mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек — Кара-Балта автожолу: унаалардын багытын эки тараптуу кылып бөлүү үчүн бетон блоктор жана атайын жол белгилер коюлду

Бүгүнкү күндө Бишкек-Кара-Балта автожолунун 45,1 км аралыктагы жол тилкесин Сhina Rail way №5 подряддык компаниясы тейлөөдө. Ал Бишкек-Ош автожолунун ЦАРЭС 3 коридорун жакшыртуу долбоорун (Фаза 4) ишке ашырууда.
Москва районунун Петров айылындагы чакырымында алгач төрт тилке асфальтбетон төшөлмөк, бирок аба-ырайынын өзгөрүшүнөн улам , куруучулар бир тарабынан 300 метр участокту төшөй алышкан эмес.
Жол кыймылынын катышуучуларынын карама-каршы тилкеге чыгышын алдын-алуу үчүн, куруучулар 0,80х1 өлчөмүндөгү бетон тосмолдорду коюп, жолдо жүрүү эрежелеринин белгилерин орнотушту.
Буга чейин айдоочулар тарабынан атайын орнотулган бетондорду жылдыруу менен карама-каршы тилкеге чыгып унааларын айдаган учурлар болгон.
Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол эрежелерин бузууну алдын-алуу, жол коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барууда.
КР Транспорт жана жол министрлиги, Чүй облусу боюнча ЖКККБ айдоочуларга кайрылып жол эрежелерин сактоого, атайын орнотулган тосмолорду бузбоого чакырат. Жолдо жүрүү эрежелерин сактоо ар бир жүргүнчүнүн коопсуздугун камсыздайт.
КР ТжЖМ жана Чүй облусунун ЖКККБ басма-сөз кызматы.