mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 146-170-чакырым аралыгы автогрейдер менен тегизделип, 201-202-чакырым аралыгындагы кар көчкү тазаланды.

Нарын шаарындагы аэропорттун жолунда жаралган жаракаларга ысытылган битум куюлуп, толтурулууда.

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 45-46-чакырым аралыгындагы суу өтүүчү түтүктөрдү (кольцо) алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 4-5-чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдыктар көрүлүп жатат.

Эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 63-66-чакырым аралыгында жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоого даярдык иштери жүрүүдө.

Өлкө аймагында жолдорду ирээтке келтирүү, кышында камдалган инерттик материалдардын калдыктарын кампага ташуу, таштандыларды тазалоо, кооптуулук жараткан жана куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жолго чыккан сууларды буруу, шагыл, кара шагыл төгүп тегиздөө, жолду кеңейтүү жана быйылкы жылы планга кирген жолдорго асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы