mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРАЭ-1. “Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” 2016-жылдын 27-январындагы №1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

БУЙРУК

  2017-жылдын 9-октябры № 2

КРАЭ-1. “Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” 2016-жылдын 27-январындагы №1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

    Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Стандарттарына  жана Сунуш кылган практикасына ылайык келтирүүнү камсыздоо максатында 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” токтомуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМ:

  1. КРАЭ-1 «Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1буйругунатөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

    — 1.1 бөлүмүнүн 1-главасынын   Медициналык бүтүм  (медициналык сертификат) деген  аныктамадан кийин төмөндөгү мазмундагы абзац менен толукталсын:

    «Медициналык күбөлөндүрүү» – бул тиешелүү класстын Медициналык бүтүмүн алуунун орнотулган талаптарына кандидаттын  саламаттыгынын психикалык жана физикалык  абалынын ылайык келүүсүн аныктоо максатында жасалган медициналык текшерүүнүн комплексин аныктоо.»;

    — 1.1.3 — пунктундагы «иш жүзүндөгү маалыматты же тиешелүү талаптарга шилтеме берүү максаты бар» деген сөздөрдөн кийин «бирок»  деген сөздү алып таштап, андан ары текст боюнча;

    — 1.1.8-пунктундагы 1-пунктчасындагы  «учкуч-байкоочу»  деген сөздөрдөн кийин «•штурман.» деген сөз кошулсун;

    — 1.1.9-пункту төмөндөгүдөй мазмуундагы аббревиатура менен толукталсын:

     «ДУЭК — дарыгерлик-учуу эксперттик комиссиясы.»;

    — 1.2-пунктунан «экипаждын мүчөсү, студентке» деген сөздөр алынып салынсын;

    — 1.2.-пунктуна «метеорологиялык персоналга» деген сөздөрдөн кийин төмөнкү сөздөр менен кошумчалансын:

    «Эскертүү: Өтө жеңил аба кемесинин учкучуна күбөлүк  КРАЭ-22нин Эрежелерине жана талаптарына ылайык берилет, бирок ошондой эле өтө жеңил аба кемелеринин учкучтарына  бардык КРАЭнин жалпы эрежелерин жана талаптарын өздөрүнүн ишмердигине тиешелүү бөлүгүндө билиши жана аткарышы керек.»;

    —  1.2.4.3.1. – пунктунан кийин төмөнкү жаны  пункт  менен толукталсын:

    «1.2.4.3.2. Авиациялык персоналды Медициналык көбөлөндүрүү иштеп турган медициналык бүтүмдүн мөөнөтү учурунда жүргүзүлөт, бирок анын мөөнөтү бүткөнгө чейинки 45 күндөн кеч эмес, медициналык бүтүмдүн мөөнөтүнүн бүтүүсүнүн календарлык күнү жыл сайын туруктуу болуусу керек.  Бул учурда иштеп турган медициналык бүтүмдүн мөөнөтүнүн бүтүү күнү жаңы медициналык бүтүмдүн иш-аракетинин башталуу күнү болот.»;

    —  1.2.4.5. — пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

    «Дарыгерлик учуу эксперттик комиссисынын мүчөлөрү, жарандык авиация органы менен макулдашуу боюнча, дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясы анын түзүмдүк бөлүмү болгон уюмдун жетекчиси менен дайындалышат. Врачтык  комиссиянын мүчөлөрүнө тиешелүү адистиги бар жана ушул Эрежелердин 4-главасында көрсөтүлгөн тиешелүү күбөлүктөрдө жана 2-3-главаларда көрсөтүлгөн, кандидаттардын саламаттыгын медициналык күбөлөндүрүү үчүн берилген же күбөлүктөрдү жаңыртуу үчүн же адистик белгилерди коюу үчүн медициналык практикага уруксаты бар адамдар дайындалат.»;

    — 1.2.4.7. – пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

     «Ушул Эрежелердин 6-главасынын жоболоруна ылайык талапкерди медициналык күбөлөндүрүүнү аяктап врачтык комиссиянын төрагасы, күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу органына кол коюлган медициналык күбөлөндүрүү карталарынын көчмөлөрүн же же врачтык комиссиянын төрагасы талаптарга ылайык күбөлөндүрүүнүн натыйжаларын тактап жазуу менен жана медициналык күбөлөндүрүүнүн картасынын формасы боюнча саламаттыгы боюнча жарамдуу экендигине карата өзүнүн баалоосун жазуу менен кол койгон медициналык китепчелердин көчүрмөсүн берет.

    Талапкердин саламаттыгы боюнча медициналык бүтүмдү берүүдөн баш тарткан учурда, дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын төрагасы, күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу органына медициналык күбөлөндүрүүнүн көчүрмөлөрүн берет (Ушул эрежелердин 18 Тиркемесине ылайык).

    Күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу органы медициналык корутундуларды балоону жана аны каттоону жургүзөт.»;

— 1.2.4.7.2 – пунктунун биринчи абзацы  төмөнкү редакцияда берилсин:

«Дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын курамына терапевт, хирург, невролог, отоларинголог, офтальмолог квалификациялары бар врачтар жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык медициналык күбөлөндүрүүнү аткаруу үчүн зарыл, жардамчы же башка тейлөөчү  медициналык персоналдар кирет. Жарандык авиация органы менен макулдашуу боюнча дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири, дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын төрагасы катары дайындалат, дарыгерлер комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоосу, саламаттыгы боюнча жарамдуулугуна байланыштуу тыянакты баалоосу жана медициналык корутундуга кол кол коюусу үчүн жооп берет.»;

— 1.2.4.7.4. – пункту төмөнкү редакцияда берилсин:   :

 «Дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын мүчөсүнүн убактылуу жок болгон учурунда, жарандык авиация органы менен макулдашып уюм дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын курамына убактылуу башка мамлекеттин дарыгерлик комиссисынын тийешелүү мүчөсүн кошот же болбосо, жок болгон дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын функциясын аткаруу үчүн төмөнкү шартта кошот:

(1)   «дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын курамына» кошулуучу башка мамлекеттин “дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын” мүчөсү же эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциясынын 1 Тиркемесинин талаптарын билген жана ушул Эрежелердин өзүнүн милдеттемелерин аткарууга тийиштүү талаптары менен тийиштүү түрдө тааныш, алмаштыруучу врач.

(2) «дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын» курамына киргизилүүчү алмаштыруучу врачтын квалификациясы жана тажрыйбасы бир же бир нече “дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын” иштеги мүчөлөрүнүн контролунда, ушул Эрежелердин талаптарына ылайык медициналык күбөлөндүрүүнү өткөргөнгө жараганда.

(3) «дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын”мүчөлөрүнүн курамы толук эмес учурунда авиациялык адистерди медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүүгө тыюу салынат; “дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын” төрагасынын кызмат орду менен жана даргерлик учуу эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнүн айкалыштыруусуна тыюусалынат.»;

    — 1.2.8.2.2 – пунктунан кийин төмөнкү жаны пункт менен  толукталсын:         «1.2.8.2.3. Окутуу уюму жарандык авиация органы менен бекитилген персоналды даярдоо боюнча Колдонмосу, окутуу уюмунун тиешелүү персоналы колдонуу үчүн жол-жоболор мазмууну бар.»;

    — 1.2.9.6 – пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

     «Англис тилин учактардын жана вертолеттордун учкучтары, штурмандар, бортрадистер, аба кыймылынын Башкармалыгынын диспетчерлери жана авиациялык станциялардын операторлорунун тил билүү деңгээлин ушул Эрежелердин 13чү Тиркемесинде көргөзүлгөн 6чы деңгээлден төмөндүгүн көрсөтүшкөндө, расмий түрдө төмөндөгү мезгилдерде бааланат:

 (1)  ушул Эрежелердин 13чү Тиркемесинде көргөзүлгөн 4чү деңгээлден төмөн билим көргөзгөн адамдар, үч жылда бирден кем эмес жолу;

 (2)  ушул Эрежелердин 13чү Тиркемесинде көргөзүлгөн 5чи деңгээлден төмөн билим көргөзгөн адамдар, алты жылда бирден кем эмес жолу.»;

    — 1.2.10.6 — пункту  төмөнкү пунктар менен толукталсын:

    «1.2.10.7. Авиациялык персоналды тастыктамалоо жол-жоболоруна талаптар.

    Тастыктамалоонун жол-жоболорун өтүү үчүн авиациялык персонал тийешелүү теориялык, тренажердук, практикалык даярдыктарды, жарандык авиация Агенттиги бекиткен программа боюнча билимин текшерүүнү жана квалификациялык текшерүүнү өтүшү керек жана медициналык күбөлөндүрүүсү, расмий медициналык корутундусу же саламаттыгы боюнча жарамдуулугун тастытаган медициналык документи бар болушу керек.

Эскертүү: Талаптардын  жол-жоболор менен чектөөсү бар.

      1.2.10.8. Квалификациялык текшерүүлөр боюнча экзаменаторлорго талаптар.

Дайындалган инспектор-экзаменатор  төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

  — «тиешелүү авиациялык билими жана авиациялык адистин атайын дайындыктары (учкучтуку, штурмандыкы, бортмеханиктики, бортрадистики, бортоператордуку, борткоштоочунуку, аба кыймылынын Башкармалыгынын диспетчериники, авиациялык техниканы эксплуатациялоо боюнча инженердики ж.б.у.с.) жана ошондой эле адистиги боюнча нускоочунун белгисине ылайык билим деңгээли»:

—  нускоочу квалификациясы бар, 1чи класстагы авиациялык адистин иштеги Күбөлүгү;

—  нускоочуларды даярдоо программасы боюнча атайын курсту буткөндүгү жөнүндө күбөлүгү;

—  дайындалган экзаменатроду даярдоонун атайын курсун бүткөндүгү жөнүндө күбөлүгү;

—  ал үчүн жоопкерчиликтүү функцияларды камсыздоочу адистик ишмердүүлүгүнүн квалификациясы жана тажрыйбасы.

   «1.2.10.9. Жарандык авиация органы өкүлдөштүрүлгөн функциялардын аткарылуусуна (экзамендерди кабыл алуу, учуу текшерүүлөрүн аткарууга, практикалык көндүмдөрүн жана билимдерин) пландык пландан тышкары негизде көзөмөл жүргүзүп турат»;

    —  2 — главанын 2.1- пункту төмөнкү мазмундагы пунктар менен толукталсын:

    «2.1.1.6. Авиациялык персоналдын квалификациялык белгилерин берүү жол-жоболоруна талаптар.  Квалификациялык (өзгөчө) белгилерди алуу үчүн талапкер тийешелүү теоретикалык, тренажёрдук, практикалык даярдыктан жана  жарандык авиация Агенттигинин окутуу уюму бекиткен программа боюнча квалификациялык текшерүүдөн өтүүсү керек.

    2.1.1.7. Иш-аракет мөөнөтү  бүткөн Күбөлүк жана квалификациялык белгилери караштырган укуктарын  калыбына келтирүү жол-жоболоруна талаптар.  Талапкер квалификациясын калыбына келтирүү жана күбөлүктү узартуу максатында арыз берүүсү, медициналык текшерүүдөн, тиешелүү теоретикалык, тренажердук даярдыктан  өтүүсү жана билимин текшерүүдөн өтүүсү керек.»;

    — 4 -главанын 4.1.1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

    «4.1.1 Талапкер,  учуу жана кабиналык экипажынын, аба кыймылынын Башкармалыгынын  мүчөлөрүнөн башкасы,  авиациялык персоналдын ар кандай     күбөлүгү же квалификациялык белгиси берилгенге чейин жаш курагына, билимине, тажрыйбасына карата талаптарга, жана зарыл болгон учурда саламаттыгынын абалы боюнча жарамдуулугуна жана бул күбөлүккө же квалификациялык белгиси үчүн коюлган билимине жооп берет. Авиациялык персонал, учуу жана кабиналык экипажынын, аба кыймылынын Башкармалыгынын мүчөлөрүнөн башкасы, 2011 жылдын 16 майындагы №225 “Коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “кызматкерлерди жумушка алууда алдын ала милдеттүү  жана мезгилдүү медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө Нускамага” ылайык  медициналык мекеменин же КР ЖА МСБнын саламаттыгы боюнча  жарамдуулугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн медициналык документин көрсөтүү менен  медициналык кароодон өтөт.»;

    — 6-главанын  6.1.5. – пункту  төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

     «Медициналык корутунду дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын төрагасы менен кол коюлат жана ушул комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саламаттыгын текшерүү жол-жоболору, медициналык текшерүүнүн тартиптери жана мөөнөттөрү жана ошондой эле авиациялык персоналга берилүүчү медициналык корутундунун формалары ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору менен бекитилет.»;

    —  6 – главанын  6.7.2.- пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

    «Учуу экипажынын мүчөсүнүн күбөлүгүнүн ээси 40 жашта жана андан улуу, аба кыймылынын Башкармалыгынын диспетчери 45 жашта жана андан улуу болгондо кезектеги күбөлөндүрүүдө психиологиялык изилдөө жүргүзүлөт.»;

    — «Медициналык бүтүмдүн Формасы» 17 Тиркемедеги  «Эскертүү. Сунуш кылынган медициналык форманын өлчөмү: бийиктиги — 11,5 см, туурасы — 8,0 см.»  деген сөздөрдүн ордуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

     Эскертүү: Медициналык корутундунун формасынын өлчөмү төмөндөгүдөй: бийиктиги – 11,5 см, туурасы – 8,0см. Медициналык корутундунун формасын жасоо үчүн ак өңдөгү биринчи сорттогу кагаз же башка туура келген материал колдонулат. Медициналык корутундуга жазуу кол менен, так, кырындылары,оңдоолору жана булгоолор жок жүргүзүлөт.

    Даталары (күнү,айы жана жылы) араб сандары менен жазылат.

    Дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын төрагасынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.»;

    — 17 Тиркемедеги  “Медициналык Форманын корутундусу” таблицасына төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

    «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги» деген аталыш: «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги» болуп өзгөртүлсүн;

     «Ministry of Transport & Communications of Kyrgyz Republic   деген аталыш: «Ministry of Transport & Roads of Kyrgyz Republic» деп өзгөртүлсүн;

    —  медициналык корутунду деген сөздүн алдына:

     «Кандын тобу Blood group» деген сөз кошулсун жана андан ары текст боюнча;

— «Медициналык Формасынын корутундунун» арткы бети жана 17-чи Тиркемеге   төмөндөгү мазмуундагы эскертүү менен толукталсын:

    «Эскертүү: Арткы бет комиссиялар аралык медициналык кароо өткөргөн, дарыгерлик учуу эксперттик комиссиясынын мүчөсү менен толтурулат жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.»;

    — 19чу Тиркемеге төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  медициналык күбөлөндүрүүнүн картасынын формасынын аталышынан  «типтик»  деген сөз алынып салынып, сол жактагы жактагы «Медициналык күбөлөндүрүүнүн картасынын” аталышын баш тамга менен жазылсын.»;

    — 19чу Тиркеменин Медициналык Форманын күбөлөндүрүү картасынын бардык текстин Times New Roman, 12 шрифти  менен жазылсын;

    — 19чу Тиркеменин IV «Отоларингологиялык күбөлөндүрүү» главасына төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

    -9чу пунктан кийин кийинки мазмуундагы 10-чу жана 11-чи пунктар менен толукталсын

«10.Стоматологиялык текшерүү;

18 17 16 15 14 13 12 11 21 22 23 24 25 26 27 28
48 47 46 45 44 43 42 41 31 32 33 34 35 36 37 38
  1. Стамотологдун корутундусу.» андан ары текст боюнча катар саны өзгөрүүсү менен.

  1. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын.

  1. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Г.К.Абдралиевага жүктөлсүн.

 Министр Ж.Калилов