mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактар аралык каттамдардын айдоочуларына 5 күн ичинде 201 миң сом айыппул салынды

Аймактар ортосунда жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 201 миң сом айыппул салынды. Бул тууралууа Транспорт жана жолдор министрлигинин Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Капетов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 2 миң 816 унаа текшерилген.

20-июндан тарта айдоочуларга Транспорт министрлиги тарабынан 99 миң сомго, Санитардык-эпидемиологиялык станция тарабынан 102 миң сомго айыппул салынган.