mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын — Торугарт автожолдорунда кар жаап, Төө-Ашуу , Ала-Бел, Ѳтмѳк ашууларында жана Боом капчыгайнда жолчулар түнү- күнү штаттык режимде жол тазалоо иштерин жүргүзүүдѳ

2021-жылдын 14-15-март айында Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын — Торугарт автожолдорунда кар жаап, Төө-Ашуу , Ала-Бел, Ѳтмѳк ашууларында жана Боом капчыгайнда түнү менен кар – жаан чачын болуп, натыйжада жол жүрүугѳ тоскоол болду. Ошондой эле жеңил унаалар оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы жайлап, айрым айдоочулардын чынжырлары жана кышкы дөңгөлөктөрү жок болгондуктан, тыгындар пайда болду.
Саат 20: 00 чамаасында 127 чакырымда кар- бороон болуп жол жабылып түнкү 23-00 ачылды. ДЭУ 23түн кызматкерлери карды тазалоо үчүн бардык жумуштарды аткарышты, учурда Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тазалоо иштери толугу менен жүргүзүлүп, тайгаланууга каршы материалдар жолго чачылып, унаалардын өтүүсү камсыздалды.
Бардык категориядагы айдоочулардан дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштырып туруусун, аларды муз- тайгалагына каршы дөңгөлөктөргѳл чынжыр алып журүүнү сунуштайбыз. Ашуулардан өтүүдө сергек болууну, унаалардын ортосундагы аралыкты сактоону суранабыз. Ошондой эле, унаа тыгыны пайда болгон учурда, тилектештигиңизди билдирип, карама-каршы тилкеге чыкпаңыз, бул унаалардын тыгынын пайда болушуна түздөн-түз себепкер.
Учурда жолдо жүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүү иштери улантылууда. Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун ашуу участокторунда (Суусамыр өрөөнүндө Ала –Бел, ѳтмѳк, БНТ — Боом) Транспорт министрлигинин жол кызматтары кар жана бороонго карабастан, жолду кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.