mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте «Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу» темасында төрт күндүк семинар өтүүдө

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы кампусунун имаратында (КМКТАУнун мурдагы имараты) Азия өнүктүрүү банкы, БАРЭК институту жана жогоруда аталган окуу жай тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу» темасында төрт күндүк семинар өтүп жатат.

Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Азия өнүктүрүү банкынын, БАРЭК институтунун өкүлдөрү жана окуу жайдын жетекчилиги менен окутуучулары, ошондой эле Жаңы Зеландиянын Окленд университетинин инженери, илимий кызматкери жана окутуучусу катышууда.

Төрт күнгө созула турган семинар кечээ, 23-майда старт алып, анын ачылышында ТжКМдин өкүлү, Кыргыз Республикасындагы АӨБдүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайа жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев сөз сүйлөдү.

Аны улай эле БАРЭК институтунун директорунун экинчи орун басары И.Абдуллаев жол активдерин башкаруу системасы боюнча доклад жасады.

Белгилей кетсек, БАРЭК институту 2020-жылдан тартып Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен биргеликте Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтыкка мүчө-өлкөлөрүнө жол активдерин башкаруу маселелеринде колдоо көрсөтүп келет.

Жогоруда аталган семинарларды өткөрүүнүн максаты алдыда чет өлкөлүк эксперттердин катышуусусуз эле жол активдерин башкаруу маселелери тууралуу окутууларды өткөрүү болуп саналат.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы