mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Бүгүн, 12-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Буга чейин Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:30да алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо жааган кар жолчулар тарабынан тазаланып, инерттик материалдар чачылып жатат. Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, жол ачык.

Ошондой эле, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 156-220-чакырым аралыгында кар жаап, катуу бороон болууда. Кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жетип калды. Тазалоо иштери жүрүүдө, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы