Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 139-чакырымында жана 141-чакырымдарында суу өткөрүүчү түтүктөр слынып, толугу менен бүткөрүлдү
- 484 просм.
Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Бишкек-Нарын-Торугарт жол башкармалыгынын № 34-жол тейлөө мекемеси тарабынан, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30+600 жана 41+500 чакырымында, 27-июндан 25-июлга чейин жолго ШПО жумуштарын жүргүзүшүп, толугу менен бүтүрүштү.
Аткарылып жаткан жумуштун жалпы узундугу 23,5 чакырымды түзүп, бүгүнкү күндө 41,5 чакырымдан ары улантылып жатат.
Ошондой эле, “капиталдык салымдардын” эсебинен Кеӊ-Булуӊ-Свинсовхоз унаа жолунун 1 чакырымына асфальт салынып бүткөрүлдү.
Ал эми Кеӊеш обходной унаа жолуна 1 чакырым жаӊы асфальт төшөлүп бүттү.
-Чүй дарыясынын жол жээктерин бойлоп кеткен бөлүктөрүн (берегоукрепительная работа) бекитүү боюнча, жалпы 7 бөлүктүн (участок) 4 бөлүгүн (участок) толугу менен жасап бүтүштү.
Азыркы учурда иштеп жаткан техникалар:
-1 чипсилер (дорожная техника), -3 погрузчик, -7 самосвал,
-2 каток, -2 битумная яма, -4 битумовоз,
-1 суу ташыгыч, -1 компрессор жана -15 жумушчу иштеп жатат.
Ошондой эле, эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгына караштуу № 32-жол тейлөө мекемеси тарабынан, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 139-чакырымында жана 141-чакырымдарында, 20-июль 2018-жылы, суу өткөрүүчү түтүктөр слынып, толугу менен бүткөрүлдү.
№ 32-жол тейлөө мекемеси, Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунда жасала турган 5 чакырым ШПОго даярдыктар көрүлүп жатат, ошондой эле жол үстүндөгү жаракаларга “битум” суюктугу куюлуп бүткөрүлдү.
Кара-Булак-Бейшеке унаа жолундагы 1 чакырым жолдун негизи (основания) даярдалып, 2 суу өткөрүүчү түтүк курулуп бүттү.
Пресс-кызмат