-Кара-Бак-Чоң-Талаа, Төрт-Гүл-Миң-Өрүк автожолдорун асфальттоо боюнча иштер жүрүп 20,2 км асфальт бетон төшөлдү.

Кыргыз Республикасынын ички аэропортторун ишке киргизүү максатында Талас, Жалал-Абад, Кербен, Нарын шаарларынын жана Казарман айылынын аэропортторунун учуу тилкелерин жана перрондорунда асфальт төшөө иштери аяктады.

Быйыл Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоонун алкагында 2,6 чакырым тоннелдин ичине асфальт төшөлүп, жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6 мартындагы № 95-т тескемесинин негизинде 2023-2026-жылдарга жол техникаларын жана жабдыктарын сатып алууга 4 млрд 782 млн сом каражат каралып, быйыл 265 даана техника жана жол куруу жабдуулары республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Мындан сырткары, дагы 453 даана техника 2024-жылы алынышы күтүлүүдө.

    

Инвестициялык долбоорлор

 

           Инвестициялык долбоорлор боюнча 2023-жылдын 9 айында инвестициялык долбоорлор боюнча жалпысынан 150 чакырымдан ашык жолдордун салынышы күтүлүүдө. 9 айдын жыйынтыгы менен 136,8 чакырым асфальт төшөлдү (88,3 км үстүнкү катмар жана 48,54 км төмөнкү катмары).

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлору

“Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу” долбоору, жалпы узундугу — 126 км, Казарман-Жалал-Абад участогу (291-408 км) жана Кызыл-Жылдыз — Арал участогу (183-195 км) жана  1-Фаза, Көк — Арт ашуусу аркылуу узундугу 3,89 км туннелин куруу.

Иштер бүткөрүлдү:

1-участок: “Кызыл-Жылдыз айылы-Арал айылы”, узундугу 12,4 км, 2016-жылы бүткөрүлгөн.

2- участок: “Казарман айылы – Жалал-Абад шаары”, 2021-жылы 291км-332км жана 340км-408км-деги участоктор боюнча негизги иштер бүткөрүлгөн, бардыгы 109 км.

Галерея менен, туннелдин өтмөгү:

Туннелдин үстүнкү бөлүгүндөгү өтмөгү, бардыгы болуп — 3890м. 2023-жылдын  29-августунда  аяктаган:

Туннелдин төмөнкү бөлүгүндөгү өтмөгү, жалпысынан — 3890 м. 2023-жылдын 30-сентябрында аяктаган.

2022-жылдын курулуш сезонуна Подрядчы КЭРден туннель боюнча 272ге жакын адисти мобилизациялаган, ошондой эле, 32 жергиликтүү адис тартылган. Кызматкерлердин жалпы саны  — 304 адамды түздү.

2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер: 323,5 метр туннель өтмөгү аткарылды, анын ичинен: түндүк тараптан өтмөк – 78,7 м, түштүк тараптан өтмөк – 244,8 м.

 “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автомобиль жолун куруу, “БАРЭК  1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдор долбоору” (узундугу 70 км, 89-159 км, Эпкин — Башкууганды участогу).

2023-жылдын январь-сентябрь айларында аткарылган иштер:

  • 25 км а/б ШМА астынкы катмарын жана 13 км үстүнкү катмарын төшөө аткарылды.

Азыркы учурда участокто иштин төмөнкү түрлөрү аткарылууда:

  • 2023-жылдын 17-апрелинде Подрядчы 123-159 км аралыкта а / б жабуунун төмөнкү катмарын төшөө боюнча иштерди баштады. Куйручук, Түгөл-Сай айылдарын кошкондо, 39 км аралыкта а/бнын төмөнкү катмарын төшөө иштери аяктады.
  • 89-123-чакырымдарында жер кыртышын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
  • 128 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн иши аяктады.
  • Түгөл-Сай жана Жумгал айылдарындагы суу түтүктөрүн көчүрүү иштери аяктады.

Ошондой эле, иштеп жаткан электр берүү линияларын жылдыруу боюнча иштер аткарылды.

“БАРЭК 1 жана 3  коридорлорун бириктирүүчү жолдор долбоору- кошумча каржылоо.” (км 0-43км, Балыкчы-БНТ;  62км-89км, Кочкор-Эпкин).

Иштин жүрүшү:  68,7 км астынкы катмары

1-Лот.

  • 42,7км асфальтбетон катмарынын төмөнкү катмары (0-43 км) төшөлдү.
  • ШМА катмарын төшөө 30,5 км (0-43 км) аралыгында аяктады.
  • Жер тилкеси 42,9 км аралыкта даярдалган.
  • 63 даана түтүгү бүткөрүлдү

2-Лот:

  • 27 км асфальтбетон катмарынын төмөнкү катмары (62-89 км) төшөлдү.
  • 9 км (62-89 км) бою ШМА катмары төшөлдү.
  • Жер кыртышы 27.1 км аралыкта даярдалган.
  • 45 даана түтүктөр орнотулуп бүттү.

Азыркы учурда участокто иштин төмөнкү түрлөрү аткарылууда:

Балыкчы-Кочкор участогу,1-Лот “Сапожпок” тосмолорун куруу иштери жүрүп жатат. 30-мартта асфальтбетондун (ШМА) үстүнкү катмарын төшөө иштери башталды.

Кочкор-Эпкин участогу, 2-Лот  65 чакырымга көпүрөнүн курулушу аяктады. 27-мартта асфальтбетондун төмөнкү катмарын төшөө иштери башталды. Ошондой эле, тротуарларды куруу иштери башталды.

2023-жылы аткарылды:

          1-Лот:    10 км астынкы катмары; 30 км үстүнкү катмары  ШМА:       2-Лот:      6 км астынкы катмары; 19 км үстүнкү катмары ШМА;

Бишкек-Ош автожолунун “БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу боюнча долбоору”, 4-Фаза, узундугу 45,1 км (15,9 км -61 км).

Учурда, участокто бардык иштер бүткөрүлдү. Долбоордук автожол КРнын ТжКМнин балансына өткөрүүгө даярдалды.

“Бишкек – Кара-Балта автожолунун  7,4 км  узундуктагы,              8,5 — 15,9 км участогун реконструкциялоо”

Учурда, участокто бардык курулуш иштери аяктады. Подрядчы долбоордук участок боюнча кемчиликтер үчүн жоопкерчилик мезгилинде турат.

“Бишкек-Ош  автожолун реконструкциялоо” долбоору, 4- Фаза, Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки участок, узундугу 67 км (507,5 – 574,5 км).

2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер:

  • жасалма курулуштарды куруу — 7 түтүк;
  • асфальт-бетондун үстүнкү катмарын төшөө — 41,97 км;
  • асфальтбетон катмарынын төмөнкү катмарын төшөө — 2,36 км;

Бүгүнкү күндө долбоор боюнча иштердин негизги көлөмү аяктады жана долбоордук участок кемчиликтер үчүн Подрядчынын жоопкерчилигинде турат.

Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлору

 Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору, узундугу 24 км, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза

2023-жылдын 9-айында аткарылган жумуштар:

Подрядчы долбоор участогунда жолду обустройство боюнча төмөнкүдөй иштерди аткарды: жол белгилерин орнотуу, жол сызмаларын (вертикалдуу жана горизонталдуу) түшүрүү иштери, калктуу пункттарга жарыктандыруу иштерин жүргүзүү, 2022-2023 жылдын кыш мезгилинен кийин аныкталган кемчиликтерди жоюу жумуштары аткарылды тактап айтканда, асфальтобетон төшөлмөлөрүндө жаракалар жоюулду, тротуарлар оңдолду, карьерлерди жана таштанды төгүүчү жерлерди рекультивациялоо иштери аткарылды, жолдун откосторун жана кюветтерин тазалоо иштери аткарылды. Келишимде каралган бардык курулуш иштери жана кошумча курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Долбоордогу бааны оңдоо боюнча жумуш берүүчү менен подрядчынын ортосунда талаш бар жана Подрядчы бул көйгөйдү Келишимдин шарттарына ылайык Талаштарды чечүү кеңешинде кароого сунуш берген жана Келишимдин шарттарына ылайык иш алып барылууда.

            Ысык-Кол айланпасы автожолунун 104-184.5 чакырымына Корумду айылдан Балбай Баатыр айылга чейин реконструкциялоо долбоору, узундугу 80,5 км

       2023-жылдын 9-айында аткарылган жумуштар:

2023-жылдын 16-февралында тендердин катышуучуларынын тендердик сунуштары ачылган.

Консультант тарабынан курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Подрядчыны тандоо боюнча подрядчылардын сунуштарына баа берүү отчету даярдалып, 2023 жылдын 30 мартында донорлорго (Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду) жиберилген.

2023-жылдын 18-апрелинде подрядчы компаниялардын сунуштарын баалоо отчетун КАЭӨФун жактыруусу алынган.

2023-жылдын 10-октябрында подрядчы компаниялардын сунуштарын баалоо отчетун ИӨБнын жактыруусу алынган.

2023-жылдын 16-октябрында подрядчы компаниялардын сунуштарын баалоо отчетун СӨФ жана ОПЕК фондунун жактыруулары алынды.

2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бардык подрядчыларга келишим түзүү ниети тууралуу билдирүү жөнөтүлдү.

Учурда донорлордун жактыруусуна жөнөтүү үчүн Подрядчы менен түзүлө турган келишимдин долбоору даярдалууда.

2023-жылдын декабрь айында келишимге кол коюу пландалууда.

Андан тышкары айлана-чөйрөнү жана социалдык башкаруунун алдын ала планы (АЧСБП) иштелип чыккан. Акыркы (толук) АЧСБП башкы подрядчы тарабынан иштелип чыгат. Көчүрүү боюнча иш-чаралардын планын (КБИЧП) иштеп чыгуу максатында Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондору боюнча жер-кадастрдык маалыматтарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлдү.

Азыркы этапта КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жол куруучу компанияны жалдоо боюнча иш алып барууда.

Кыймылсыз мүлктү (жеке, мамлекеттик) идентификациялоо жана алардын болжолдуу наркын аныктоо боюнча бардык иштер аяктагандан кийин Башкы подрядчы КБИЧПты иштеп чыгат. КБИЧП бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылууга тийиш, андан кийин компенсация төлөө үчүн долбоордон жабыр тарткан ар бир адам менен келишим түзүлөт.

            «Суусамыр-Талас-Таразавтожолун реконструкциялоо, Фаза IV», 104,6-197,6 км, узундугу 93 км» долбоору.

2023-жылдын 9-айында аткарылган жумуштар:

Кредиттик макулдашуулардын долбоорлору жана техникалык гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар министрликтер жана ведомстволор тарабынан жактырылды.

Кредиттик макулдашуунун долбоорлору жана техникалык гранттык жардамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жана Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылды.

2023-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 175-т тескемеси чыккан.

2023-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууга жана Техникалык гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

2023-жылдын 3-июлунда “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кредиттик макулдашууга жана Техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууга корутундусун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 392-т тескемеси чыгып, материалдар КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасы менен ИӨБ ортосундагы Кредиттик макулдашууга жана техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алууга киргизилди.

2023-жылдын 11-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 12-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 9-октябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

2022-жылдын 15-декабрында ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкаруучулар кеңеши долбоорду жактырган.

Кредиттик макулдашуунун долбоору министрликтер жана ведомстволор тарабынан жактырылды.

2023-жылдын 3-июлунда “КР менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуусуна корутундусун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 407-т тескемеси чыгып, материалдар КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик макулдашууга макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алууга киргизилди.

2023-жылдын 11-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 12-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 9-октябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

            Сауд өнүктүрүү фонду боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

2023-жылдын февралында Сауд өнүктүрүү фондунун директорлор кеңеши бул долбоорду жактырган.

Кредиттик макулдашуунун долбоору министрликтер жана ведомстволор тарабынан жактырылды.

2023-жылдын 3-июлунда “КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуусуна корутундусун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 393-т тескемеси чыгып, материалдар КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы Кредиттик макулдашууга макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алууга киргизилди.

2023-жылдын 11-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 12-сентябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

2023-жылдын 9-октябрында бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тарабынан каралып, колдоого алынган.

Учурда жогорудагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо процедуралары жүрүп жатат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлору

“Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун 3-фазасы”  долбоору (РКЖД БА-3), жалпы узундугу 52 км, 1-Лот Түп-Кеген автожолунун участогу  (км 39-76)  жана 2-Лот Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолунун участогу  (км 0-13); Авиациялык коопсуздукту  жана тейлөөнү камсыздоо; Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү

2023-жылдын январь –октябрь айларында аткарылган  иштер:

Лот 1 жана Лот 2 боюнча  жалпысынан 27  км  жер казуу иштери аяктады;

— Жолдун  эки тарабына 10 км асфальтобетон менен төмөнкү жана 2 км  үстүнкү катмарлары  төшөлдү.

— 1-Лот боюнча 65 суу түтүктөрүнүн ичинен 47 суу түтүктөрү боюнча жумуштар аткарылды, 16  суу түтүктөрүндө жумуштар аткарылып жатат. Жалпы 10 көпүрөнүн ичинен 2 бүттү жана 1 кичи көпүрөлөрүндө  жумуштар жүрүп жатат (квадрат түтүкчөлөр 6м х 3м). Лот – 2 боюнча  22 суу түтүктөрүнүн ичинен  бардык суу түтүкчөлөрү бүткөрүлдү.

01-ноябрына  карата участоктогу жумуштардын физикалык түрдө бүткөрүү консультанттын маалыматы боюнча 29,5 % түзөт.

“Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору”,  1 -компонент  — узундугу 47 км, Ош-Баткен-Исфана  автожолунун участогун реабилитациялоо  (км 28-75) и 2 — компонент  — Табигый кырсыктардын алдын алуу- 400 чакырымда  тоннелди куруу (742 м),  409 чакырымда таш кулагандан коргоочу курулушту куруу (15 000м2),  451 чакырымда жер көчкүгө каршы таяныч дубал куруу (66 темир свай).

2023-жылдын январь – октябрь айларында  аткарылган жумуштар:

1-Компонент боюнча (жол куруу): Азыркы учурда Консультант менен ИИ КЖТД  ОБИ участогун реабилитациялоо боюнча долбоордук сметалык документти толуктап, иштеп жатышат.  Долбоордук сметалык документ толук бүткөрүлгөндөн кийин, тендердик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, тендер жарыяланат.

2-Компонент боюнча (тоннелди куруу): 2023-жылдын 30-сентябрында туннелди куруу үчүн Башкы подрядчыны тандоо боюнча тендер Жапон массалык маалыматтар каражаттарында жарыяланган (тендерлер Жапон  жана STEP шарттарына ылайык 3 айда өткөрүлөт).

Мындан сырткары, Бишкек – Кара-Балта жолу толугу менен бүттү, Бишкек – Ош автожолунун 246 чакырымындагы көчкүгө каршы галерея курулуп бүттүп жана пайдаланууга берилди.

Талас-Тараз” жолундагы Урмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо жана башка долбоорлордо иштер кызуу улантылып жатат.   Долбоор боюнча жалпы жумуштардын аткарылышы 77,45% түздү. Учурда долбоор үчүн жалпысынан 4 карьер колдонулуп жатат.

 

Өндүрүштүк-инновациялык борбор

Өндүрүштүк-инновациялык борбор. 2023-жылдын башынан тартып РАФТОН консультаттык компания менен түзүлгөн келишимге ылайык СУДА долбоордун 2-фазасынын алкагында узундугу 9000,0 км катуу катмары жок жолдордун участокторунда маалыматтарды чогултуу жөнүндө «ТРАССА» атайын көчмө лабораториясынын жардамы менен 6001, 349 км катуу катмары жок жолдор боюнча маалыматтарды чогултуу иштери жүргүзүлгөн ошол эле жолдорго бүгүнкү күндө камералдык иштери аткарылып жатат.

РАФТОН консультаттык компания менен түзүлгөн келишим боюнча беш атайын микротолкундуу (радардык) эсептегичтин (SDR traffic, Германия өндүрүшү) жардамы менен СУДА долбоорунун 2-фазасынын алкагында ӨИБ тарабынан Кыргыз Республикасы боюнча автотранспорт каражаттарынын 9 классификациясы кыймылдын интенсивдүүлүгүн эсептөө иштери жүргүзүлүүдө жалпысынан келишим боюнча 231 точкада эсептөө жумушу бүттү.

2023-жылдын тогуздун айынан тартып РАФТОН консультаттык компания менен түзүлгөн келишимге ылайык СУДА долбоордун 2-фазасынын алкагында узундугу 2500 км катуу катмардуу жолдордун участокторунда маалыматтарды чогултуу жөнүндө «ТРАССА» атайын көчмө лабораториясынын жардамы менен бүгүнкү күнгө 1500 км катуу катмардуу жолдордун маалыматтары топтолду, планга ылайык бештин айынын онуна чейин толук 2500 км аткарылып бүтүрүүсү күтүлүүдө.

2023-жылдын 9 айында мамлекеттик капиталдык салым объектилери боюнча 28,2 млн.сом каражатка аткарылган бул каражаттарга узундугу 44 объектиде 209,43 км долбоордук-сметалык документтер иштелип чыккан. Ал эми жолдорду жана жол курулмаларын оңдоонун титулдук тизмесинин объектилери боюнча бардыгы 12,3 млн.сом аткарылып 69 объектте 196,55 км узундуктагы долбоордук-сметалык документтер иштелип чыкты. Баардыгы 2023-жылдын 9 айында долбоорлоо-изилдөө иштери боюнча 405,98 км иштер аткарылды 40,5 млн. сом.

ӨИБ Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын чечимине ылайык, жол белгилерин чыгаруу үчүн жабдыктар жана жарым автоматтык жибек графикалык станоктор сатылып алынган. 2023-жылдын 1-апрель айынан баштап жол белгилерин чыгарып 10 жылдык кепилдик мөөнөтү менен берилип жатат. Буга чейин жол уюмдары мындай белгилерди 4000 сомдон сатып алышкан болсо, азыркы учурда 3000 сомдон сатып алууда.

2023-жылдын март айынан баштап ӨИБ жол куруу боюнча көзөмөл жана сапат лабораториясы ишке киргизилди. Азыркы учурда инженердик жана геологиялык материалдарды сыноо үчүн япон лабораториясын өткөрүп бергенден кийин 2023-жылдын март айынан тартып ӨИБ лабораторияны толуктап (биздин эсептик уюмдун чарбалык иши үчүн пайдалуу эмес) жана КР аккредитациялоого өтүмө берүү процесси жүрүп жатат.

Мындан тышкары программалык камсыздоону коштоо, СУДА долбоору боюнча системалуу иштер жана ТКМ борбордук серверлерин тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

Автомобиль жана темиржол  транспорту

2023-жылдын 9 айында лицензия жана  уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн  жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана  зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 71330,3 миң сом түшкөн  салыштырмалуу 2022-жылдын  9 айында 35437,0  миң сом түзгөн.

2023-жылдын 9 айында Транспорт департаментинин транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана жөнгө салуу бөлүмү тарабынан 13982 бирдик лицензия  берилген, лицензиялык төлөмдөрдүн суммасы 10551500 сомду түздү (2022-жылдын 9 айында 12385 бирдик 8391500  сом суммасында берилген), алардын ичинен:

— жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 2085 даана (2022-жылдын 9 айында -6925 даана);

— эл аралык жүк ташуу үчүн 11739  даана (2022-жылдын 9 айында -5213 бирдик);

— юридикалык жактардын иши боюнча 158  бирдик (2022-жылдын 9 айында 247 бирдик).

Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча

Республика боюнча 1837 калктуу конуш бар, анын ичинен 1668 калктуу конуш автобустук каттам менен камсыз болгон, камсыз болуу 90,8% түзөт.  2023-жылдын октябрь айына карата 1015 автобустук каттам бар ( мамлекеттик аралык, шаарлар аралык, шаар четиндеги, шаардык автобустук жана тролейбустук Бишкек жана Ош шаардык.

2023-жылдын 9-айында 12 жаңы каттам ачылган: анын ичинен Бишкек шаарында -4, Ош облусунда- 2, Ысык-Көл облусунда -1, Жалал-Абад облусунда- 2,  Чүй облусунда – 2 жана Баткен облусунда – 1.

Эл аралык жүк  ташууларды уюштуруу  боюнча аткарылган иштер

2023-жылдын 9 айында 15871738 сомго эл аралык автомобиль ташууларына 71537 уруксат кагаздары  берилип, алар толугу менен республикалык бюджетке чегерилген.    2022-жылдын ушул мезгилине карата 6774500 сомго 244630 уруксат кагаздары берилген.

2023-жылдын 9 айында кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 163756 каттам аткарылып, 2761058  тонна жүк ташылган. 2022-жылдын ушул мезгилине карата кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 150174 каттам аткарылып, 2212849 тонна  жүк ташылган.

2023-жылга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде 67495 даанага уруксат кагаздары алынды.

Алардын 26855 даанасы  макулдашуулардын негизинде белгиленген квотанын негизинде болсо, 40640 даанасы сүйлөшүүлөрдүн негизинде квотадан сырткары кошумча түрдө алынган. Мындан сырткары, Кытай Элдик Республикасынын транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2020-жылда алмашылып колдонулбай калган 23639 даана уруксат кагаздардын жарактуу мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартуу макулдашылып, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

2023-жылдын 9 айында  транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн жана рейддик иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында 2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу тартип бузуулар 3 эседен ашык же 324%-ке көп катталган. Катталган тартип бузуулар боюнча протоколдор 3 эседен ашык  (328%) көп түзүлүп,  айып пул 27,86 млн.сомго же 382%-ке көп салынган. Транспорт каражаттарын салмак-габариттик контролду жүргүзүүнүн жыйынтыгында КР Укук бузуулар кодексинин 181-беренеси боюнча айып пул 22, 770 млн.сомго салынган,   жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жыйым 463%-ке көп салынган. Жалпысынан транспорттук көзөмөлдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында   2023-жылдын 9 айында бюджетке 44,90 млн.сом чегерилип,  2022-жылдын 9 айына салыштырмалуу 2,2 эсе же 221%-ке көп бюджетке түшкөн.

Эл аралык жүк ташууларга да транспорттук көзөмөл чек арадагы өткөрмө пункттарда  күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, чет өлкөлүк автоунаалардын кыргызстанга кирип-чыгуулары тыкыр текшерүүлөргө алынды.  Чет өлкөлүк автоунааларды текшерүүдө эл аралык жүк ташуулардын тартиптерин бузгандыгы үчүн (уруксат кагазы жок  киргендиги үчүн) Кодекстин 200-беренеси боюнча 2023-жылдын 9 айында 303 протокол чет элдик ташуучуга түзүлүп, 2,99 млн. сомго айып пул салынган (2022-ж 9 айда – 93 протокол, 1 250 500 сом), алардын уруксат кагазы жок киргени токтотулууда, өзгөчө Казакстандын автоунааларынын үчүнчү мамлекеттерден уруксатсыз жүк ташып кирүүсү кыргыз-казак чек арасында токтотууга туура келди.

Ошондой эле кыргыз автоташуучулар тарабынан уруксат кагаздарын колдонуу боюнча Өкмөттүн 2022-жылдын 20-майдагы №259 токтом менен бекитилген тартибин аткаруу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, бул тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн жүк ташуучуларга 72 протокол түзүлүп, 953 миң сомго айып пул салынган,  берилген уруксат кагаздары боюнча өз убагында отчет берип туруу жана кемчиликтерди жоюу боюнча 303 жүк ташуучу фирмаларга  эскертме (предписание) берилген.

Транспорттук көзөмөл жургүзүү боюнча “Кара-Кече – Дыйкан” автожолундагы “Турускул” транспорт козөмөлдөө посту Альтернативдик “Түндүк-Түштүк” автожолуна жайгаштырылып Тараза жабдууларын орнотуу, электр жана интернет байланыш менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп,   пайдаланууга берилди. “Турускул” ТКПту   “Дыйкан” деген аталышка өзгөртүлдү.

Ошондой эле, “Ат-Башы” ТКП-нун тараза жабдууларын жаңы жерге орнотуу жана электр жана интернет байланыш менен камсыздоо  иштери жүргүзүлүп, 2023 жылдын 3 июлунан баштап толук кандуу ишке  киргизилди.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы  А. У. Жапаровдун 2022-жылдын 17-19-мартында Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн иш-чаралар Планы боюнча жаңы “Кербен” ТКП куруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Тараза жабдуулары сатып алынып орнотулуп, ишке киргизилди. Учурда көйгөйлү маселе болуп штаттык бирдиктердин жоктугу болуп эсептелет.

“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз автобекети” Мамлекеттик ишканасынын курамына 7 автовокзал, 8 автостанция жана 13 автокасса кире, алар: Башкы ишкана, Жалал-Абад автовокзалы филиалы, Ош автовокзалы филиалы, Нарын автовокзалы филиалы, Ысык-Көл автовокзалы филиалы, Талас автовокзалы филиалы, Чыгыш автовокзалы филиалы. Чыгыш автовокзалы филиалы азыркы учурда мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча иш алып барууда.

“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат көрсөтүү болуп саналат жана ошого жараша ишкананын негизги кирешеси эл аралык, шаарлар аралык жана шаар четиндеги багыттардагы жүргүнчүлөрдүн агымына жараша болот.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы иштин натыйжасында 75947,6 миң сом киреше алынды, 2022-жылдын ушул мезгилине жалпысынан 69431,0 миң сом түшкөн. Ошентип, өткөн жылга салыштырмалуу 9 айдын ичинде киреше бөлүгү  9,4%га өстү.

2023 -жылдын 9 айдагы иштин жыйынтыгы боюнча чыгымдар 59520,3 миң сомду түздү. 2022-жылдын ушул  мезгилинде чыгымдар 53367,5 миң сомду түзгөн.

Ошентип, 9 айдын ичинде иш жүзүндө 16427,3 миң сом суммасында баланстык киреше алынды. Өткөн жылга салыштырмалуу 2,3%га өстү. 2022-жылдын ушул  мезгилинде баланстык киреше 16063,5 миң сом алынган.

Жалпысынан Ишкананын киреше жана пайда бөлүгүнүн өсүшүнө эл аралык каттамдар жана жүргүнчүлөрдүн туристтик агымы таасирин тийгизди.

2023 -жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча,  каттамдардын саны  355,4  миңди түзсө, жөнөтүлгөн жүргүнчүлөрдүн саны  3433,5 миң адам. Ал эми 2022-жылдын ушул мезгилине карата 347,5 миң рейс жана 3329,1 миң жүргүнчү жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы жүргүнчүлөргө жана ташуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча ишкананын кирешелүү бөлүгүн жогорулатуу максатында өндүрүш процессинин уюштурулушун талдап жана координациялап жатат.

Өндүрүштөгү жетишкендиктер/ийгиликтер

— 2023 — жылдын 9 айындагы иштин натыйжасында 16427300 сом баланстык киреше алынып, планга салыштырмалуу 9 айдын ичинде   45,4%га өстү.

— 2022 –жылдын жыйынтыгы менен “Кыргыз автобекети” МИсынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30% чейин көтөрүлдү;

— Улуттук банктын талаптарын аткаруу максатта “Кыргыз автобекети” МИсынын кызматкерлерине айлык маяна “Элкарт” накталай эмес карточкалары аркылуу төлөнүп башталды;

— “Кыргыз автобекети” МИсынын Батыш автобекетинин ички аймагынын 4600 чарчы метр бөлүгүнө майдаланган (фрезерованный)  асфальт төшөлдү жана автобекеттин имаратынын  биринчи кабатынын өткөрмөгүнүнүн 200 чарчы метр шыбына заманбап темир сайдинг орнотулду. Ошондой эле, автобекеттин  имаратынын күтүү залы, короо шыпыруучулар, пол жуугучтар бөлмөлөрү жана  жүктөрдү сактоо бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, имараттын чатырында орнотулган эмблемалар жана көлөмдүү тамгалар менен  жазылган “АВТОВОКЗАЛ” жазуусу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

— 2023 — жылдын 9 айындагы иштин натыйжасында Бишкек (КР) — Кашкар(КНР) эл аралык каттамы жандандырылды;

— 2023-жылдын 9 ай аралыгында өздүк каражаттын эсебинен Ысык – Көл областынын Жети — Өгүз районунун Кызыл-Суу автокассасынын  1625 м2 түзгөн автобустар токтоочу аймагына асфальт төшөлдү (реконструкция жүрдү). Реконструкция иштердин наркы 2 млн. 460 мин 191 сомду түздү. Ошондой эле, Түп автокассасын аймагын жана имаратын одоп-түзөө иштери бүткөрүлдү;

— “Чыгыш автобекети” филиалынын 2500 м2 аймагын асфальтоо иштери бүткөрүлдү; ошону бирге филиалдын аймагына тротуар плиталар орнотуу менен бирге имаратынын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө жана сырдоо жүргүзүлдү;

— “Талас автовокзалы” филиалынын Покровка автостанциясынын имаратында  оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү. Ошондой эле, Кара-Буура автостанциясынын аймагынын чекебелине 32 метр темир тосмолор орнотулду;

— “Нарын автовокзалы” филиалынын Ак-Талаа автостанциясынын имаратына оңдоп-түзөө жүргүзүлдү;

— “Кыргыз автобекети” МИсы башка кызыкдар мамлекттик органдар менен, тагыраагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте, жолдун жээгинде иретсиз турган мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксистерди иретке келтирүү үчүн автобекеттердин аймагына киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания»

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында 2023-жылдын 9 айдын ичинде 6 481,5 миң тонна жүк ташылды 113,7 %га көп, өсүш 2022-жылдын тийиштүү мезгилине карата 780,4 миң тоннаны түздү (2022-жылдын 9 айында – 5 701,1миң тонна).    

Өсүш 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттун 109,9% га (анын ичинде  көмүрдүн 122,1% га, мунай заттарынын 109,0 %га,  жыгач жүктөрүнүн 147,3 %га, цементтин 137,3% га көбөйүшүнүн, экспорттун 146,7% га (анын ичинде көмүрдүн 203,2 % га) көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалган.

Ошол эле учурда,  2023-жылдын отчёттук мезгилинде  жүк жүгүртүү  758,1  млн тонна/км же 2022-жылдын отчётуна карата 103,1% ды түздү (2022-жылдын 9 айында – 735,4 млн тонна км).

Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири калктын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыгын камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргыз темир жолу тарабынан 2023-жылдын  9 айында 194 190 жүргүнчү ташылды, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 11 839 жүргүнчү жана республикалык ички ташууларда 182 351 жүргүнчү ташылды  (2022-жылдын 9 айында  206 812 жүргүнчү ташылган , анын ичинде эл аралык каттам боюнча 9 629 жүргүнчү жана республикалык ички ташууларда 197 183 жүргүнчү).

         Финансылык көрсөткүчтөр

«КТЖ» УК» МИнин ишмердүүлүгүнүн  негизги көрсөткүчтөрүнүн бири Компаниянын каржылык-экономикалык туруктуулугун сактоо болуп саналат.

 

2023-жылдын 9 айында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, «КТЖ» УК” МИнин баланстык кирешеси 1678 168 миң сомду түздү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 541 488 миң сомго көп же 147,6 %га  өсүш (2022-жылдын тийиштүү мезгили –1 136 680 миң сом).

Республикалык бюджетке 2023-жылдын отчеттук мезгилинде 515 703 миң сом суммасында салык төгүлдү , бул 2022-жылдын деңгээлинен 101 497 миң сомго көп (2022-жылдын 9 айында 414 206 миң сом).

Социалдык фондго 2023-жылдын отчеттук мезгили боюнча  390 490 миң сом төгүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 19 573 миң сомго көп (2022-жылдын 9 айында –370 917 миң сом).

Темир жол техникасынын паркын калыбына келтирүү жана оңдоо, темир жолдорду күтүүнү жана оңдоону, инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылуу

Жол чарбасы боюнча (анын ичинде жолдун түштүк тармагы)  2023-жылдын отчеттук мезгилине темир жолдорду (путь) оңдоо  9,788 км түздү (2022-жылдын тийиштүү мезгилине 13,169 км түзгөн).

Вагондук чарба боюнча 2023-жылдын отчеттук мезгилине карата капиталдык оңдоодон 21 даана вагондор, анын ичинен: 17 даана жүргүнчү вагону (2022-жылдын тиешелүү мезгилинде 8 даана) жана 4 жүк вагону (2022-жылдын тийиштүү мезгилинде оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес) капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Деполук оңдоодон 157 даана вагондор, анын ичинен: 15 даана жүргүнчү  вагондору (2022- жылдын тийиштүү мезгилинде 9 даана) жана 142 даана жүк ташуучу вагондор (2022-жылдын тийиштүү мезгилине – 176 даана)  өткөн.

Локомотив чарбасы боюнча (жолдун түштүк тармагын кошкондо) 2023-жылдын отчеттук мезгилине депонун шартында 130,566 шарттуу тепловоздор оңдолгон (2022-жылдын ушул эле мезгилинде 146,164 шарттуу бирдик).

Өндүрүштөгү жетишкендиктер/ийгиликтер

  1. Ташуу ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана фискалдаштыруунун алкагында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына электрондук эсеп-фактуралар жана онлайн кассалык аппараттар киргизилди.
  2. 2023-жылдын апрель айында немис туристтик компаниясынын өтүнүчү боюнча туристтик поезд Жибек Жолу маршруту боюнча Алматы – Бишкек – Рыбачье – Ташкент – Самарканд – Худжанд – Бухара – Ташкент багыты боюнча жүрдү багыты боюнча Американын жана Европанын экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүнөн келген туристтер менен сапар тартты.
  3. Туризмди өнүктүрүү жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы ыңгайлуулугун жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын демилгеси менен 2022-жылы ишке киргизилген Люкс вагон жүргүнчүлөр тарабынан чоң суроо-талапка ээ болгонуна байланыштуу, 2023-жылдын 21-июлунан баштап Бишкек-Рыбачье багытындагы каттам боюнча “VIP” категориясында жүргүнчүлөрдү ташуучу вагон ишке киргизилген.

“КТЖ” УК” мамлекеттик ишканасынын 2023-жылы Бишкек – Рыбачье каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешеси  (2 Люкс жана VIP вагондорду кошкондо)  7,3 миллион сомду түздү. Өсүш 2022-жылга салыштырмалуу 5,0 млн. сомго көп. ( 2022-жылы түшкөн киреше 2,3 миллион сомду түзгөн.

4.«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023 –жылдын 1-августунан тарта «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин маяналары  жана сааттык тарифтик чени 15 %га жогорулады.

Эмгек акынын 15%га көтөрүүнүн жыйынтыгында   «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана камсыздоо маселеси чечилди.

  1. «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жүк ташуу тарифтери 2023-жылдын сентябрынан тартып 10 пайызга жогорулатылды.

Белгилей кетсек, акыркы жети жылдын ичинде 2017-жылдын 2-мартынан 2023-жылдын 8-сентябрына чейинки Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен Тарифтик колдонмодо белгиленген тарифтик ставкалар өзгөргөн эмес.

Натыйжада, жүк ташуу тарифтеринин жогорулашы “КТЖ” УК” МИнин жүк ташуудан түшкөн кирешелеринин кошумча орто эсеп менен 635,0 млн сомго көбөйүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жүк ташуу тарифтерин 10 пайызга көтөрүү маселесинин оң чечилиши Кыргыз темир жолу тарабынан республикалык бюджетке салык төлөмдөрүнүн жана социалдык төлөмдөрдүн өсүшүнө да өбөлгө түзөт.

  1. Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдады. Быйыл каржылоо модели боюнча маселени иштеп чыккандан кийин темир жолдун курулушун баштоо боюнча конкреттүү чараларды баштоо пландаштырылууда.
  2. Балыкчы-Кочкор участогуна темир жол куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн учурда мамлекеттик ишкананын эсебинен темир жолдун жаңы участогун куруу иштери жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын аягында 5,15 чакырым жолдун төшөгү курулуп, 5 чакырым жолдун үстүнкү конструкциясын төшөө иштери аяктаган. 2023-жылы болжол менен 10-15 чакырым темир жол куруу пландалууда.

Бүгүнкү күндө (2023-жылдын 10 айы) 11 км жолдун төшөгү түзүлүп, учурда суу өткөргүчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин 15 километрге чейин темир жол линиясын түзүү пландаштырылууда.

  1. Балыкчы-Тамчы темир жолун куруу долбоору боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн баага мониторинг жүргүзүү иштери жүргүзүлдү. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн техникалык спецификация даярдалды. Учурда каржылоо маселеси каралууда.
  2. “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы, “Россиялык экспорт борбору” ААК жана “РЖД-Интернейшнл” ЖЧКсынын ортосунда Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жол линиясы куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну иштеп чыгуу маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Учурда Өкмөттөр аралык макулдашуу маселеси, ошондой эле өз ара аракеттенүү механизмдери, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал темир жолун долбоорлоо жана куруу маселелери талкууланууда.

  1. Бөлүнгөн 11 млн евро өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттардын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы баасы 12,0 млн еврого бааланган, анын ичинен 11,0 млн евро. ЕРӨБ тарабынан, ал эми 1,0 млн евро «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттары тарабынан каржыланат.
  2. Түрксиб (Луговая) – Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоору (грант 2 млн. доллар).

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен «Түрксиб (Луговая) – Балыкчы темир жолун электрлештирүү» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу маселеси талкууланган. Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) гранттык каражаттарын тартуу боюнча долбоордук табыштаманы даярдап, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана Маданият министрлигине бул долбоор үчүн долбоордук документтерди жөнөттү.

  1. 3770-чакырымында кайтарылбаган өтмөктү автоматтык шлагбаумдары бар өтмөккө айландыруу иштери жүргүзүлдү;
  2. РЗД 148 – Коямат-Күркөл 3918-3919-чакырымдарында сел зонасында үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо иштери жүргүзүлдү.
  3. Эркиндик бульварында жайгашкан Бишкек-2 станциясынын борбордук станциясынын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошол эле учурда Кара-Балта, Шопоково, Бишкек-1, Беловодская, Кайыңды, Кант, Ивановка, Быстровка, Токмак, Рыбачье, Кызыл-Кыя станцияларында белгиленген тартипте оңдоо иштери жүргүзүлдү.

  1. Контейнердик ташууларды өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында темир жол менен жүк ташуу географиясынын иштешин кеңейтүү үчүн эл аралык алты тараптуу мультимодалдык маршрут боюнча ташуу үчүн жеңилдетилген тариф белгиленген.
  2. Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда келечектеги жүк агымын изилдөө боюнча иштер жүргүзүлдү.

КР ТжКМ 2023-жылдын IV–кварталына коюлган милдеттер

2023 –жылдын 4-кварталына  КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бардык тармактары боюнча 2023-жылга өлкөнүн Жетекчилиги  жана КР Министрлер Кабинети койгон  максаттарга жетүү жана милденттенмелерди аткаруу боюнча иштер улантылат.

Жол тармагы боюнча

Утурумдук оңдоо иштеринен асфальт жабуусуна 204,4 км каралып, бүгүнкү күндө 141,1 км асфальт жабуусу төшөлдү, калган 63,3 км жана жолдорду бодурлоо (ШПО) төшөө иштерине 60,8 км каралып , бүгүнкү күнгө 37,8 км ШПО төшөлдү, калган 23 км автомобиль жолунда курулуш иштери жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Шагыл катмарын төшөө иштерине 92,5 км каралып, бүгүнкү күндө 19 км шагыл катмары төшөлдү, калган 73,5 км автомобиль жолунда курулуш иштери жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Инвестициялык долбоорлордун эсебинен:

  • Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору, узундугу 24 км, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фазасы боюнча:
  • Кемчиликтерди жокко чыгаруу мөөнөтү аяктагандан кийин долбоордук участокту эксплуатацияга өткөрүп берүү.
  • Ысык-Кол айланпасы автожолунун 104-184.5 чакырымына Корумду айылдан Балбай Баатыр айылга чейин реконструкциялоо долбоору, узундугу 80,5 км боюнча:
  • подрядчы менен келишим түзүү;
  • Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо долбооруна ылайык, 4-фаза, 104,6-197,6 км участогу боюнча:
  • Кредиттик макулдашууларды ратификациялоонун мамлекеттик ички жол-жоболорун аяктоо;
  • подрядчыны квалификацияга чейинки тандоо жол-жоболорун баштоо;
  • консалтингдик компанияны тандоо жол-жоболорун улантуу.

-«Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожолу долбоору”’ 1-Фаза, узундугу 126 км, Казарман-Жалал-Абад участогу жана Көк-Арт ашуусу аркылуу туннелдин курулушу- туннелди жабдууну жана бетондоону улантуу;

— “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автомобиль жолун куруу, “БАРЭК 1 жана 3 транспорттук коридорлорунун ортосундагы 69,7 км узундуктагы бириктирүүчү жолдор долбоору”, Эпкин-Башкууганды участогу- 5 км асфальтбетон катмарын төшөө;

-“Түндүк-Түштүк” альтернативдик автомобиль жолун куруу, “БАРЭК  1 жана 3 транспорттук коридорлорунун ортосундагы 70 км узундуктагы бириктирүүчү жолдор долбоору”, Балыкчы-Кочкор-Эпкин участогу-10 км асфальтбетон катмарынын үстүнкү катмарын төшөө;

-“БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу  боюнча долбоору”,  Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза, узундугу 7,4 км, Бишкек-Кара-Балта участогу- Участоктун дефекттик күтүүсүн улантуу;

-“Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору”, 4-Фаза, узундугу 67 км, Маданият — Жалал-Абад участогу- участоктун дефекттик күтүүсүн улантуу жана калган экинчи даражадагы жумуштар боюнча ишти улантуу

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору

-«Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланма жолун куруу» МЖӨ долбоору боюнча ТЭН бекитүү жана кабыл алуу жана конкурстук жол-жоболорду баштоо;

  • ТБ, ЖЖСТД менен биргеликте уруксат берүү документтерин алуу үчүн арыздарды иштеп чыгуу боюнча функцияларды ишке киргизүү менен «Электрондук транспорттук көзөмөл» АМТ жеткире иштеп чыгууну аяктоо;
  • ТБ, ЖЖСТД, ӨИБ менен бирдикте уруксат бланктарын электрондук алмашуу боюнча «Е-пермит» системасынын техникалык документтерине ылайык техникалык тапшырманы иштеп чыгуу;
  • ТБ, ӨИБ, «Кыргыз автобекети» МИ, «КТЖ УК» МИ менен бирдикте автомобиль жана темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга билеттерди онлайн брондоо боюнча Веб-сервисти аяктоо жана ишке киргизүү;

Автомобиль жана темир жол транспортуна коюлган милдеттери

— темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатуу, кыймылдуу курамдын паркын жана жол инфраструктурасын оңдоо боюнча белгиленген тапшырмаларды аткаруу;

— 2023-жылдын октябрь айында немис туристтик компанияларынын өтүнүчү боюнча Жибек Жолу боюнча Алматы – Бишкек – Рыбачье – Ташкент – Самарканд – Худжанд – Бухара – Ташкент багыты боюнча дагы 4 туристтик поезд жүрүүсү пландалууда;

—  Балыкчы-Кочкор темир жолунун 10-15 км курулушун аяктоо, Балыкчы-Кочкор темир жол участогунун 23-чакырымын курууга финансы каражаттарын тартуу;

— “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык жана өзбекстандык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын отурумдарын уюштуруу жана долбоорду ишке ашыруу боюнча үч тараптуу видеоконференция байланыш (ВКС) өткөрүү;

— “Түрксиб – Рыбачье темир жол участогун электрлештирүү” (323чакырым) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) даярдоо үчүн инвестицияларды тартуу иштерин улантуу;

— “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин өндүрүш процесстерин санариптештирүү, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү багытында иштерди улантуу.

— Аламүдүн станциясын модернизациялоо жана анын базасында мультимодалдык логистикалык борборду түзүү долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;

— Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын коммерциялаштыруу, реформалоо жана инвестициялоо боюнча программанын алкагында төмөнкү компоненттерди ишке ашырууну пландаштырууда:

  • эсепке алуу системасы;
  • сатуу жана маркетинг функциясы;
  • кыймылдуу состав;
  • логистикалык терминалдар;
  • инфраструктура;
  • адам ресурстарынын стратегиясы.

— Корей улуттук темир жолу менен биргеликте сигнализация, борборлоштуруу жана блокировка тутумун модернизациялоо боюнча долбоор иштелип жатат (8 млн доллар – Корея Республикасынын Өкмөтүнүн гранты).