mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМне караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдорго тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачуу иштерин аткарууда.

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-февралда күндүз жаан-чачын болбойт, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү болуп, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чүй облусунда +5…+10; Таласта +4…+9; Баткенде +8…+13; Ош, Жалал-Абад облустарында +8…+13; Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында -2…-7.

Бүгүн, 2023-жылдын 27-февралында Барскоон-Ак-Шыйрак жана Сөөк-Каракол унаа жолдорунда кардан тазалоо иштери жүрүп, Сөөк ашуусундагы айрым тилкелерде кар күрткүсү байкалууда.

Төө-Ашуу ашуусунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 ЖТИнын кызматкерлери жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын, №32 ЖТИнын кызматкерлери жолдордо кардан тазалап жана инерттик материалдар менен толтуруу иштерин аткарууда.

Мындай иштер Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 58-чакырымынан 72-чакырымына чейинки Чыйырчык ашуусунда, Талдык ашуусундагы 165-чакырымдан 178-чакырымга чейин жана Тоң-Мурун ашуусунда 190-240 км, Кызыл-Арт ашуусунда 0-45 км. тилкелерде да жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 27-февралында Өтмөк, Чапчыма, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо жана Чоң-Ашуу сыяктуу башка ашууларда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери кошумча иштерди жүргүзүүдө.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Бура ашуусу (190-чакырымынан 215-чакырымына чейин), Сары-Кыр ашуусу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейин Учурда Нарын районундагы Ат-башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабылды.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы