mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана жол министринин орун басары Бакыт Бердалиев 2019-жылдын 1-чи жарым жылдыгында аткарылган жумуштар тууралуу маалымат жыйын ѳттү.

2019- жылдын 14 августунда КНИА “Кабарда” маалымат жыйын ѳтүп, жыйында Бакыт Бердалиев тѳмѳндѳгү доклад окулду.
Урматтуу бүгүнкү маалымат жыйындын катышуучулары Урматтуу массалык маалымат кызматынын ѳкүлдѳрү! Бүгүн Транспорт жана жол министрлигинин 2019-жылдын 1-чи жарым жылдыгында аткарылган жумуштар тууралуу сиздрге айтып кетүүгѳ уруксат берсеңиздер. Учурда министрлик тѳмѳнкү стратегиялык документтерге таянып отчеттук мезгилде транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн иштөөсүн камсыз кылды, алар:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-2040 жылдарга Улуттук Өнүгүү Стратегиясы
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019 жыл – региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» жөнүндө Указы
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019 жылга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы
4. Министрликтин тармактык Программалары жана башка Стратегиялык документтери ишке ашыруунун багытында иш алып бардык.
Бул иш-чаралардын алкагында Транспорт жана жол министрлигинде ар бир тармак боюнча иш-чаралар бекитилди жана тиешелүү милдеттенмелер коюлду (Жол тармагы, автомобиль транспорту, темир жол жана жарандык авиация тармактары жана инвестициялык долбоорлор).
Коюлган тапшырмалар убагында аткарылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Май айынан баштап, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан сунушталган программанын негизинде, боробордук аппаратта электрондук документ жүгүртүү системасы тесстик режимде киргизилди, бул система жылдын аягына чейин бардык мекемелерге киргизилиши күтүлүүдө.
Жалпы колдонуудагы жолдордун 411,6 км паспорттоштурулду, жылдын аягына чейин бул көрсөткүч, тиешелүү деңгээлде каржыланса 2 000,0 кмге чейин жеткирилет.
2018-жылы транспорттук контролдоо пункттарында “Электрондук транспорттук контролдоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы орнотулган. Дүйнөлүк банктын эсебинен 5 транспорт контролдоо пунктарында Betamont (СДВК Betamont) динамикалык салмак-габариттик контролдоо системасы орнотулган (“Жаңы-Арык», «Көк-Талаа», «Каратай», «Сосновка» жана «Кемин»). Булар адамдык факторду минималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетүүчү нерсе, быйыл дагы чек ара аймактарындагы транспорттук контролдоо пункттарында дагы кеминде 3 система орнотулаn.
Бишкек-Ош автожолундагы Сосновка жана Кара-Көл постторунда төлөмдөрдү кабыл алуунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилди. Система төлөм терминалдарын, видеокамераларды жана автоматтык шлагбаумдарды колдонуу менен иштейт. Система аркылуу онлайн-мониторинг жүргүзүү жана ар бир пункт боюнча унаалардын категориялары жана мамлекеттик номерлери боюнча отчетторду түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Система акырындык менен адам факторун жокко чыгарып, штаттык тизме азыр 30%ке кыскарды.
Бул системаны киргизгендин жыйынтыгында, төлөмдөрдүн көлөмү 2019-жылдын 6 айында 27 561,9 миң сом болуп, былтыркыга салыштырмалуу 112,2%га өстү (24 561,3 миң сом).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №230-б буйругу менен бекитилген 2018-2022-жылдарга региондорду өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2019-жылда региондорду өнүктүрүү боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Райондук борборлордун көчөлөрүнө асфальтбетон төшөө боюнча бардыгы болуп көчөлөрдүн жана жолдордун 113 обьектиси бекитилген, узундугу 139,6 км, анын ичинде кичине шаарлардын 20 “өсүү чекити” программасы боюнча 29,4 км бекитилген. Биринчи жарым жылдыкта 4,8 км асфальтбетон төшөлгөн.
Мындан сырткары, отчеттук мезгилде, 55,1 км жолго асфальтбетон төшөө иштери аткарылды (азыркы күндө – 112,1 км), бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (27,2) 2 эсеге көп, анын ичинен: утурумдук бюджет – 40,4 км, капиталдык салымдар – 14,7 км. Кара шагыл төшөө – 4,8 км, шагыл төшөө – 49 км, 2 көпүрө аяктоо стадиясында турат.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, чек ара алкагында жайгашкан региондордун көз карандысын камсыз кылуу максатында, Баткен областында Көкташ-Аксай-Тамдык (24,5 км), Аксай – Рават жолдорунун курулушу уланууда.
Каражаттын тартыштыгына карабай, Балыкчы — Чолпон-Ата – Корумду автожолунда май айынын баштап 0-7 км участкада (айлампа жол) темирбетон түтүктөрдү орнотуу, темир жол өтмөктөрүндөгү жолдорду кеңейтүү жана башка жасалма курулмаларды куруу жумуштары башталды, андан кийин асфальтбетон төшөө пландаштырылууда. 17 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн 13 даанасы орнотулган, 40 капсуланын 27 даанасы аяктады.
Мындан сырткары, Региондорду өнүктүрүү программасынын алкагында, 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында аймактарда 13 автобус маршруттары кайра ачылып, 15 калыбына келтирилди. «Ош» Эл аралык аэропортунда жасалма учуу-конуу тилкесин кайра куруу аяктады, учуу-конуу тилкесин 400 метрге чейин узартышты, жалпы узундугу 3212 метр жана узартылган участокко жаңы жарык берүүчү сигнал жабдуусун орнотушту. Азыркы учурда аэропортто перронду кайра куруу жана кеңейтүү долбоору иштелип чыкты, ИКАОнун II категориясына чейин аэродромдун жарык-сигнал жабдуусун модернизациялоо пландаштырылууда.
«Ысык-Көл» Эл аралык аэропорту үстүбүздөгү жылдын июнь айынан баштап Ош, Ташкент, Алматы жана Новосибирск шаарларынан рейстерди кабыл ала баштады. «Исфана» жана «Кербен» аэровокзалдарын кайра куруу аяктады. Кайра куруунун жалпы аянты 804, 9 кв. м.
Инвестициялык долбоорлор.
Өкмөттүн иш-чараларына ылайык быйыл инвестициялык долбоорлор боюнча 100,0 километр жолго асфальт төшөө иштери каралган.
Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолундагы тоннель 357 метр казылды, бардыгы болуп 2438 метр, анын ичинде түштүк порталында– 923 метр (2019 – 175), штольня – 1056 метр (166), түндүк порталында – 1515 метр (150), штольня – 1729 метр казылган.
2019-жылдын башынан бери Фаза 1 боюнча жолдун негизи аткарылды (Саббейс и бейс) 3 км эсебинде, асфальтобетон төшөө (төмөнкү жана үстүнкү катмары) узундугу 2 км.
Долбоор участкасында жалпы узундугу 1472 пм 2 эстакадалык көпүрө курулууда. Азыркы учурда долбоорлонгон участкада курулуш иштери толук масштабдуу жүрүп жатат.
Мындан сырткары баардык долбоорлук участкаларды иштер кызуу жүрүп жатат.

Ал эми министрликтин башка тармактары тууралуу кыскача айта кетсем!

Автомобиль транспорт тармагында
Кыргыз автожүк ташуучулары тарабынан 79486 рейс аткарылып, 1 144,3 миң тонна жүк ташылган. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 18 941 рейске (131%) жана 338 миң тоннага (141,9%) көп.
«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын
Автовокзал жана автостанциялардан 290,6 миң рейс жөнөтүлүп, 2 274,4 миң жүргүнчү ташылган, бул 2018 жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 104,1%ды түзөт.
Жарандык авиация тармагында Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын ЕБдин “Кара тизмесинен” чыгаруу боюнча атайын иш-аракеттер планына ылайык иш-чаралар аткарылды.
Апрель айында ИКАОнун аудити жүргүзүлүп авиациялык персоналга сертификат берүү жана аба кемелерин учууда пайдалануу аспекттеринде валидациялоо миссиясын өткөрүштү. Жалпысынан аудиттин жыйынтыгы боюнча оң натыйжалар чыгарылды.
Отчеттук мезгилде, учуулардын географиясын кеңейтүү максатында жаңы багыттагы авиарейстерди ачуу жана иштеп турган рейстердин аткарылган санын көбөйтүү боюнча иштер туруктуу жүргүзүлдү.
Отчеттук мезгилде 2 жаңы маршрут ачылды жана жайкы туристтик сезондо 6 маршрут жаңыртылды, алар:
— 5 апрелден баштап, Алматы-Бишкек-Алматы маршруту боюнча үзгүлтүксүз авиарейстер жумасына эки жолу ишке ашырылып жатат (жаңыртылды);
— Алматы – Ош маршруту боюнча 7-июнда биринчи рейс аткарылды. Рейстер жумасына эки жолу аткарылат (жаңы);
— 1-июлдан баштап Алматы-Ысык-Көл маршруту боюнча чартердик рейстер жумасына эки жолу аткарылат (жаңыртылды);
— 1-июндан Анталья-Бишкек-Анталья багытында жумасына 1 жолу рейс аткарылат ((жаңыртылды);
— 23-июндан баштап Новосибирскиден жумасына 1 рейс аткарылып жатат;
— 28-июндан баштап жайкы сезондо Ош-Тамчы-Ош маршруту боюнча жумасына 4 жолу учуп жатышат (жаңыртылды);
— 27-июндан баштап Ташкент-Тамчи маршруту боюнча чартердик үзгүлтүксүз жумасына бир жолу аткарылат (жаңыртылды);
— 5 июлда Шарджа-Бишкек-Шарджа жаңы маршруту жумасына 4 жолу аткарылат (жаңы).
Коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракетери. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын аткаруу үчүн КР Транспорт жана жол министрлиги тарабынан жол чарба, жарандык авиация, Кыргыз темир жолу, «Кыргыз автобекети» МИ жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак көлөмдү контролдоо мамлекеттик агенттиги тармактарында коррупцияны жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Жумушчу тобу кабыл алган 5 деталдаштырылган пландар ишке ашырылууда.
Жол тармагындагы коррупциялык тобокелчиликтерди четтетүү жана коррупциялык схемаларды жоюу боюнча Деталдаштырылган планда 2019 жылдын аягына чейин 34 иш-чара каралган, азыр 23 иш-чара аткарылып, 67,6%ды түздү.
Автомобиль, суу транспорту жана салмак көлөмдү контролдоо мамлекеттик агенттиги боюнча Деталдаштырылган планда 23 иш-чара каралып, 14 иш-чара аткарылып, 61%ды түздү.
Жарандык авиация тармагындагы Деталдаштырылган планда 93 иш-чара каралган, анын 65 аткарылып, аткаруу денгээли 70%ды түздү.
«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды жоюунун Деталдаштырылган планында 31 иш-чара каралып, анын 30у аткарылган (96,8%).
“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды жоюунун Деталдаштырылган планында 50 иш-чара каралып, анын 38и аткарылды (76%).
Ченем чыгаруу ишмердигинде, 29 ЧУА иштелип чыккан, анын ичинде 6 — КР Мыйзамы, 13 – КРӨнүн токтому, 10 — КРӨнүн буйругу. Анын ичинен 6 ЧУА (20,7%), анын ичинде КРнын 1 мыйзамы (16%), КРӨнүн 2 токтому (15,4%) жана КРӨнүн 3 буйругу (30%) кабыл алынган.
Кабыл алынган ЧУАлардын төмөнкү деңгээли, иштелип чыгып жаткан долбоорлор талапка жооп бербегендигин жана сапаттуу даярдалбай жатканын билдирет.
Документ жүгүртүү боюнча 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында министрликте кириш документтердин көлөмү — 8457, чыгыш документтер — 4567, бул 2018-жылга салыштырмалуу кириш документтердин саны — 207 көп (102,4%), ал эми жогорку органдардан түшкөн тапшырмалар – 71 көп, же 102,9% түздү.
Отчеттук мезгилде министрликке жарандардан 379 каттары жана кайрылуулары келип түшкөн, контролго алынганы — 379, аткарылганы — 378, анын ичинен мөөнөтүн бузуу менен 2 арыз аткарылды (Автомобиль жолдору башкармалыгы), Жол чарба департаменти 1 кайрылууну аткарган эмес.
Контролдук документтерди аткарууну талдоо, кырдаал 2018-жылга салыштырмалуу бүтүндөй министрлик боюнча жакшырды деп эсептөөгө мүмкүндүк берет.
Май айынан бери борбордук аппаратта «Инфоком» ИТ иштеп чыккан электрондук документ жүргүзүү системасы иштеп жатат.

Кадрдык маселелер. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин номенкулатурасы боюнча жумушка 20 адам кабыл алынган, 14 адам ээлеген кызматынан бошотулду, анын ичинде борбордук аппаратка 12 адам дайындалды, бошотулганы 8 адам. Ведомстволук уюмдарда жумушка 8 адам кабыл алынды, бошотулганы 6 адам.
Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин убагында жана тийиштүү аткарбагандыгы үчүн 3 тартиптик жаза жарыяланган, анын ичинде 2 сөгүш жана 1 эскертүү.

Ички аудит. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомстволук жана структуралык бөлүнүштөрдө аудит жүргүзүү планына ылайык аудит иш жүзүндө 22 субьектте жүргүзүлгөн, анын ичинен 15 план боюнча, пландан сырткары 7 обьектте жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча 4975,5 миң сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана жетишпестиктер табылып, ордуна коюлду.
Коомчулук менен иштешүү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан коомчулук жана ММКлар менен Коомдук Кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусу менен активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында материалдарды ММКда жарыялоолор: Телеберүүлөр боюнча — 439, радио берүүлөр — 188, газеталар — 98 жана маалыматтык агенттиктер — 956. Ошондой эле, “Кабар” КУМАде министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилигинин катышуусунда ведомствонун 1-жарым жылдыктагы иштеринин жыйынтыгы жана II жарым жылдыкка милдеттери жөнүндө пресс-конференция өткөрүлдү.
Элдин ишеними жана коррупциянын деңгээли индекстери
2019 – жылдын 1-чи жарым жылдыгында министрликке болгон элдин ишеним индекси 23,9% болуп, колдонулган чаралардын негизинде 2018 жылга салыштырмалуу 7 көрсөткүчкө жогорулады (16,9). Көрсөткүчтөр бардык областтарда жогорулаган.
Коррупциянын индекси 2018-жылы — 0,5% болсо, жарым жылдыктын жыйынтыгында ишеним 10,3%га көтөрүлгөн.
Бирок бул көрсөткүчтөр республика боюнча алганда төмөн.
Элдин ишеними – 25,2%, минситрликтики 23,9% же 1,3%га төмөн.
Коррупциянын деңгээли – 12,4%, министрликтики 10,3% же 2,1%га төмөн.
Айтылгандардын негизинде, бул 2 көрсөткүчтү жылдын аягына чейин Элдин ишенимин – 30% га, Коррупция индексин 15%га көтөрүүгө иш-аракеттерди алып барыш керек.
пресс-кызмат