mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай унаа жолунун 9-чакырымындагы көпүрө оңдолду

19-апрелге карата аткарылган иштердин түрмөгү:

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 19-чакырымында жолго чыккан суулар бурулуп, чуңкурлар шагыл менен толтурулду.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 17-чакырымындагы көпүрө акталып, сырдалып, айланасы тазаланды.

№ 45 жол тейлөө ишканасы тейлеген Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай унаа жолунун 9-чакырымындагы көпүрө оңдолуп, жумуштар толук бүттү.

Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган жолдун 38-чакырымындагы сел алып кеткен жерлерди бекемдөө жумуштары жүрдү.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 271-373-чакырымына чейин кыш мезгилинде себилген инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы аэропортто аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары жүрүүдө.

Мамлекеттик маанидеги Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө унаа жолунун 16,5-18,5-чакырым аралыгына асфальт төшөө үчүн тилкени даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Азыркы тапта эки жерге суу өткөрүүчү түтүк коюлуп, эски асфальтты сыйрып алуу иштери жүрүүдө.

Токмок-Кошой унаа жолунун 7-8-чакырым аралыгында куураган бак-дарактарды кыюу, жел белгилерин актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

Тараз-Покровка-Кайыңды жолундагы жол белгилер жана аялдамалар акталып, сырдалды.

Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр унаа жолу жана анын жээги оңдолууда.

Мамлекеттик маанидеги Нарын-Өрүк-Там унаа жолунун 50-75-чакырым аралыгындагы Капчыгай ичиндеги кар көчкүлөр тазаланды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы