Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Суу транспорту жөнүндө
- 71 323 просм.
1-Глава. Жалпы жоболор
1-берене. Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам кеме катнашын жүзөгө ашырууда, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташууда, кемелерди эксплуатациялоодо, анын ичинде суу жолдоруна кирбеген көлмөлөрдө дагы, мамлекеттик органдардын, физикалык жана юридикалык жактардын ортосунда суу транспорту чөйрөсүндө пайда болуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет да, ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик-укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен макулдашуулардан турат (мындан ары – Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери).
3-берене. Ушул мыйзамдын иштөө чөйрөсү
- Ушул Мыйзамдын иш-аракети ведомстволук таандыгына жана менчиктин түрүнө карабастан суу транспорту жаатындагы коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенген баардык физикалык, юридикалык жактарга таркалат.
- Ушул Мыйзам менен аныкталган эрежелер, төмөнкүлөргө таркалышат:
— Кыргыз Республикасынын суу жолдоруна жана аларда орун алган курулмаларга;
— Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда орун алган портторго, пристандарга, причалдарга;
— Кыргыз Республикасынын суу жолдорунда эксплуатациялануучу сүзүү кемелерине жана башка сүзүүчү объектилерге.
- Ушул мыйзамдын иш-аракети, анда атайын алдын-ала каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган жана жалаң коммерциялык эмес максаттарда гана эксплуатацияланган же колдонулган аскердик, аскердик-көмөкчү жана башка кемелерге таркалбайт.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
порттун акваториясы – суу жолунун порттун ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн колдонулуучу обочолонтулган бөлүгү;
багаж – ташуучуга жүргүнчү тапшырган мүлк, аны ташуучу дайындалган пунктка жеткирүүгө жана багаждык квитанциясынын негизинде берүүгө милдеттүү;
жээк тилкеси – суу объектилеринин жээктеринин боюндагы жээк сызыгынан баштап кеңдиги жыйырма метр келген экологиялык талаптарды сактоо менен навигациялык белгилерди жана жабдууларды орнотуу үчүн кургактын тилкеси;
Кыргыз Республикасынын суу жолдору (мындан ары –суу жолдору) – навигациялык белгилер же башка ык менен белгиленген жана кеме катнашы максаттарында колдонулган табигый же жасалма түзүлгөн катнашуу жолдору;
Кыргыз Республикасынын суу транспорту (мындан ары –суу транспорту) – Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана суу жолдорунда кеме катнашын жана кеме катнашы менен байланышкан башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу транспорттун түрү;
жүк жөнөтүүчү – юридикалык же физикалык жак, ал өзүнүн атынан же болбосо суу транспорту менен ташуу келишиминин негизинде ташуучуга аны дайындалган пунктка жеткирүү жана жүк алуучуга берүү үчүн жүктү ишенип берет;
жүк алуучу – юридикалык же физикалык жак, ал суу транспорту менен ташуу келишиминин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүктү алууга ыйгарым укуктуу кылынат;
жүктөр – ташуучу тарабынан суу транспорту менен дайындалган пунктка ташуу үчүн кабыл алынган материалдык баалуулуктар;
капитан – кеме ээси ишеним көрсөткөн адам, ал кеме экипажынын жалгыз башчысы жана жетекчиси болуп саналат;
кемелерди лоцмандык өткөрүү – кемелердин суу жолдорунун өзгөчө татаал бөлүктөрү боюнча коопсуз өтүүсүн камсыздоочу ишмердүүлүк;
навигациялык жабдуу – коопсуз кеме катнашын камсыздоо үчүн багышталган атайын белгилик каражаттардын тутуму;
суу транспорту объектиси – бул өзүнө кеме катнашы жагдайынын навигациялык белгилери менен белгиленген кеме жүрүшүн, навигациялык жабдуу каражаттарын, портторду, пристандарды, жүргүнчү терминалдарын, порттордун тосмолоочу жээкти бекемдөөчү гидротехникалык курулмаларын жана причалдарды камтыган объект;
жүргүнчү – ташуучу менен келишимдик мамилелерде турган жана анын жүрүү укугун тастыктоочу чыптада же башка документте көрсөтүлгөн, же болбосо жүктү ташуу келишими боюнча ташуучунун макулдугу менен жүктү коштоону жүзөгө ашыруучу адам;
ташуучу – юридикалык жак же жеке ишкер, ал ташуу келишими боюнча жүктү, жүргүнчүнү жөнөтүү пунктунан дайындалган пунктка жеткирүү милдеттерин өзунө алат;
сүзүүчү объект – кеме болуп саналбаган жана кеме катнашы максаттарында колдонулбаган сүзүүчү жасалма курулма;
порт – суу жолдорунун жердеги бөлүгүндө жана акваториясында орун алган, жүргүнчүлөр менен кемелерди тейлөө, жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, кабыл алуу, сактоо жана берүү, транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракеттешүү максаттарында ыӊгайлаштырып курулган жана жабдылган курулмалар комплекси;
причал – кемелердин коопсуз келүүсү үчүн түзүлүшкө ээ болгон жана кемелердин токтоосунун, аларды жүктөөнүн, түшүрүүнүн жана тейлөөнүн, ошондой эле жүргүнчүлөрдү кемелерге отургузуунун жана аларды кемелерден түшүрүүнүн коопсуздугу үчүн багышталган гидротехникалык курулма.
токтотуу пункту – суу бетиндеги суу объектисинин кемелерди жана башка сүзүп жүрүүчү объектилерди оңдоо, жылдын жайкы жана кышкы мезгилинде токтотуу, техникалык кароо максаттарында ыңгайлаштырылып курулган жана жабдылган жердеги бөлүгү жана акваториясы;
жол жумуштары –суу жолдорундагы түбүн тереңдетүүчү, түздөөчү, тралдык, түбүн тазалоочу, издөөчү жана башка навигациялык жабдуу каражаттарын куруу жана кармоо боюнча жумуштар;
каттоо номери – кеменин номери, ал ага мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууда ыйгарылат;
кемелердин реестри – анда Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кемелер катталуучу документ;
рейд – бул порттун акваториясынын кеме жүрүшүнүн чектеринен сырткары, кемелердин якордо туруусу, маневр жасоосу же жүктөрдү кайра жүктөөсү үчүн багышталган бөлүгү;
каттам – мезгилдин белгилүү бир интервалы ичинде географиялык пункттардын же райондордун ортосунда жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташуу транспорттук жараяны;
сүзүүгө жарактуулук жөнүндө күбөлүк – Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте кеме ээлерине берилүүчү негизги документтердин бири;
кеме – өзү жүрүүчү же өзү жүрбөөчү сүзүүчү курулма жана кеме катнашы максаттарында колдонулуучу түбүн тереңдетүүчү жана түбүн тазалоочу шаймандар, паром, сүзүп жүрүүчү кран жана ушул түрдөгү башка техникалык курулмалар;
кеме китеби – анда кемелер жана башка сүзүүчү каражаттар катталуучу документ;
кеме ээси (мындан ары – кеменин ээси) – ал кеменин менчик ээсиби же аны башка мыйзамдуу негизде колдонобу, андан көз карандысыз кемени өзүнүн атынан эксплуатациялоочу юридикалык же физикалык жак;
кеме күбөлүгү (кебе билети) – кемеге болгон менчик укугун жана кеменин Кыргыз Республикасынын туусу астында сүзүү укугун күбөлөндүрүүчү документ;
кемени айдоо – суу жолдору боюнча сүзүүнү жүзөгө ашыруучу кемелерди башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүк;
кеменин жүрүшү – бул суу жолдорундагы чектеринде белгилүү бир өлчөмдөрдөгү кемелердин жолтоосуз сүзүүсүнө уруксат кылынуучу анын багыты менен чек араларын көрсөтүүчү навигациялык жагдайдын белгилери коюлган суунун бети;
кеме катнашы – жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын жол жүгүн, почта жөнөтүүлөрүн ташуу, сүйрөтүү, пайдалуу кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана өндүрүү жүргүзүү, балык жана башканы уулоо, курулуш, жол, гидротехникалык, суу алды-техникалык жана башка ушул өңдүү жумуштар, лоцмандык өткөрүү, куткаруу операциялары, суу объектилерин коргоо, аларды булгануудан жана таштандыга толуудан сактоо, чөгүп кеткен мүлктү көтөрүү боюнча иш-чараларды, мамлекеттик текшерүүнү жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемелерди колдонуу менен байланышкан ишмердүүлүк;
транспорттук коштомо кагаз – түз суу катнашында жүктөрдү ташууда таризделүүчү ташуу документи;
ыйгарым укуктуу орган – суу транспорту жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ошондой эле суу транспортуна мамлекеттик текшерүүнү жана көзөмөлдү, анын ишмердүүлүгүн ыкташтырууну жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик орган;
кеменин экипажы – кемеде кызматтарды ээлеп турушкан жана жумуштарды аткарышкан, атайын даярдыгы, квалификациясы бар, жана кызматты ээлеп турууга тиешелүү документтерге ээ болушкан адамдар.
5-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруунун негизги принциптери
Суу транспорту чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк төмөнкү башкы принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) кеме катнашынын коопсуздугу, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, табиятты жана экологиялык коопсуздукту сактоо артыкчылыгы;
2) суу транспортунда жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө физикалык жана юридикалык жактардын укуктарынын теңдиги;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн ташуучуну тандоо эркиндигин камсыздоо;
4) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө баалардын эркиндигин камсыздоо.
6-берене. Суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери
- Суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу, текшерүү жана көзөмөл укуктук камсыздоонун, техникалык жөнгө салуунун жана Кыргыз Республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоонун аркасында экономиканын жана калктын суу жолдору боюнча ташууларга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу, кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорттук жумуштар менен кызмат көрсөтүүлөр базарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максаттарында жүзөгө ашырылат.
- Суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) суу транспорту жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо жана ишке ашыруу;
2) суу транспорту жаатындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу);
3) суу транспорту жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү;
4) суу транспортун өнүктүрүү жана колдонуу программаларын иштеп чыгуу;
5) суу транспортунун жана анын турмуштук түрмөгүнүн жараяндарынын адамдын өмүрү менен саламаттыгы жана курчап турган чөйрө үчүн коопсуздугун камсыздоо;
6) республиканын экономикасынын жана калктын суу транспортунда ташууларга, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө болгон керектөөлөрүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;
7) физикалык жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо;
8) суу транспортунда ташуулардын ички рыногун коргоо;
9) суу транспортунун жана суу жолдорунун инфратүзүмүн андан ары өнүктүрүү;
10) суу транспорту чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө жана кеме катнашынын коопсуздугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
11) суу транспорту жаатындагы тарифтик саясатты жүргүзүү.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу транспорту чөйрөсүндөгү компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) суу транспортун өнүктүрүү жана колдонуу программаларын бекитет;
2) суу транспортунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды бекитет;
3) суу транспортунун ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салууну жана ага көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын компетенцияларын аныктайт;
4) суу транспорту менен аскердик жүктөрдү ташууларды уюштуруунун жана аткаруунун тартибин бекитет;
5) суу транспорту жаатындагы өкмөттөр аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
6) суу транспорту жаатындагы башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечет.
8-берене. Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) суу транспортун өнүктүрүү жана колдонуу программаларын иштеп чыгуу менен ишке ашырууну уюштурат;
2) суу транспорту жаатындагы экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык саясатты жүргүзөт;
3) суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
4) суу транспортунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды, иштеп чыгат;
5) кеме айдоочуларды даярдоочу курстарды уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат кылуу тутумуна ылайык калкка кызматтарды көрсөтүүчү суу транспорту чөйрөсүндөгү субъектилердин ишмердүүлүгүн жөнгө салат;
7) суу транспортунун порттору менен менен пристандарынын тизмегин бекитет;
8) кемелердин командалык курамынын билимдерин текшерүүнү жана ага диплом берүүнү, кеменин ээлерин өлчөмү чакан кемелерди башкаруу укугуна аттестациялоону жүзөгө ашырат;
9) кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочулардын уруксат документтерин берүүнү жүргүзөт;
10) Сүзүүчү каражаттарды жана алар токтоочу жайлар үчүн базаларды (курулмаларды) каттоо, кайра каттоо иштерин жүргүзөт, алардын пайдаланууга берүүгө жарактуулугун күбөлөндүрүү;
11) суу транспортунун реестрин, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн кемелердин сууда сүзүү коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү портторду, базаларды жана курулмаларды коопсуз пайдаланууну камсыздоо маселелери боюнча ишкердик субъектилеринин ишин каттоону жүргүзөт;
12 “Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп берген чакан кемелердин классификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
13) кемелердин сүзүү эсебин жүргүзүү, кемелердин журналдарын жүргүзүүнүн, кемелерди, базаларды (курулмаларды) алардын токтоочу жайлары жана суу чарба тутумдары жана курулмалары үчүн бөлүнгөн жерлерди, суу ресурстарын максаттуу пайдалануу үчүн техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча иш кагаздарын, ошондой эле чакан кемелердин коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин, ченемдик-укуктук актылардын, стандарттардын жана ченемдердин талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9-берене. Суу транспортундагы ишмердүүлүктүн түрлөрүн лицензиялоо
Аларды жүзөгө ашырууда милдеттүү түрдө уруксаттын (лицензиянын) болуусу талап кылынган суу транспортундагы ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги жана лицензиялоо тартиби Кыргыз Республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат кылуу тутуму жаатындагы мыйзамдары менен аныкталат.
Лицензиялоонун тартибин сактоону, анын ичинде лицензиялык талаптарды жана шарттарды сактоону текшерүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
10-берене. Ташуу акысы
- Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташууга, кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди сүйрөтүүгө, суу транспортунун башка кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоонун тартиби, ошондой эле мындай тарифтерди колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
- Ташуу акысы (жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн акы) ташуучулар тарабынан аныкталат. Кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди сүйрөтүү үчүн акы кеме ээлери тарабынан аныкталат.
2-Глава. Суу жолдору
11-берене. Жалпы жоболор
- Суу жолдору мамлекеттин гана менчигин түзүшөт. Аларды кеме катнашы максаттарында колдонууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган же болбосо алар обочолонтулган суу колдонууга берилген учурларды кошпогондо, дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар жана башка суу объектилери жалпы колдонуудагы суу жолдору болуп саналат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттин гана менчигинде турган объектилерге киргизилбеген суу жолдорундагы жасалма курулмалар юридикалык жана физикалык жактардын менчигинде тура алышат.
- Суу жолдорунан орун алган кеме жүрүүчү гидротехникалык курулмалар каалаган юридикалык жана физикалык жактардын колдонуусу үчүн багышталган.
12-берене. Суу жолдорун кармоо
- Жол жумуштарын, анын ичинде жалпы колдонуудагы порттордо рейддерди жана жалпы колдонуудагы причалдарга кире бериштерди куруу жана күтүү боюнча жумуштарды жүргүзүү порттордун, пристандардын жана токтоо пункттарынын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Порттордун кире бериштери менен причалдарында, пристандарда жана токтоо пункттарындагы жол жумуштары, навигациялык жабдууну куруу жана күтүү алардын менчигинде же колдонуусунда турган жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Кечиктирүүгө болбогондорду кошпогондо, түбүн тереӊдетүүчү жана түздөөчү жумуштар, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча аткарылат.
13-берене. Суу жолдорундагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо
- Портторду, пристандарды жана суу транспортунун башка объектилерин куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жөнгө салынат.
- Суу жолдорундагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле кен эмес курулуш материалдарын алуу транспорт жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
- Суу жолдорундагы курулмалардын ээлери техникалык жөнгө салуу жаатындагы техникалык ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык экологиялык жана техникалык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өз эсебинен навигациялык отторду, белгилерди жана башка жабдууну орнотууга жана кеме катнашынын коопсуздугу максаттарында алардын иштөөсүн камсыздоого милдеттүү.
14-берене. Суу жолдорунун чектериндеги жээк тилкеси менен колдонулуучу жолдорду жана жер тилкелерин же акваторияларды пайдалануу
- Шаардык конуштардын чектеринен сырткары орун алган суу жолдорунун чектеринде, суу транспорту уюмдары жердин суунун четинен жээктин тереӊине чейинки кеӊдиги 20 метр жээк тилкесин кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо менен байланышкан жумуштар (авариялык-калыптандыруучу жана авралдык жумуштар, капиталдык курулуштардан сырткары) үчүн акысыз колдонууга укуктуу.
- Суу транспортунун объектилеринин ээлери укуктуу болот:
1) кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо максаттарда жээк тилкесин колдонууга;
2) навигациялык жабдуунун жээктик каражаттарынын көрүнүүчүлүгүн камсыздоо үчүн айлана-чөйрөнү коргоо, экология, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу жүзөгө ашырууга;
3) кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди токтотуу, байлап коюу жана токтоого тургузуу, жүктөрдү жүктөө, түшүрүү жана сактоо, кемелерге жүргүнчүлөрдү отурузуу жана түшүрүү үчүн убактылуу курулмаларды курууну жүзөгө ашырууга.
- Жээк тилкесинде навигациялык отторду кошпогондо, башка кеме жүрүштөрү тарапка багытталган кандайдыр бир отторду орнотууга тыюу салынат.
- Эгерде андай ишмердүүлүк кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо менен айкалышпай турган болсо, жээк тилкесин чарбалык жана башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн колдонууга уруксат кылынбайт.
- Жээк тилкесин колдонуу укугу гидротехникалык курулмалардын өзгөчө корголуучу табият аймактарына, мелиорациялык курулмалар, автомобиль жолдорунун жана темир жолдордун буруу тилкелери орун алган жер тилкелерине, атайын курулмалар менен бекемделген жер тилкелерине таркалбайт.
- Жээк тилкесинин чектеринде орун алган жер тилкелерин бөлүү жана суу жолдорунун акваториясынын тилкелерин бөлүү, аларда кандайдыр бир имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды куруу Кыргыз Респуликасынын жер мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
- Суу жолдорунун чектеринде акваторияда жана жээк тилкесинде суу жолдорунун жана жээк тилкесинин абалына терс таасир көрсөтүүчү жана аларды колдонууну кыйындатуучу кароосуз кемелерди, курулмаларды калтырууга тыюу салынат.
15-берене. Суу жолдорундагы тийиштүү эмес иш-аракеттер менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Суу транспорту уюмдарына таандык болгон навигациялык жабдуу каражаттарына, кеме катнашынын гидротехникалык курулмаларына, кеме жүрүштөрүнө жана башка объектилерге залал келтирүүнүн же жок кылуунун натыйжасында физикалык жана юридикалык жактар тарабынан келтирилген зыян, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине ылайык орду толтурулууга жатат.
3-Глава. Кеме
16-берене. Кемени идентификациялоо каражаттары
- Кемелердин реестринде же кеме китебинде мамлекеттик катталууга жатуучу ар бир кеме өз аталышына же номерине ээ болууга тийиш. Кемеге аталышты анын менчик ээси тарабынан ыйгарылат.
- Кемени мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган ага идентификациялык номур ыйгарат.
- Кеменин аталышы анын тумшук бөлүгүнүн эки капталына, үстүӊкү кабатынын алдыӊкы дубалына же жүрүш секичесинин канатына жана кеменин арт жагына түшүрүлөт. Кемеге ыйгарылган аны мамлекеттик каттоо идентификациялык номери кеменин аталышынан жогору жагына түшүрүлөт.
- Кемеге чакыруучу белги ыйгарылат. Кеменин техникалык жабдылгандыгына жараша ага жандоочтук байланыштын кеме станциясынын идентификациялык номери жана кеме станциясынын тандама чакыруу номери да ыйгарылат.
17-берене. Кеменин документтери
- Кемелердин реестринде катталган жана суу жолдору боюнча кеме катнашын жүзөгө ашырган кемеде, төмөнкү документтер болууга тийиш:
1) кеме күбөлүгү (кеме билети);
2) сүзүүгө жарактуулук жөнүндө күбөлүк;
3) жүргүнчүлүк күбөлүк;
4) кеменин капитаны тарабынан түзүлүүчү кеменин экипажынын мүчөлөрүнүн тизмеси (кеме ролу);
5) кемени техникалык күбөлөндүрүү актысы;
6) кемеге инспектордук кароо жүргүзүү актысы;
7) вахталык журнал, машиналык журнал (кеменин экипажынын мүчөлөрү тарабынан кызматтарды айкаштыруусуз эксплуатациялануучу механикалык кыймылдаткычы бар кеме үчүн);
8) кемеге кароо жүргүзүүнүн бирдиктүү китеби;
9) кеменин экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк;
10) кеме жүгүртмөлөрү (кеменин капитаны тарабынан бекитилүүчү башкаруу боюнча, коркунучтар боюнча, жыйнаштыруулар боюнча);
11) өлчөмү чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүк;
12) кеме айдоочунун диплому;
13) моторист-матростун квалификациялык күбөлүгү.
- Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кеменин документтерин берүүнүн тартиби суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылар менен аныкталат.
18-берене. Кемелерди ижаралоо
Суу транспортундагы кемелерди ижаралоо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
4-Глава. Кемеге менчик укугу, кемелерди жана аларга укуктарды мамлекеттик каттоо
19-берене. Кемеге менчик укугу
- Кемелер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана бөлөк менчикте тура алышат.
- Кемеге же анын бөлүгүнө менчик укугу ушундай укукту кемелердин реестрине мамлекеттик каттоо учурунан тартып пайда болот.
- Кыргыз Республикасынын аймагында курулуп жаткан кемеге менчик укугу, кемелердин реестринде мамлекеттик каттатуу учурунан тартып ээ болунган боло алат.
- Менчик ээси кемени башка тарапка келишим боюнча же сүйлөшүү боюнча өткөрүп берүүгө укуктуу, ал кемелерди каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү каттоого жатат.
20-берене. Кемелерди мамлекеттик каттоо жана ага укуктар
- Аскердик жана аскердик-көмөкчү кемелерди кошпогондо, юридикалык жана физикалык жактарга таандык болгон кемелердин бардык категориялары, өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү, анын ичинде үйлөмө, курама жана башка сүзүүчү каражаттардын типтери жана түрлөрү кемелердин реестринде мамлекеттик каттоого жатышат.
- Кемелерди жана аларга укуктарды мамлекеттик каттоо деп мамлекет тарабынан кемеге болгон укуктардын пайда болуусун, өтүүсүн чектөөлөрүн (бошотуусун) же токтотуусун Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдарына ылайык таануу жана тастыктоо актысы түшүнүлөт.
- Кемени мамлекеттик каттоо, соттук иретте талашууга боло турган катталган укуктун болуусунун жападан жалгыз далили болуп саналат.
- Кемелердин реестри жана ижараланган чет өлкөлүк кемелердин реестри анда камтылган маалыматты алууга кызыкдар ар кандай жактар үчүн ачык болуп саналат. Кемелерди жана аларга укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар, кемелерге катталган укуктар жөнүндө маалыматты укук коргоо, сот жана фискалдык органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик статистика органдарынын суроо-талаптары боюнча акысыз беришет.
21-берене. Кемелерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар
Сүзүүдөгү өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди мамлекеттик каттоо транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
22-берене. Кемени мамлекеттик каттоонун негиздемелери жана ага укуктары
- Кемени мамлекеттик каттоонун негиздемелери жана ага укуктары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик органдар тарабынан алардын компетенцияларынын чектеринде чыгарылган актылар, кемеге карата Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарына ылайык жасалган келишимдер жана макулдашуулар;
2) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте берилген кемеге болгон укуктар жөнүндө күбөлүк.
- Кемени мамлекеттик каттоо үчүн берилген укукту аныктоочу документтердин юридикалык күчүн текшерүү, кемени мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган тарабынан жүргүзүлөт.
23-берене. Кемелерди кемелердин реестринде мамлекеттик каттоонун тартиби
- Кемелерди кемелердин реестринде мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу тартиби, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен кемелерди каттоо эрежелери менен аныкталат.
- Кемелерди кемелердин реестринде мамлекеттик каттоо укукка ээлик кылуучунун арызынын жана кемелерди каттоо эрежелеринде алдын-ала каралган ага тиркелген документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
- Кемелердин реестрине жазуу киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кеме күбөлүгү (кеме чыптасы билети) берилет.
- Чет мамлекеттин кемелер реестринде катталган кеме, андай кемеге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун убактылуу берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийин бир ай ичинде мамлекеттик каттоого жатат.
24-берене. Кемени кемелердин реестринен чыгаруу
- Төмөнкүдөй кеме кемелердин реестринен чыгарууга жатат:
1) укукка ээлик кылуучу тарабынан кемени кемелердин реестринен чыгаруу жөнүндө арыз берилген;
2) кемеге камак салуу боюнча сот тарабынан аныктама чыкса же кеме аткаруу өндүрүшүнүн тарабынан мажбурлоо аркылуу сатылган болсо;
3) кемени мажбурлап сатуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген;
4) кайра куруунун же башка өзгөртүүлөрдүн натыйжасында сапаттарын жоготкон кемелер.
- Кемени кемелердин реестринен чыгаруу үчүн кеменин ээси кемени мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга арыз жана ушундай чыгаруу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.
25-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу
- Суу жолдору боюнча кемелердин сүзүүсүнө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында гана уруксат кылынат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык айрым кемеге чет мамлекеттин туусу астында суу жолдору боюнча сүзүүгө уруксат кылына алат.
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө чет элдик кеменин чет элдик экипаж менен сүзүүсүнө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелери менен аныкталат.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун, Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык же физикалык жактардын, жеке ишкерлердин менчигинде турган кемелерге беришет.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу, кемени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеме реестринде каттоо учурунан тартып пайда болот.
- Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздемелер бар болгондо, кемелерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүк беришет.
26-берене. Кемени камакка алуу жана мажбурлап сатуу
Эгерде сот тарабынан кемени камакка алуу түрүндөгү доону камсыздоо жөнүндо аныктама кабыл алынган же кеме аткаруучулук өндүрүш тартибинде мажбурлап сатылган учурда, кемелерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган тарабынан кемелердин реестрине тиешелүү жазуу киргизилет.
4-Глава. Кеменин экипажы
27-берене. Кеменин экипажынын курамы
- Кеменин экипажынын курамына кеменин командалык курамынын мүчөлөрү, кеме командасы киришет, ал эми жүргүнчүлөр кемесинин экипажынын курамына – кеменин жүргүнчүлөрүн тейлеген кызматчылар да киришет.
- Кеменин командалык курамына кеменин капитаны, түбүн тереӊдетүүчү же түбүн тазалоочу шаймандын командири, алардын жардамчылары, механиктер жана электромеханиктер, механиктер менен электромеханиктердин жардамчылары, радио адистери киришет.
- Кеме командасы кемеде иштеген адамдардан турат, алар кеменин командалык курамына жана кеменин жүргүнчүлөрүн тейлөөчү кызматчыларга киришет.
- Белгилүү бир типтеги кемени эксплуатациялоо талабына ылайык өзү жүрүүчү кеменин минималдуу курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өзү жүрүүчү кемелердин минималдуу курамы жөнүндө Жобо менен аныкталат.
- Кеменин экипажынын курамына кирүүчү адамдар, кеменин экипажынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген болууга тийиш, аны жүргүзүү кеменин капитанынын милдети болуп саналат.
28-берене. Кеменин экипажынын мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар
- Кеменин командалык курамына жана кеме командасына кирүүчү кызматка дайындоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өзү жүрүүчү кемелердин минималдуу курамы жөнүндө жободо аныкталган дипломдорго жана квалификациялык күбөлүктөргө ээ болгон адамдарга уруксат кылынат.
- Кеменин экипажынын курамына киришкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, кеменин капитанынын, кеменин капитанынын улук жардамчысынын, улук механиктин жана радио адистеринин кызматтарына дайындала алышпайт.
- Кеменин капитаны болуп жашы жыйырма беш жаштан кем эмес жана алтымыш үч жаштан ашпаган Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
- Кеменин капитанына кемени башкаруу, кемени айдоо, кеме коопсуз сүзүүсүнө чара көрүү, кемеде тартипти кармоо, кемеге жана кемедеги адамдарга жана жүктөргө зыян келтирүүнүн алдын алуу жүктөлөт.
- Кеменин капитанынын укугу жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда кемелерде кызмат кылуунун уставы менен жөнгө салынат.
29-берене. Кемедеги эмгектик мамилелер
- Кеменин экипажынын мүчөлөрүн дайындоо кеменин ээси тарабынан кеменин капитанынын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.
- Кеменин экипажынын мүчөлөрүнүн жана кеменин ээсинин эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
- Кеменин экипажынын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортундагы кемелерде кызмат кылуунун уставы менен жөнгө салынат.
30-берене. Суу транспорту жаатындагы адистерди даярдоо
- Суу транспорту жаатындагы адистерди окутуу жана даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жогорку жана орто билим берүү жайларында жүргүзүлөт.
- Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердеги кесиптик билим берүү жайларында суу транспорту жаатында билим алууга укуктуу.
31-берене. Чет мамлекеттеги суу транспорту жаатындагы адистерди даярдоону таануу
- Суу транспорту жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, таануу жөнүндөгү эл аралык келишимдердин же макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердеги билим берүү уюмдары берген билим берүү жөнүндөгү документтерди таанышат.
- Таануу жөнүндөгү эл аралык келишимдер же макулдашуулар жок болгон кезде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу органы жеке тартипте айрым чет мамлекеттердин билим берүү жөнүндөгү документтерине кесиптик билим берүүнүн деңгээлинин шайкештигине экспертиза жүргүзөт.
5-глава. Кеме катнашынын коопсуздугу
32-берене. Жалпы жоболор
- Кеменин ээси кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү.
- Кеменин ээси милдеттүү:
1) кемени коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамды дайындоого;
2) кемелердин экипаждарынын мүчөлөрүнүн, башка кызматчылардын кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча чараларды туруктуу негизде көрүүгө;
3) кеменин экипажын комплектөөнү камсыздоого жана кемени техникалык жактан оӊ абалда кармоого;
4) кемени сүзүүгө даярдоо.
- Кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо талаптарын сактабоосу үчүн кеменин ээси Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
- Эгерде кеменин экипажын комплекттөө тийиштүү түрдө камсыздалган болсо жана ал кеме катнашынын коопсуздугун, экологиялык, санитардык жана өрт коопсуздугун камсыздоо талаптарын канааттандырса, кеме сүзүүгө жарактуу деп эсептелет.
- Эгерде кеме сүзүүгө чыгар күнү кеменин экипажынын курамы саны боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өзү жүрүүчү кемелердин экипаждарынын минималдуу курамы аныкталгандан аз болсо, кемеге сүзүүгө уруксат берилбейт.
- Кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоону уюштуруу, кеме катнашынын коопсуздугу жаатындагы укуктук мамилелерди аныктоочу ченемдик-укукту актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү, Кыргыз Республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткарууну текшерүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Суу транспортунун объектилеринин ээлери кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо үчүн суу жолдорун жана навигациялык жабдууну тийиштүү түрдө кармоону жүзөгө ашырышат.
- Кеме катнашынын коопсуздугуна коркунуч туудурган кырдаалдар пайда болгон учурда, жолдорунан орун алган объектилердин ээлери, тиешелүү чараларды өз убагында көрүүгө милдеттүү.
- Кеме катнашынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кемелерге жана башка сүзүүчү объектилерге жана суу жолдорунда жайгашкан курулмаларга кароо жүргүзүүгө, кеме катнашынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына ылайык келбеген кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди кармоого, кеме катнашынын коопсуздугуна коркунучтар болгондо кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди токтотууга жана кыймылына тыюу салууга укуктуу болот.
Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма эскертүүлөрү, суу жолдорунда кеме катнашын жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын, физикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
33-берене. Кемелерге техникалык көзөмөл жүргүзүү жана кемелерди классификациялоо
- Сүзүүдөгү өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелер, жолдорундагы паром өткөөлдөрү жана калкыма көпүрөлөр, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан техникалык көзөмөлгө жана классификациялоого жатышат.
- Спорттук парустуу жана сейилдөөчү парустуу кемелерге техникалык көзөмөл, мындай кемелердин башкы кыймылдаткычтарынын барлыгы менен кубаттуулугуна жана кемелердин сыйымдуулугуна карабай, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын суу транспорту жаатындагы мыйзамдарын аткарбаганда, тиешелүү акт (протокол) түзүү менен кемени эксплуатациялоого тыюу салууга жана кеме документтерин бербөөгө жана мурда берилгендерин убактылуу алып коюуга укуктуу болот.
- Кемелерди классификациялоо транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кеменин ээлеринин эсебинен акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
34-берене. Кемелерди эксплуатациялоонун коопсуздугуна көзөмөл
- Аскердик жана аскердик-көмөкчү кемелерди кошпогондо, жолдорундагы сүзүүдөгү өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди эксплуатациялоонун коопсуздугуна көзөмөл, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кемелерди эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоо максаттарында төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоого көзөмөлдү жана текшерүүнү;
2) суу жолдорундагы кемелер менен болгон суу-транспорт кырсыктарын иликтөөнү жана классификациялоону;
3) кеме жүрүштөрүн жана навигациялык жабдуу каражаттарын тийиштүү күтүүгө көзөмөлдү.
- Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма эскертүүлөрү кеменин ээлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Мамлекеттик контролду (көзөмөл) жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
35-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоону контролдоо
Кемелерде өрт коопсуздугунун талаптарын сактоону контролдоо өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
36-берене. Кеменин ээлеринин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттери
Кемелерди эксплуатациялоодо экологиялык коопсуздукту камсыздоо, кемелерден адамдардын саламаттыгы жана суу биологиялык ресурстары үчүн зыяндуу чарбалык-тириликтик, кир мунайды камтыган жана башка суулар менен булгоолордун алдын алуу кеменин ээсинин жана кеменин капитанынын милдети болуп саналат.
37-берене. Экологиялык коопсуздукту камсыздоого көзөмөл жана текшерүү
- Кемелерди эксплуатациялоодо экологиялык коопсуздукту камсыздоону текшерүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана экология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан, ишмердүүлүгү суу транспортундагы ишмердүүлүк менен байланышкан уюмдардын санитардык эрежелер менен ченемдерди сактоосуна көзөмөл жүзөгө ашырылат.
38-берене. Кемелерди лоцмандык өткөрүү
Суу жолдору боюнча кемелердин сүзүү коопсуздугун камсыздоо жана кемелер менен болгон транспорттук кырсыктардын алдын алуу максаттарында лоцмандык кызмат түзүлө алат. Лоцмандык кызматтын кемелерди өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
6-Глава. Порттор
39-берене. Жалпы жоболор
- Порт жана порттун мүлкү мамлекеттик, жеке жана бөлөк менчикте тура алат.
- Жалпы колдонуудагы портторду, порттордо жүзөгө ашырылуучу операциялардын түрлөрүн жана ушундай порттордун ортосундагы аралыктарды көрсөтүү менен порттордун тизмеги суу транспортунун эрежелери жана тарифтери жыйнагында транспорт жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилинген жалпыга маалымдоо үчүн жарыяланат.
- Мамлекеттин менчигинде турган портторду куруу, кайра куруу үчүн, жеке менчикте турган жер тилкелери, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аныкталган тартипте, тараптардын макудашуусу боюнча зыяндарды толук өлчөмдө ордун толтуруу же башка теӊдеш баалуу жер тилкесин берүү менен алынып коюла алат.
- Порттун негизги милдеттери жана кызматтары порттун акваториясындагы кеме катнашынын жана жумуштардын коопсуздугунк амсыздоо, тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу, порттун акваториясынын мунай менен булгануусунун алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу, кемелерден калдыктарды кабыл алууну жана иштетүүнү уюштуруу, порттун акваториясынын чектеринде кемелерди куткаруу жана портто турган кемелердеги өрттөрдү өчүрүү боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү тейлөөнү уюштуруу, порттун ишмердүүлүгү жөнүндө статистикалык маалыматтарды берүү болуп саналат.
- Кемелердин коопсуз токтотуучу жайларын камсыздоону контролдоо жана порттогу тартипти камсыздоо жооптуу жак (Порттун диспетчери) аркылуу жүргүзүлөт.
- Портто жайгашкан кемелердин капитандары, бөлөк сүзүүчү объектердин ээлери, портто ишкердик менен алектенген юридикалык жана физикалык жактар портто кырсыкка кабылган адамдарды жана кемелерди куткарууга катышууга милдеттүү.
40-берене. Порттун аймагы жана акваториясы
Порттун аймагын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык портко бөлүнгөн жер тилкелери, анын ичинде аны келечектүү өнүктүрүү үчүн зарыл чөлкөмдөр түзүшөт.
41-берене. Портторду эксплуатациялоого карата негизги талаптар
- Порттордун ээлери кемелер үчүн коопсуз кире бериштерди, мындай порттордо кемелердин коопсуз токтоосун камсыздоого, жүктөр массасын жыйноо үчүн кампаларга, каражаттарга, жуктөөчү-түшурүүчү жабдууга, жүргүнчүлөрдү отургузуу, түшүрүү жана алардын кемени күтүүсү үчүн түзүлүштөр менен жарак-жабдыктарга, автомобиль жолдоруна, вагондорду портто иштетүү үчүн темир жолдун кирүү жолдоруна ээ болууга тийиш.
- Порттордо эксплуатациялануучу жүктөөчү-түшүрүүчү жабдуу аныкталган тартипте бекитилген техникалык коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Мындай жабдууну техникалык жактан оӊ абалда күтүү жана оӊдоо, жумуштарды коопсуз жүргүзүү көрсөтулгөн жабдуунун ээлери тарабынан түздөн-түз жүзөгө ашырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн жабдуунун ээлеринин техникалык коопсуздук эрежелеринин талаптарын атаруусун текшерүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жузөгө ашырылат.
- Порттордо айлана-чөйрөнү коргоо, чарбалык-тириликтик жана мунайды камтыган сууларды, башка калдыктарды кабыл алуу жана иштетүү үчүн каражаттар, ошондой эле порттун акваториясынын чектеринде кемелерди куткаруу жана өрттөрдү өчүрүү жумуштарын жүзөгө ашыруу үчүн каражаттар болууга тийиш.
- Портту эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын айлан-чөйрөнү коргоо, эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзамдарынын табиятты сактоо, санитардык, өрткө каршы жана башка талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
42-берене. Порттогу ишмердүүлүккө тийиштүү болгон милдеттүү колдонмо
- Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин порттогу ишмердүүлүгүн, ошондой эле портто турган кемелерди колдонуу менен байланышкан ишмердүүлүктү жөнгө салуу үчүн, порттун администрациясы порттогу ишмердүүлүккө тийиштүү болгон милдеттүү колдонмону бекитүүгө тийиш, ал транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
- Порттогу ишмердүүлүккө тийиштүү болгон милдеттүү колдонмо, төмөнкүнү камтууга тийиш:
1) порттун аныкталган чек араларынын сыпаттамасын;
2) кемелердин портко кирүү жана алардын порттон чыгуу тартибин;
3) кемелердин порттун акваториясынын чектеринде сүзүүсүнө жана алардын портто токтоп туруусуна насыятты;
4) порттогу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо нускамасын;
5) суу транспорту уюмдарынын технологиялык байланышты колдонуу нускамасын;
6) өрт, экологиялык жана санитардык коопсуздук талаптарын.
43-берене. Портто ишкердик жүргүзүү
- Порттогу ишкердик жүргүзүү Кыргыз республикасынын суу транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана аларга жараша чыгарылуучу башка ченемдик-укуктук актыларга, анын ичинде суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын эрежелерине, ошондой эле тараптардын макулдашууларына ылайык жүзөгө ашырылат.
- Жалпы колдонуудагы портто ишкердик жүргүзүүнү жүзөгө ашырышкан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган талаптарга ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.
- Жалпы колдонуудагы порттордо келишимдин негизинде кемелерди тейлөөнүн төлөмү бекитилилет.
7-Глава. Жүктөрдү ташуулар
44-берене. Жалпы жоболор
Жүктөрдү ташуулар жүк жөнөтүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнө ылайык жана ташуулар үчүн аларды көрсөтүүгө жараша жүктөрдү ташуулар келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
45-берене. Жүктөрдү ташуулар келишими
- Ташуулардын эрежелеринин талаптарына ылайык түзүлгөн транспорттук коштомо кагаз жана анын негизинде таризделген жол ведомосту менен ташуу үчүн жүктү кабыл алуу жөнүндө квитанция жүктү ташуу келишиминин түзүлгөнүн тастыкташат.
- Суу транспортунда жүктөрдү ташуулар менен байланышкан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү болуп саналган транспорттук документтерди толтуруунун калыптары менен тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
46-берене. Кемелердин кыймылдарын чектөө же тыюу салуу
- Аныкталгыс күчтөрдөн жана согуштук аракеттерден улам: карантин жарыялоо, ошондой эле портто жүктөр менен кемелер өлчөмдөн ашыкча топтолгондо, кеме катнашынын коопсуздугун, адамдардын өмүрү менен саламаттыгын коргоону, жүктөрдүн сакталгандыгын камсыздоо максаттарында транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кемелердин кыймылдарын чектөө жөнүндө же ага тыюу салуу жөнүндө, ошондой эле суу жолдорунун белгилүү бир тилкелеринде же белгилүү бир багыттарында суунун деӊгээли төмөндүгүнөн улам алардын сууга батууларын чектөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
- Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мындай чектөөнүн иштөө мөөнөттөрү жөнүндө чечим кабыл алат. Кемелердин кыймылына 5 күндөн ашуун мөөнөткө чектөө же тыюу салуу киргизилген учурда, Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине токтоосуз кабарлайт. Чечимдин кабыл алынганы тууралуу экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташуучуларга, жүк жөнөтүүчүлөргө, жүк алуучуларга жүктөрдү ташуулардын эрежелеринде аныкталган тартипте, кемелердин кыймылына чектөө же тыюу салуу киргизүүнүн себептери менен мөөнөттөрүн көрсөтүп маалымдайт.
47-берене. Жүктөрдү ташуулардын өзгөчө шарттары
- Жүк жөнөтүүчүлөр ташуулар үчүн жарыяланган баалуулугу бар жүктөрдү көрсөтө алышат. Ташуулар үчүн жарыяланган баалуулугу бар жүктөрдү көрсөтүү жүктөрдү ташууларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекиткен суу транспорту менен жүк ташуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
- Айрым жүктөрдү ташуулар жүк жөнөтүүчүлөрдүн жана жүк алуучулардын өкүлдөрүнүн коштоосунда жүзөгө ашырылат. Жүк жөнөтүүчүлөр менен жүк алуучулардын өкүлдөрүнүн коштоосунда ташылуучу жүктөрдүн тартиби менен тизмеги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын эрежелери же тараптардын макулдашуулары менен аныкталат.
48-берене. Аскердик ташуулар
Аскердик ташуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.
49-берене. Кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди сүйрөтүү
Кемелерди жана башка сүзүүчү объектилерди сүйрөтүүнүн тартиби, анда тараптардын жоопкерчилиги аныкталуучу сүйрөтүүлөрдү уюштуруу жөнүндө келишим, сүйрөтүүлөрдүн көлөмү жана мөөнөттөрү, сүйрөтүүлөр үчүн сүйрөтүлүүчү объектилерди берүүнүн шарттары, сүйрөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу, сүйрөтүүлөргө акы төлөө жана алар үчүн эсептешүүлөр, ошондой эле сүйрөтүүлөрдү уюштуруунун башка шарттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
8-Глава. Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуулар
50-берене. Жалпы жоболор
- Жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуулар жүргүнчүлөрдү ташуулар келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жүргүнчүлөрдү жана алардын багаждарын ташуулардын мөөнөттөрү ташуучу тарабынан иштелип чыгуучу кемелердин кыймылынын жүгүртмөсүнө ылайык аныкталат.
- Жүргүнчүлөрдү жана алардын багаждарын ташууларды жүзөгө ашыруунун тартиби, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эрежелери менен жөнгө салынат.
- Кыймылынын ылдамдыгы саатына 30 километрди жана андан көптү түзгөн кемелерде жүргүнчүлөрдү ташуулар, жүргүнчүлөрдү ылдам жүргөн кемелерде ташуулар деп эсептелет.
51-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуулардын маршруттарынын түрлөрү
- Жүргүнчүлөрдү ташуулардын маршруттары ташуулардын шарттарына, алардын узактыгына, жүргүнчүлөрдү ташуулардын маршруттарынын узундугуна (созулгандыгына) жана жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жараша төмөнкү түрлөргө бөлүнүшөт:
1) жүргүнчүлөрдү жергиликтүү ташуулар жана өткөрүүлөр;
2) туристтик – узактыгы 6 сааттан ашуун жүргүнчөлөрдү ташуулардын маршруттары;
3) экскурсиялык-сейилдөөчүлүк – узактыгы 6 сааттан ашпаган жүргүнчүлөрдү ташуулардын маршруттары.
- Ушул беренеде алдын-ала каралган жүргүнчүлөрдү ташуулардын маршруттарынын түрлөрүн аныктоонун шарттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
52-берене. Жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен саламаттыгын камсыздандыруу
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык, суу транспортунда ташуулар мезгилинде жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен саламаттыгы милдеттүү камсыздандырууга жатат.
53-берене. Ташуучунун жана жүргүнчүнүн укуктары менен милдеттери
Ташуучунун жана жүргүнчүнүн укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
54-берене. Талап кылынбаган багаж
- Кеме портко келген күндөн тартып үч ай ичинде талап кылынбаган багажды ташуучу сатып өткөрө алат.
- Доонун эскирүү мөөнөтү ичинде багаж квитанциясын көрсөткөн адам ушул берененин 1-пунктуна ылайык ташуучу талап кылынбаган багажын сактоодо жана аны сатып өткөрүүдө тарткан сарптоолорду чыгарып таштоо менен сатуудан алынган сумманы алууга укуктуу болот.
55-берене. Ташуучунун, жүк жөнөтүүчүнүн, жүк алуучунун, сүйрөтүлүүчү объектини жөнөтүүчүнүн жана алуучунун жоопкерчилиги
Ташуучунун, жүк жөнөтүүчүнүн, жүк алуучунун, сүйрөтүлүүчү объектини жөнөтүүчүнүн жана алуучунун транспорт каражаттарын бербөө үчүн, жүктү же сүйрөтүлүүчү объектини жеткирүү мөөнөттөрүн сактабоо үчүн, жүктү, жол жүгүн жоготуу же ага залал келтирүү (бузуу) үчүн, же болбосо сүйрөтүүчүнүн сүйрөтүлүүчү объектини жоготуусу үчүн, жүктү ташууга же сүйрөтүлүүчү объектини сүйрөтүүгө акыны өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги, аныкталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
56-берене. Кемеден мунайды камтыган же башка заттар менен булгоодон зыян үчүн жоопкерчилик
- Кеменин ээси кемеден мунайды камтыган жана башка заттар менен булгоодон зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук узуулар жөнүндө Кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
- Кемеден мунайды камтыган же башка заттар менен булгоодон зыян, адамдардын өмүрү менен саламаттыгына же айлана-чөйрөгө келтирилген, же болбосо аны келтирүүнүн натыйжасында суу объектилерин колдонууну кыйындаткан зыянды туюнтат. Көрсөтүлгөн зыян өзүнө кемеден мунайды камтыган же башка заттардын агуусу же чыгарылуусу чакыра алган же болбосо чакырган кырсыктын кесепеттеринин алдын алуу же жоюу боюнча ар кандай адам көргөн акыл-эстүү чараларды кабыл алууга кеткен чыгымдарды, жана ошондой чараларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгашаларды камтыйт. Аны булгоонун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ыктыярдуу же болбосо аныкталган тартипте соттун чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
57-берене. Кемелерди жана башка мүлктү куткаруу
Кемелерди жана башка мүлктү куткаруу жөнүндө келишимдер, куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн сый акы жана атайын кенемте төлөө мамилелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелери менен жөнгө салынат.
58-берене. Адамдарды куткаруу
- Куткарылган адамдардан эч кандай сый акы болжонбойт.
- Куткаруу зарылдыгын жараткан кырсыкка байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө катышкан адамдарды куткаруучулар, куткаруучуларга кемени же башка мүлктү куткаруу, же болбосо айлана-чөйрөгө зыяндын алдын алуу же аны азайтуу үчүн ыйгарылган суммадан адилеттүү үлүшкө укуктуу болушат.
9-Глава. Актылар, дооматтар жана доолор
59-берене. Актылар
- Ташууларды жүзөгө ашыруудагы ташуучулардын, сүйрөтүүчүлөрдүн, жүк жөнөтүүчүлөрдүн, жүк алуучулардын, сүйрөтүлүүчү объектилерди жөнөтүүчүлөрдүн, сүйрөтүлүүчү объектилерди алуучулардын жана жүргүнчүлөрдүн мүлктүк жоопкерчилиги үчүн негиз болуп саналган жагдайлар, ташуучулар же сүйрөтүүчүлөр тарабынан жүк жөнөтүүчүлөрдүн, жүк алуучулардын, сүйрөтүлүүчү объектилерди жөнөтүүчүлөрдүн, сүйрөтүлүүчү объектилерди алуучулардын жана жол жүгүн алуучулардын арызы боюнча түзүлгөн коммерциялык актылар же жалпы калыптагы актылар менен канааттандырылат.
- Ушул берененин 1 бөлүгүндөгү актыларды түзүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын, суу транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
60-берене. Ташуучуга же сүйрөтүүчүгө дооматтарды коюунун тартиби
- Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү ташууга байланыштуу ташуучуга же объектини сүйрөтүүгө байланыштуу сүйрөтүүчүгө доо коюуга чейин ташуучуга же сүйрөтүүчүгө дооматтарды коюу милдеттүү болуп саналат.
- Ташуучуга же сүйрөтүүчүгө дооматтарды жана доолорду коюу укугуна төмөнкүлөр ээ болушат:
1) жүктү же сүйрөтүлүүчү объектини жоготкон учурда – алардын ташуу үчүн жүктү же сүйрөтүү үчүн сүйрөтүлүүчү объектини кабыл алуу жөнүндө ташуучунун же сүйрөтүүчүнүн жүктүн же сүйрөтүлүүчү объектинин келбегендиги жөнүндө белгиси бар квитанцияны көрсөтүүсү шартында жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу же сүйрөтүлүүчү объектини жөнөтүүчү, сүйрөтүлүүчү объектини алуучу;
2) жүк жетпей калган же зыянга учураган (бузулган) же сүйрөтүлүүчү объекти зыянга учураган учурда – алардын транспорттук коштомо кагазды, коммерциялык актыны, ал эми коммерциялык акт жок болгондо – коммерциялык актыны түзүүдөн баш тартууга даттануу жөнүндө документти көрсөтүүсү шартында жүк алуучу же сүйрөтүлүүчү объектини алуучу;
3) ташуу акысын же башка төлөмдөрдү аныкталган өлчөмдө төлөгөн учурларда – алардын транспорттук коштомо кагазды көрсөтүүсү шартында жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу же сүйрөтүлүүчү объектини жөнөтүүчү, сүйрөтүлүүчү объектини алуучу;
4) жол жүгүн жоготкондо – жол жүгүнүн квитанциясын көрсөтүү шартында жүргүнчү;
5) жол жүгү жетпей калган же зыянга учураган (бузулган) учурда – ташуучу тарабынан берилген жол жүгүнүн жетпей калуусу же зыянга учуроосу (бузулуусу) жөнүндө коммерциялык актыны көрсөткөн адам;
6) жүргүнчү кемесинин жөнөп кетүүсү кармалган же ал кечигүү менен келген учурда – чыптаны көрсөтүү менен жүргүнчү;
7) жүктү же сүйрөтүлүүчү объектини жеткирүү мөөнөттөрүн сактабаган учурда – транспорттук коштомо кагазды көрсөтүүсү шартында жүк алуучу же сүйрөтүлүүчү объектини алуучу.
- Жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү же сүйрөлүүчү объектерди сүйрөөдөгү ташууларда, пайда болуучу дооматтар ташуучуларга же сүйрөчүүлөргө алардын турган жеринде коюулат.
- Дооматтарды коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен суу транспортунда жүктөрдү ташуулардын, суу транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуулардын эрежелери менен аныкталат.
- Ташуучуга же сүйрөтүүчүгө дооматтарды коюуу доонун эскирүү мөөнөтү ичинде коюулушу мүмкүн.
61-берене. Дооматтарды кароонун мөөнөттөрү
- Ташуучу же сүйрөтүүчү алынган дооматты карап чыгууга жана анын натыйжалары жөнүндө арыз берүүчүгө доомат алынган күндөн тартып 30 күн ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
- Арыз берүүчүнүн дооматын жарым-жартылай канааттандырууда же четке кагууда ташуучунун же сүйрөтүүчүнүн билдирүүсүндө кабыл алынган чечимдин негиздемеси тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга шилтеме берген күндөн тартып көрсөтүлгөн болууга тийиш. Бул учурда доомат коюуда берилген документтер арыз берүүчүгө кайтарылат.
62-берене. Доонун эскирүү мөөнөттөрү
- Жүктөрдү, жол жүгүн ташууларды же сүйрөтүлүүчү объектилерди сүйрөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу менен байланыштуу пайда болгон ташуучуга же сүйрөтүүчүгө карата доолор, ташуучу же сүйрөтүүчү дооматты канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тарткан учурда же болбосо коюлган дооматка отуз күндүк мөөнөт ичинде ташуучунун же сүйрөтүүчүнүн жообу алынбаган учурда коюлган боло алышат.
- Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү дооматты коюуга негиз болуп кызмат кылган окуя кирип келген күндөн тартып башталат.
- Доонун эскирүү мөөнөтү жүктөрдү, кол жүктөрдү ташууларды же сүйрөтүлүүчү объектилерди сүйрөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу менен байланышта пайда болгон ташуучуга же сүйрөтүүчүгө карата талаптар боюнча – бир жыл аныкталат.
- Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын жол жүктөрүн ташууларды, сүйрөтүлүүчү объектилерди сүйрөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу менен байланышта пайда болгон ташуучулардын же сүйрөтүүчүлөрдүн жүргүнчүлөргө, жүк жөнөтүүчүлөргө, жүк алуучуларга, сүйрөтүлүүчү объектилерди жөнөтүүчүлөргө жана сүйрөтүлүүчү объектилерди алуучуларга карата доолору, окуя кирип келген күндөн тартып бир жыл ичинде коюлган боло алышат.
- Кагылышуу жана куткаруу операциясын жүзөгө ашыруу менен байланыштуу пайда болгон талаптар боюнча доолор, үч ай ичинде коюлган боло алышат.
63-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
- Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндүн ичинде күчүнө кирет.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды ушул Мыйзамына ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н.Жапаров