mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы

 

Бул майрамдын статусу расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 466 токтому менен 1996 – жылы бекитилип, ошол күндөн бери жыл сайын майрамдап келебиз.

Бул кесиптик майрам – мамлекетибиздин жол жана автомобиль транспорт комплексин өнүктүрүүгө өз өмүрүн арнаган, кыштын заардуу суугуна, жайдын саратан ысыгына карабай, күнү – түнү дебей жол куруп, оңдоп, түздѳп жана карап жүрүшкөн жолчулардын, ошондой эле өлкөбүздүн, элибиздин 95 пайыз жүргүнчүлөрүн жана 60 пайыз жүктөрүн ташып жеткирүү  иштерин камсыз кылып жаткан  автотранспорт кызматкерлеринин майрамы.

 

Автомобиль транспорт жана жол чарба тармагы, биздин эгемендүү мамлекетибиздин анын ичинде региондордун, айылдык аймактардын, экономикалык, социалдык жана маданияттык ѳсүшүнүн бирден бир локомотиви болуп саналары баарыбызга белгилүү. Кала берсе жогорку тажрыйбалуу професионал жолчуларыбыз жана ошондой эле  автомобиль унаа тармагынын ишмерлери жок,  эл аралык, облус – шаар- кыштактар аралык карым катташууну элестетип болбойт.

Бүгүн биздин арабызда ѳлкѳбүздүн жол жана автомобиль транспорт комплексинин фундаментин түптѳп жана анын ѳнүп-ѳсүшүнѳ ѳчпѳс из калтырышкан професионал ардагерлерибизге терең урматтоо менен баарыбыздын атыбыздан жана жеке ѳзүмдүн атымдан ыраазычылык билдиремин!

Алар өз кесибине көптөгөн жылдар өмүрүн, кырчын курактарын арнашкан. Устат катары мыкты адис — шакирттерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өсүшүнѳ баалангыс салым кошуп беришти. Биз, кийинки муундар, сиздердин тажрыйбалуу үзүрлүү- эмгегиңиздерди жогору баалап, эч качан унутпай, сиздер менен дайыма сыймыктанабыз.

Өзүнүздөргө кеңири маалым болгондой, транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүү маселелери Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович жана Өкмөт тарабынан приоритеттүү багыт катары аныкталып, акыркы жылдарда чоң финансалык колдоо көрсөтүү менен тармактын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Ѳлкѳбүздѳ жолчулардын талыкпас эмгеги менен жаңы заманбап автотрассалар курулуп жатат. Натыйжада толгон-токой   автомобиль  маршруттары ачылды жана  калыптанды.

Автомобиль транспорту менен жакынкы жана ыраакы чет өлкөлүк 40 мамлекеттер арасында эл аралык жүктөр ташылганга шарт түзүлдү. Кыргызстан ЕвроАзиялык экономикалык биримдигине кирген мезгилден баштап, бул экономикалык аймакта транспорт катташтарын өнүктүрүүгө керектүү шарттар пайда болууда.

Ал эми акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичдин натыйжалуу аракеттеринен улам Өзбөкстан менен чек ара маселелери чечилип, өткөрүү посттору ачылгандыгына байланыштуу, бул кошуна мамлекет менен транспорттук байланыштардын көлөмү өсөт. Жалпысынан шериктеш мамлекеттер арасында мындан ары да транспорттук катнаштарды өнүктүрүү боюнча багыттуу иш – чаралар жургүзүлүп жатат.

ЕвроАзиялык экономикалык кызматташуу мамлекеттер арасында бирдиктүү транспорт саясатын ишке ашыруу, автомобиль, суу жана темир жол транспортунун жалпы маселелерин жана приоритеттерин чогуу чечүүнүн “Жол картасы” иш – чараларынын негизги багыттарынын долбоору иштелип чыгууда.

Ушул жылы Жол чарба департаменти боюнча жол тармагы

3 жарым млрд. сомго каржыланып, бул суммага ылайык 373 км асфальтобетон катмары тѳшѳлдү.

Алардын ичинде:

  • Утурумдук бюджеттин эсебинен — 124 км асфальтобетон катмары жаткырылды, 140 км бодурлоо (ШПО) жүргүзүлдү, 30 км кара шагыл, 115 км шагыл жаткырылды;
  • Капиталдык салымдар беренесинен — 127 км асфальтобетон катмары жаткырылды;
  • Райондук борборлордун жолдорун оңдоодо — 122 км асфальтобетон катмары жаткырылды.

2017 – жылы жаан чачын көп болгондугуна байланыштуу, табигый кырсыктын кесепетинен жол объектилерине көрсөтүлгөн зыян 129 млн. сомду түзүп, кырсыктарды жоюуга каралган 23 млн.сомдун ордуна жол ишканалары 95 млн. сомдук бюджеттик каражатка иш аткарышты.

 

Кыргыз Республикасынын 2013 – 2017 – жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясынын өзөгүндө эл аралык транспорт коридорлорун куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Айтып кетсем, 2017 – жылы Бишкек – Нарын – Торугарт эл аралык жолун реабилитациялоо иштери толугу менен аяктады, Ош – Баткен – Исфана, Талас – Тараз – Суусамыр жана Бишкек – Кара — Балта жолдорун реабилитациялоо иштери кѳрсѳтүлгѳн мөөнөттөрдө аткарылууда.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршеновичдин өз демилгеси менен башталган стратегиялык мааниси чоң Түндүк – Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун курулушу кызуу жүрүп  жатат жана  күндөн-күнгө күч алууда.

Долбоор 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи фаза «Кызыл-Жылдыз – Арал» , Казарман – Жалал-Абад»  участокторун жана «Көк-Арт» ашуусу аркылуу 3700метрлик тоннель куруу иштерин камтыйт. Алардын ичинде Биринчи фазадагы узундугу 12 км болгон «Кызыл-Жылдыз – Арал» (км 183-195) участкасын, реабилитациялоо иштери аяктады. Ал эми Казарман – Жалал – Абад участкасынын узундугу 142 км., ал участоктун 67 километрине асфальтобетондун биринчи катмары жаткырылды. Көк – Арт ашуусунда тоннелдин курулушу да улантылууда. Андан башка    уникалдуу, узундугу 1486метр болгон эстакадалык 2 көпүрө курулуп жатат.  Мындай эстакадалык кѳпүрѳѳ кыргызстандын тарыхында биринчи жолу курулуп жатат. Бул кѳпүрѳнү “Кыргыздолборлоо” институту тарабынын иштелип чыккан.

Ошондой эле Экинчи фаза боюнча «Арал — Казарман» участогунда курулуш иштери толугу менен жүрүп жатат, ал эми үчүнчү фаза «Балыкчы – Кызыл-Жылдыз» (0 – 183 км.) участогун камтыйт, бул фаза боюнча подрядчикти жана консультантты тандоо иштери жүргүзүлүүдө.

Түндүк – Түштүк стратегиялык, альтернативдик автомобиль жолунун курулушу эгемендүү өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги баарыбызга маалым. Бул жолдо асфальтобетон катмарын жаткыруу заманбап жана жаңы ыкма менен жүргүзүлүүдө, мындайча айтканда жолго  шагыл-мастикалык асфальтобетон жаткырылууда. Бул асфальт мурдакыга караганда алда канча сапаты жакшы, эксплуатациялоо мөөнөттөрү жогору.

Чек ара аймактарында жашаган калкыбыздын транспорттук коопсуздугун камсыздоо маселелерине да көңүл бурулууда. Ош – Баткен – Исфана жолун реабилитациялоо долбоорунун алкагында Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган, Баткен областынын Лейлек районунда узундугу 36,0 км. Исфана – Кайрагач жол бөлүгү реабилитацияланып, Тажикстан аймагын айланып өтүүчү жол салынып жатат.

Ысык-Көл транспорттук айланма долбоорун ишке ашыруу максатында, Борбордук Азияда жол каттамдарын жакшыртуу программасынын негизинде 2018 – 2022 — жылдар аралыгында ишке ашырылчу Түп — Кеген унаа жолунун калган бөлүгүн Казакстанга чейин реабилитациялоо пландаштырууда. Реабилитациялоонун жыйынтыгында Каракол шаарынан Алматы шаарына баруу үчүн сарпталган убакыт азаят жана жол дээрлик эки эсеге кыскарат, башкача айтканда узундугу 660 чакырым болгон Алматы – Бишкек – Чолпон – Ата — Каракол унаа жолуна альтернатива катарында узундугу 383 чакырымды түзгөн Алмата – Түп — «Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайына чейин Каракол унаа жолу менен каттап калышат.

Ошондой эле, Балыкчы – Чолпон – Ата – Корумду жолун реабилитациялоо иштери кызуу улантылууда.

Транспорт тармагы

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигине кошулуусу менен республикабыздын автотранспорт компаниялары Евразия бирлигинин аймагына уруксааты жок жүк ташууларды аткарууга мүмкүнчүлүк алды. Мисалга айтсак ЕАЭБге мүчө эмес кезде биздин республика Беларусь республикасы менен уруксаат кагазы аркылуу жүк ташууларды аткарышчу, ал эми азыркы учурда эч кандай уруксаат кагаздарсыз жүк ташууларды аткарышат.

Автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 2017-жылдын сентябрь айына карата былтыркыга салыштырмалуу 3 пайызга, ал эми жүк айлантуу 1,5 пайыза өскөн. Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташуу көлөмү 4 пайызга өскөн.

Министрлик автомобиль тармагында алгылыктуу иштерди алып барып, орчундуу реформалар жасалды. Мисалга айтсак Автомобиль жана суу транспорту агенттиги менен салмак көзөмөлдөө агенттиги бириктирилип, бирдиктүү Автотранспорт агенттиги түзүлдү. Мындан сырткары республиканын аймагындагы бардык мамлекттик автовобекеттер жана автокурулмаларды бириктирген бирдиктүү “Кыргыз автобекети” Мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Аталган иш-чаралар транспорттук тармактын ишмердүүлүгүн жогорулатып, калкка көрсөткөн кызматтын сапатын арттырат жана тейлөө убактысы азайат.

Ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана адамдык факторлорду жоюу максатында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү этаптуу электрондук форматка өткөрүү иштери жасалып жатат. Бул максатта автоунаалардын салмак өлчөмдөрүн көзөмөлдөөчү таразалар автоматташтырылып, жаңы үлгүдөгү электрондук таразалар орнотулууда. Мындан сырктары республиканын аймагында транспорттук көзөмөлдү электрондук түрдө жүргүзүү үчүн “Электрондук транспорттук көзөмөл” Автоматташтырылган маалымат системасы түзүлүп жатат.

Пресс-служба