Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунда Подрядчы тарабынан 5 км жер кыртышын кеңейтүү, 8 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу жана 4 суу өткөрүүчү түтүктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлдү.
- 531 просм.
Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунда Подрядчы тарабынан 5 км жер кыртышын кеңейтүү, 8 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу жана 4 суу өткөрүүчү түтүктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Тал, Биринчи Май, Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынын тургундарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-октябрында өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаровго С.Н. жогорудагы жолду оңдоо боюнча кайрылышып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолду оңдоо боюнча тапшырма берилген.
Азыркы учурда, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 км реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунун 6-11 км аралыктарын оңдоо максатында 2022-жылдын 15-апрелинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кувейт-Кытай биргелешкен «Копри/Синохидро» ортосунда курулуш иштеринин келишимине №7 толуктоого кол коюлган.
Азыркы учурда, аталган автожолдо Подрядчы тарабынан 5 км жер кыртышын кеңейтүү, 8 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу жана 4 суу өткөрүүчү түтүктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Курулуш иштерине подрядчы тарабынан 35 жумушчу жана 17 жол-курулуш техникасы ишке тартылды.
Учурдажолго 500 метр асфальтобетон жабуусу төшөлдү.Курулуш иштери 2022-жылдын 31-августунда аяктайт.
КР ТжКМ басма сөз кызматы