Ашуулардагы абал тууралуу маалымат
- 395 просм.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар жаап, жол тазалоого жана инерттүү материалдарды чачууга атайын техникалар тартылды. Ошондой эле Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана өлкөнүн башка ашууларында кыламык кар жаап, абал аймактарды тейлеген жолчулар тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Жолдор ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок.
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери тарабынан 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата алдын-ала отун, көмүр камдалып, инерттүү материалдар алынып келинүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы