mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бек-Абад-Жийде-Муңдуз унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад-Жийде-Муңдуз унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №22 ЖТИнин кызматкерлери жолдун бир чакырымдай аралыгына асфальт жаткырышты.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери кечээ, 26-мартта башталган. Быйыл Бек-Абад-Жийде-Муңдуз унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган. Жумуштар 9-14-чакырым аралыгында жүрүүдө. Асфальт төшөө иштери бардык курулуш нормаларына жооп берет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы