mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМнин жетекчилиги Биринчи Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алды

Биринчи Улуттук Курултайга катышкан делегаттарды КР Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кабыл алды.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар акыркы жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жолдорду реабилитациялоого, реконструкциялоого жана курууга, ошондой эле транспорт тармагында калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чоң көңүл бурулуп жатканын белгилешти. Жол инфраструктурасын жана транспортун жакшыртуу жаатындагы бул жетишкендиктердин баары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосунун аркасында ишке ашырылууда. Элдик Курултайдын делегаттары да жакынкы жылдарда жол инфраструктурасын жакшыртууга, калкты транспорт тармагында сапаттуу тейлөөгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчысы Тилек Текебаев менен биргеликте республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду куруу боюнча депутаттардын кайрылууларын КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев, .«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору  К.Нурмамбетов, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору К.Абдыкалыков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору Б.Базаралиев ж.б. кызматкерлер Элдик Курултайдын делегаттарын түздөн-түз угуп, алардын суроолоруна жооп берди. КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле келип түшкөн сунуш-талаптарды кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алуу учурунда делегаттардан түшкөн кайрылуулар, сунуштар эске алынып, ар бирине тиешелүү жооптор берилерин белгиледи.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы