Алыскы Тогуз-Торо районунун айрым көчөлөрүнө асфальт төшөлдү
- 320 просм.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мамлекеттик маанидеги унаа жолдор менен бирге эле жергиликтүү маанидеги жолдорду да оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
Атап айтканда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району боюнча айрым көчөлөргө асфальт төшөлүп, колдонууга берилди.
Аларга кыскача токтоло кетсек, Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү. Т. Жээналиев көчөсүндө 1200 метр жерге асфальт төшөө иштери жүрүүдө, учурда анын 1000 метри бүткөрүлдү. Киров-Өрнөк-Дөдөмөл унаа жолунун 870 метр жерине асфальт төшөлүп, колдонууга берилди. Жогоруда аталган көчөлөр үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында башталып, аны Сармат ЖЧКсы жасады.
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Blogger
- Tumblr
- Viber
- Skype
- Telegram