Баткен областынын жарандарын эвакуация кылуу боюнча 2022-жылдын 26- сентябрынан 2 — октябрь аралыгында Баткен облусу боюнча жалпы 170 бирдик кичи автобустар эвакуация иштерине тартылган.
- 326 просм.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 2022-жылдын 14-17- сентябрында Кыргыз Республикасынын менен Тажик Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы болгон кагылышуусунда Баткен областынын жарандарын эвакуация кылуу боюнча 2022-жылдын 26- сентябрынан 2 — октябрь аралыгында Баткен облусу боюнча жалпы 170 бирдик кичи автобустар эвакуация иштерине тартылган.
Ош облусу боюнча 2022-жылдын 15 – сентябрында Баткен облусуна жана Чоң-Алай районуна күч түзүмдөрүн жана гуманитардык жардамдарды ташуу боюнча:
— 137 – кичи автобус тартылган,
— 82 – жүк ташуучу автоунаа гуманитардык жүктөрдү ташууга;
— 11 – тралл оор техникаларды ташууга катышкан.
Жалал-Абад областы боюнча 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Жалал-Абад областык администрация тарабынан Баткен областына, Жалал-Абад областык ички иштер кызматкерлерин жеткизүү үчүн 10 кичи автобус тартылган.
Чүй облусунан Бишкектен Баткенге эвакуация болгон жарандарды жеткирүү үчүн: 2022-жылдын үчүн
28-сентябрь күнү 4- кичи автобус
29 — сентябрда 12 — кичи автобус
30 – сентябрда 7- кичи автобус
1- октябрда 6- кичи автобус
3-октябрь 2 кичи автобус тартылды.
Ысык-Көл облусунан 2022 — жылдын 29 — сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы реаблитациялык борборундагы Баткендик жарандарды өз мекенине жеткизүү үчүн 3 Мицубиси үлгүсүндөгү автобус тартылган.
КР ТжКМ басма соз кызматы