Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш жолу кар көчкүдөн улам жабылды.
- 563 просм.
Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу 1 чакырымдан 4 чакырымга чейин кар көчкүдөн улам жабылды. 2023-жылдын 8-январында болжол менен саат 9:00дө биринчи кардын массасы түшүп, анын көлөмү 7725 метр кубду түзгөн. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №27 ЖТИнын кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен жолду кардан тазалоо иштерин баштаган. Бирок аны тазалоо учурунда болжол менен саат 12:30да экинчи жолу кар көчкүсү кайрадан түшкөн, жолдун бул участогуна жетүүгө мүмкүн болбогондуктан көлөмү белгисиз. Учурдагы кооптуу кырдаалга байланыштуу №27 ЖТИнын жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кар көчкүнү тазалоого катышкан жол кызматкерлерине кооптуулук жаратпоо үчүн 8-январдан тарта тазалоо иштерин токтотууну чечишкен.
2023-жылдын 9-январында №27 ЖТИ, ӨКМ жана райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү мониторинг жүргүзүп, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолун тазалоо боюнча биргелешкен чечим кабыл алат.
Белгилей кетсек, 4, 5, 6-январь күндөрү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 87-91 жана 99-102-чакырымдарында жалпы көлөмү 1650 метр куб кар көчкү түшүп, өз убагында тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Жогоруда аталган жолдон унаалардын өтүшүнө шарт түзүлгөн.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 7-9-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана кээ бир жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул:
Ала-Бука-Каныш-Кыя 68-101 км (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка-Акташ 1-4 км.
Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.
КР ТжКМги айдоочуларга жолду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоо үчүн өлкөнүн ашуу тилкелеринде кар жааганда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайт жана кар чынжырчаларын болушун эскертет.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы