Арстанбап-Базар-Коргон унаа жолун оңдоо иштери башталды
- 320 просм.
Узундугу 50 км болгон автомобиль жолунун, быйыл 5 чакырымы оңдолот. Бул үчүн Транспорт жана коммуникация министрлиги 36 миллион сом бөлгөн.
Маалым болгондой, бул райондо туризм өнүккөн, жылына орто эсеп менен 100 миңге жакын ички жана чет элдик туристтер келет. Бирок жолдун абалы эс алуучулардын нааразычылыгын жаратып келген.
Буга байланыштуу быйыл Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан каражат бөлүнүп, курулуш иштери жанданган.
Учурда Гумкана айыл аймагынын борбордон айыл аймагына чейин иш жүрүп, «Абий Нур» ЖЧКсы иш алып барууда. Куруучулар эски асфальттын баарын алып, 5 км курулуш иштерин тегиздөө иштери жүрүп жатат. Болжол менен жолду 2 айда бүтүрүү пландалууда
Узундугу 50 км болгон автожолду №50 жол тейлөө мекемесин тейлейт
КР ТжКМнин басма сөз кызматы