Бишкек-Ош автожолунда кар көчкү түштү
- 6 459 просм.
2020-жылдын 19-мартында Бишкек-Ош автожолунун 255 км жалпы көлөмү 1440 м3 түзгөн кар көчкү түштү.
Бул участокто Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин №23 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын атайын техникасы тартылган.
Учурда жол толугу менен тазалынп унааларга жол ачылган.
КР ТжЖМ басма-сөз кызматы