Баткен облусунун Кызыл-Бел-Достук унаа жолунун 0-4 км чейинки бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады
- 770 просм.
Баткен облусунун Кызыл-Бел-Достук унаа жолунун 0-4 км чейинки бөлүгүндө “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Жалпы узундугу 4 км түзгөн асфальт-бетон төшөлдү.
Аткаруучу: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын №2 Жол тейлөө ишканасы.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы