mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникация министри Т.Текебаев ведомствонун кызматкерлерине жана журналисттерге Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Бүгүн, 2022-жылдын 30-декабрында, Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев ведомствонун кызматкерлерине жана бир катар журналисттерге Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

2023-жаңы жылдын урматына карата жол тармагындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн автотранспорт комплексинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери, жана ошондой эле элге маалымат жеткирүүдөгү үзүрлуү эмгеги үчүн маалымат агенттиктеринин жана телерадиокомпанияларынын бир катар журналисттери ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшыруу учурунда министр Т.Текебаев ведомствонун жол-транспорт тармагынын кызматкерлерине жол инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жана ошондой эле журналисттерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууда чыгармачылык ийгилик каалады.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы