mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ата мекендик өндүрүштү колдойбуз! Министрдин орун басары Ырысбек Бариев “Ками Моторс” компаниясына барды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы.Ж.Бариев «Ками Моторс» ачык акционердик коому менен таанышуу жана колдоо максатында барды.

Анын жүрүшүндө автоунаа өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрү, анын ичинде транспорт каражатынын тибин жактыруу сертификатын (ОТТС) алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана экономикалык аспекттеги бир катар башка артыкчылыктар үчүн Кыргыз Республикасынын Женева макулдашуусуна кирүү зарылдыгы угулду.

Эске салсак, «Ками Моторс» автоунааларды өндүрүү жана сатуу менен алектенет. Компания ошондой эле өзүнүн жүк ташуучу унаасын иштеп чыкканы менен белгилүү. KAMI NIMBLE — бул электр кубаты менен заряддалган шаардык жүк ташуучу унаалардын биринчи ата мекендик авто бренди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасында автомобиль курууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштеп чыккан.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы