2018-жылдын 9-февралында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИНИН 2017-ЖЫЛДАГЫ ИШТЕРИНИН НАТЫЙЖАСЫ ЖАНА 2018-ЖЫЛГА КОЮЛГАН МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ коллегиясы ѳттү
- 7 085 просм.
Бүгүн саат 10:00 до Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Д.Кенекеевдин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор минитри Ж. Калиловдун катышууснда министрликтин жыл жыйынтыгы боюнча жана ушул жылга койгон пландар тууралуу коллегия ѳттү.
Коллегияда тѳмѳндѳгү маалыматтар каралды.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2017-жылы транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштөөсүн камсыз кылды.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өз ишмердигин 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына, “Ишеним жана биримдик” Программасы боюнча 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш планына, «Жаны доорго-40 кадам» Программасынын алкагында (“40 күн” жана “100 күн”) жана 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү койгон жана башка приоритеттерге жана милдеттерге ылайык жүргүздү.
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн 2018-2040 жылдарга иштелип жаткан «Таза коом-Жаны доор» Стратегиясынын үстүндө, министрлик “Транспорт инфраструктурасы” бөлүмүн даярдоого келечекте боло турган приоритеттерге жараша ишке реалдуу аша турган инвестицияялык долбоорлорун сунуштады. Бул жасалган иштер боюнча январь айында, башка тармактардын, коомдук уюмдардын жана ассоциациялардын жана министрликтин коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго-40 кадам» Программасынын 100 күндүк Планында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 10 пункт бекитилип берилген – 6 иш-чара автомобиль жолдорун калыбына келтирүү боюнча, 1 пункт автомобиль жолдору боюнча, 1 пункт темир жол транспорту боюнча жана 2 пункт авиация боюнча. Жылдын жыйынтыгы боюнча бардык иш-чаралар аткарылды, 1 пункт жарым-жартылай аткарылды.
“Темир жол транспортунда үзгүлтүксүз жана туруктуу жүк ташуу үчүн шарттарды түзүү” 67-пункт боюнча бүгүнкү күндө Орус-Кыргыз Өнүгүү фондунан биринчи транш менен 4 085 000,00 АКШ доллары суммасында кредит алынды, ал алдын ала төлөм түрүндө (70%) «ЗИКСТО» АК компаниясына 150 жүк ташуучу вагондорду сатып алууга багытталды. Келишимдин шарттарына ылайык сатып алуу 3 этапта аткарылат. Биринчи партиянын бир бөлүгү 20 вагон “Кыргызтемиржолу» УК” МИнын түштүк бөлүмүнө декабрда келди, дагы 20 вагон 2018-жылдын январында графиктен кечигүү менен келди.
“2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолдоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык 2017-жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарын эсепке алуу менен бардыгы – 19 925 204,2 миң сом каралган.
Ченем чыгаруу ишмердигинде 70 ЧУА, анын ичинде 13 КР Мыйзамы, 17 КРӨнүн буйругу. Анын ичинен кабыл алынганы 9 КР Мыйзамы, КРӨнүн 21 токтому жана КРӨнүн 12 буйругу.
2017-жылы оперативдүү маалыматтар боюнча, КР ТжЖМне караштуу Жол чарба департаментинин ведомстволук жол уюмдары жумуштардын көлөмүн 4430,7 млн. сомго аткарган. Анын ичинде, күнүмдүк бюджет боюнча аткаруу 2205,3 млн. сомду түздү, мам.капсалым обьекттери боюнча – 2225,4 млн.сом.
Күнүмдүк бюджеттин эсебинен автомобиль жолдорунда узундугу 129,6 км аксфальтбетон жабуусу төшөлдү, ШПО – 140,0 км, кара шагыл жабуу – 25,2 км, шагыл төшөө – 86,9 км, 6 көпүрөнү куруу иши аяктады, 237285 м2 аянтта чуңкурларды оңдоп-түзөө жүргүзүлдү, автожолдорду кышкы жана жайкы тутуу боюнча 259,4 млн. сом суммасында иштер аткарылды ж.б.
2017-жылы республиканын аймагында аба ырайынын аномалдуу өзгөрүүсүнөн улам сел агып, жер көчкүлөрү жүрүп, жаратылыш кырсыктары көп болду, автомобиль жолдоруна абдан көп зыян келтирилди. Жаратылыш кырсыктары келтирген жалпы зыян алдын ала эсептөөлөр боюнча – 129,4 млн. сомду түздү.
Автомобиль жолдорундагы транспорттук каражаттардын кыймылын өз убагында камсыздоо максатында жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин калыбына келтирүүгө өзгөчө кырдаалдар обьектилерине жол-курулуш техникалары мобилизацияланды.
Белгилей кетүү керек, жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тутуу планында жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн 23,3 млн.сом каралган. Бирок, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин калыбына келтирүүгө 158,5 млн. сом өлчөмүндө каражаттар чыгымдалды жана күнүмдүк бюджеттин эсебинен иштер аткарылды.
2017-жылга капиталдык салымдар каражаттарынын эсебинен каржыланган обьекттердин жана курулуштардын бекитилген Тизмесине ылайык, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолу, Баткен областынын чек ара райондорунда автомобиль жолун куруу, Жалал-Абад областындагы РРС-24 “Кербен” автожолун долбоорлоо жана куруу, Түп — Кеген, Алабука – Жаны-Базар — Кировка, Красная речка – Ысык-Ата курорту автожолдору ж.б. стратегиялык маанилүү обьекттер, андан сырткары, 9 көпүрөнүн курулушу каралган.
2017-жылы каралган суммадан 2107,5 млн. сом каржыланган же 94,7 %.
Оперативдүү маалыматтар боюнча, КР ТжЖМнин ведомстволук жол уюмдары тарабынан жумуштардын көлөмү 2225,4 млн. сомго аткарылды. Негизинен төмөндөгү иштер аткарылды:
— Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун калыбына келтирүү боюнча, асфальтбетондун төмөнкү жана үстүнкү жабуусу 43+500-77+500 и 83+600-85+300 км эки тарабынан аткарылды, ошондой эле асфальтбетондун төмөнкү катмары 81+240-83+620 км де оң жагында жана сол тарапта Ипподромдун жанындагы аянттын ичиндеги жол 90+000 – 93+400, 97+000 – 97+800, 99+100 –100+500 км оң тарап, 102+780 – 103+955 км эки тараптан. Бардыгы болуп асфальтбетон жабуусунун төмөнкү катмары – 39 км сол тарабында, 45 км оң тарапта жана асфальтбетондун жогорку катмары – 35,7 км де төшөлдү.
Жолдогу абал боюнча: эки катар түз линиянын ок жүгү боюнча жол белгилери 43+500-77+500 и км 83+600-85+300 км ден баштап коюлду. Жол-сигналдык белгилерди коюу боюнча жумуштар 43+500-77+500 км де жүргүзүлүүдө. Бардыгы болуп 43,3 км асфальтбетон жабуусу төшөлдү, аткарылган жумуштардын көлөмү жыл башынан 1136,7 млн. сомду түзөт.
Андан сырткары, негизги обьекттер боюнча асфальтбетон жабуусун төшөө 63,8 км аткарылды, шагыл жабуусу менен жолдорду куруу 13,0 км жана 5 көпүрөнү куруу аткарылды.
Райондук борборлордун көчөлөрүн оңдоо боюнча асфальтбетон жабуусун куруу 108,4 км аткарылды.
Баардыгы болуп 2017 жылы 346,8 км узундуктагы жолдорго асфальт төшолдү.
Жол тармагын башкаруу системасын оптималдаштыруу жүргүзүлдү, автомобиль жолдорунун төрт өндүрүш-линиялык башкармалыктары жоюлду. Эл аралык транспорттук коридорлорду эффективдүү башкаруу үчүн жол-пайдалануу мекемелерин башкаруу линиялык мүнөздөгү автомобиль жолдорун башкаруу аркылуу ишке ашырылып жатат (Бишкек-Нарын-Торугарт АЖБ, Бишкек-Ош АЖМД, Ош-Баткен-Исфана АЖБ, Ош-Сарыташ-Иркештам АЖБ), мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду тейлөөчү жол-пайдалануу мекемелери, КР ТжЖМне караштуу Жол чарба департаментине түз баш ийет, КР ТжЖМне караштуу Жол чарба департаментинде ведомстволук жол мекемелеринин жетекчилерин ишке дайындоо жана бошотуу функциялары толук өткөрүлүп берилген.
Инвестициялык долбоорлор боюнча
«Ош-Баткен-Исфана, 75-108 км автожолун калыбына келтирүү» долбоору, долбоор Ислам Өнүгүү банкы тарабынан 21.32 млн. АКШ долл. эсебинде каржыланат, КР Өкмөтүнүн кошумча каржылоо үлүшү — 2,44 млн. АКШ долл., КР Өкмөтүнүн кошумча каржылоосунун жалпы наркы – 23,76 млн. АКШ долл. Техникалык көзөмөлдү ишке ашырган Кеңеш берүүчү компания — «Спектрум» (Ливан).
17.05.2017 –ж. КР Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясынын ортосундагы курулуш иштерине контракка кол коюлган.
Подрядчик тарабынан жер казуу жумуштары 15000 м3 көлөмүндө жана 10 суу өткөрүүчү трубаларды куруу аяктады, ошондой эле курулуш иштерине жергиликтүү калктан 50 киши тартылган. Андан сырткары, азыркы учурда Подрядчик участкада кышкы тейлөөнү жүргүзүп жатат.
Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү – 14.08.2019 –ж.
Кемчиликтерге жооп берүүгө кепилдик мөөнөтү – 14.08.2020-ж.
КР автомобиль жолдорунун эки участкасын калыбына келтирүү долбоору
Жаңы-Жер-Баткен участкасы, 220-км ден 232 км, Төрт-Күл-Исфана, 248-360 км Ош – Баткен – Исфана автомобиль жолу 91,45 млн. АКШ долл. жана Кувакы-Балыкчы участогу 147-171 км, Ысык-Көл айлампа жолу 38,38 млн. АКШ долл.
ОБИ участкалары боюнча курулуш иштери 220 — 232 км жана 248 – 271 км 2016-жылы толук аяктаган. Кувакы-Балыкчы участогунун 147-171 км 2016–жылы аяктаган. ОБИ участогунун 271 – 360 км кемчиликтерди түзөтүү мезгилине өткөрүп берилген.
Азыркы күндө долбоор боюнча караштырылган каражаттын 99,5% өздөштүрүлдү.
«Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун калыбына келтирүү, 272-365 км» долбоору
Курулуш иштери башталгандан берки жалпы аткаруу 38,6 млн. АКШ долл. же контракттык нарктын 85 % түздү. Курулуш иштери 2017-жылдын 31-июлунда аяктаган. (Кемчиликтерге жоопкерчилик кепилдик мөөнөтү 2018-жылдын 31-июлунда аяктайт).
«Тараз-Талас-Суусамыр автожолун калыбына келтирүү, Фаза III, 75-105 км» долбоору. Курулуш иштери башталгандан бери жалпы аткаруу 16,1 млн. АКШ долл. же контракттык нарктын 92 % түздү. Азыркы учурда курулуш иштери аяктады.
Кемчиликтерге жоопкерчилик кепилдик мөөнөтү – 25.12.2018-ж.
«Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу, 159-183 км» долбоору
Долбоор ИӨБ (12,0 млн.АКШ долл.) жана Сауд Өнүгүү Фонду тарабынан ( мындан ары -СӨФ) (20,0 млн. АКШ долл.) каржыланат. КРӨнүн кошумча каржылоо үлүшү – 1,8 млн.АКШ долл. Долбоордун жалпы наркы — 33,8 млн.АКШ долл.
Азыркы учурда подряддык уюмду андан ары тандоо үчүн кеңеш берүү компаниясы менен контракка кол коюу үчүн жактыруу күтүлүүдө.
Долбоорду ишке ашыруунун пландаштырылган мөөнөтү — 2018-2023-жж.
«Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу, фаза 1, узундугу 150,9км.
Кызыл-Жылдыз а. –Арал а.( 183-195 км), Казарман а. – Джалал-Абад ш.(291-433 км), Көк-Арт ашуусу аркылуу өткөн, узундугу 3,8 км тоннелди ичине алганда. Донор: Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо Банкы, кредиттин суммасы: 399,9 млн. АКШ долл. Кемчиликти жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2019-жылдын ноябрь айына пландаштырылган.
Кызыл-Жылдыз а–Арал а. участок 1, узундугу 12,4 км, 2016-жылдын курулуш сезонунун аягында толук аяктады.
Казарман а. –Джалал-Абад ш. участок 2, узундугу 138,5 км, Көк-Арт ашуусундагы тоннелди эсепке алуу менен асфальтбетон жабуусунун төмөнкү катмарынын жалпы узундугу 9 см, 86,4 км ди түздү. Асфальтбетон жабуусунун үстүнкү катмарынын жалпы узундугу 60,12 км, шагыл мастикалык асфальтбетон ( мындан ары – ШМА) калыңдыгы 6 см төшөлдү. Ошондой эле 6 көпүрөнү куруу боюнча жумуштар жалпы узундугу 281 км де жүрүп жатат.
Тоннелдин ичи галереясы менен кошо:
- түштүк порталдан – 401 м, штольня – 408 м.
- түндүк порталдан – 756 м, штольня – 1152 м.
Курулуш иштери 216 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлдү (контракттык нарктын 54%).
Түндүк-Түштүк альтернативалуу автомобиль жолдорун куруу, фаза 2
Арал а. – Казарман а. участогу (195-291 км), 99 п/м. Донор: Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо Банкы, кредиттин суммасы: 298,7 млн. АКШ долл.
Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен 2021-жылдын октябрь айында аяктоо пландаштырылган.
52 км узундуктагы убактылуу технологиялык жолдорду куруу боюнча иштер аткарылды. 7 көпүрөнүн үчөөнү куруу боюнча иштер аткарылып жатат, жалпы узундугу 416 п/м.
Долбоорлоо участкасында жалпы узундугу 1472 пм 2 эстакадалык көпүрөнү куруу караштырылып жатат.
Асфальтбетон жабуусунун 5 км төмөнкү катмары төшөлдү, калыңдыгы 9 см. Курулуш иштери 145,4 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлдү (контракттык сумманын 49%).
Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК-3 коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору, Фаза 4 (Бишкек – Кара-Балта участогу), узундугу 45,5 км.
Донор: Азиат Өнүгүү Банкы, долбоордун суммасы: 120,8 млн. АКШ долл. Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2021-жылдын апрель айына пландаштырылган. Азыркы учурда Башкы подрядчик персоналды жана жол-курулуш механизмдерин жана жабдууларды (ДСМиО) мобилизациялоону ишке ашырды, участокко бардыгы болуп ДСМжО 66 бирдиги жана персоналдын 147 киши мобилизацияланды, анын ичинен 35 чет элдик жана 112 жергиликтүү адамдар тартылды.
Бириктирүүчү жолдордун долбоору, БАРЭК-1 жана БАРЭК-3 коридорлору, Түндүк-Түштүк автожолунун 3 фазасы, (Эпкин-Башкууганды участогу, 89–159 км), узундугу 70 км. Донор: Азия Өнүгүү Банкы. Долбоордун суммасы 114,35 млн. АКШ доллары. Курулуш иштеринин башталышы: 2018-жылдын апрели. Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен аяктоо 2022-жылдын апрелине пландаштырылган.
Азыркы учурда подрядчикти жана кеңеш берүүчүнү тандоо боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат.
Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК-3 коридорун өркөндөтүү боюнча долбоор, Фаза 4 (Маданият – Жалал-Абад участогу), узундугу 67 км. Донор: Евразия Өнүгүү Банкы (ЕАӨБ), долбоордун суммасы 72 млн. АКШ долл., Подрядчикти мобилизациялоо 2018-жылдын башталышына пландаштырылууда.
Кемчиликтерди жоюу мезгилин эсепке алуу менен 2022-жылдын апрель айында аяктоо пландаштырылган.
Азыркы учурда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүндө кечигүү бар, тендердик процедураларды созуунун негизги себептери ЕАӨБ товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ченемдик-укуктук актыларынын жок экендигинде.
Инвестициялык долбоорлорду эффективдүү администрациялоо үчүн Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бириккен Тобунун, Дүйнөлүк банктын (ДБ), Евразия Өнүгүү банкынын (ЕАӨБ), Эл аралык кызматташтык боюнча Япон агенттигинин (JICA), Кайра куруу жана өнүктүрүүнүн Европа банкынын (КӨЕБ), КЭРдин экспорттоо-импорттоо банкынын (КЭИБ) базасында эки өз алдынча топ түзүлдү жана натыйжада азыркы учурда үч топ иштеп жатат:
— АӨБ, ЕАӨБ, КЭИБ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ АӨБ;
— ДБ жана JICA долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ ДБ;
—Араб координациялык тобунун долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ИДӨТ ИӨБ (бириккен Сауд өнүгүү банкы, Араб экономикалык өнүгүүнүн Кувейт фонду, ОПЕК Эл аралык фонду, Фонд Абу Даби, Ислам Өнүгүү банкы).
ИДӨТтүн жетекчилеринин укуктары инвестициялык долбоорлорду администрациялоо боюнча операциялык чыгымдарды бөлүштүрүү бөлүгүндө кеңейтилди.
2017-жылы биринчи жолу үч эл аралык практикалык конференция өткөрүлдү, анын бири инновациялык технологияларды киргизүү жана пайдаланууга арналган.
2017-2018-жж. жол тармагын башкаруу системасын реформалоо максатында бир катар чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда:
— күнүмдүк оңдоп-түзөө жана тейлөөчү жумуштарды сатып алуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү (натыйжага багытталган контракттарды киргизүү, мамлекеттик тапшырыктарды жайгаштыруудан акырындап баш тартуу);
— тармакты коммерциялоону баштоо.
Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн жана жол тармагында коррупциялык тобокелчиликти жоюу планы боюнча иш-чараларды ишке ашырууну аяктоо үчүн АӨБдүн институционалдык жардамынын алкагында улуттук кеңеш берүүчүлөрдүн тобу түзүлдү.
Автомобиль жана темир жол транспорту
Министрлик транспорттук чөйрөдө практикалык чараларды жана иш-чараларды кабыл алды, алардын маанилүүлөрүнүн бири транспорттук ведомстволук структуралык бөлүмдү реформалоо болуп эсептелет.
Министрликтин ведомстволук структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердигин оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү максатында, ошондой эле кайталоо функцияларын жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттиги (Автотранспорт агенттиги) Автомобиль жана суу транспорту Мамлекеттик агенттигин жана Салмак-көлөмдү контролдоо департаментин бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
Транспорттук каражаттардын салмак-көлөмүнүн ченемдерин текшерүү процессин автоматташтыруу жана адам факторун жоюу максатында, 2017-жылдын башталышынан «Сосновка» жана «Кемин» транспорттук контроль постторунда (мындан ары – ТКП) динамикалык салмак-көлөм контроль системасы орнотулган, бул таразага тартуу процедураларына адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берди (чогултуу 2,5 эсеге көбөйдү). Бул системанын алгылыктуулугу автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында орнотулган салмак көлөм параметрлерин автотранспорттук каражаттардын саатына 90 км кыймылында сактоо предметине толук текшерип чыгуу болуп саналат.
2017-жылдын 12 айында республиканын Автовокзалдар жана автостанциялар мамлекеттик ишканалары тарабынан киреше 76755,7 миң сом суммасында алынган, (2016-жылдын 12 айында -– 73134,8 миң сом), өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырмалуу 104,95% түздү .
Автовокзалдарды жана автостанцияларды оптималдаштыруу жүргүзүлүп, «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы түзүлдү.
Бирдиктүү мамлекеттик ишкананы түзүү:
— административдик персоналдын штаттык санын оптималдаштыруу;
— финансы-чарбалык ишмердиктин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
— Автовокзалдардын муктаждыктарына кийин пайдалануу үчүн келип түшкөн акча каражаттарын аккумуляциялоо (имараттарды оңдоп-түзөө, тегерек-четин жашылдандыруу, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу ж.б.). Андан сырткары автовокзалдардын бирдиктүү мамлекеттик ишканасын түзүү чет элдик жана атамекендик булактардан инвестициялык каражаттарды тартып келүү үчүн автовокзалдарды өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык планын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
«Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик компаниясы” мамлекеттик ишканасы, темир жолдо жүк ташуучу чарбалык субьекттердин муктаждыктарын канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз ишин камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын жүргүнчү ташууда суроо-талаптарын камсыздоого чакырылган.
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан» темир жол магистралын куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу
14-15-май, 2017-жылы КР Президенти А.Ш. Атамбаевдин Пекинге жасаган иш сапарында, “Бир пояс – бир жол” форумунда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырза менен Кытай – Кыргызстан – Өзбекистан темир жолун куруу долбоорун андан ары ишке ашырууга карата макулдашууга жетишилди.
КР Президенти А.Ш. Атамбаевдин 2017 –жылдын 5 нен 24-июлга чейин КЭРге жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн «Кыргыз темир жолу» УК” МИсы “Кытай темир жолун куруу корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту” ЖЧК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча Кытай – Кыргызстан – Өзбекистан темир жолунун өтүшүнүн варианттары боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
2017-жылы жарандык авиация тармагында кыргыз авиакомпанияларын Европа өлкөлөрүнүн “Кара тизмесинен” чыгаруу боюнча иш жүзүндө конкреттүү чаралар кабыл алынды. Ушунун алкагында, Кыргыз Республикасына биринчи жолу ИКАО Кеңешинин Президенти доктор О. Алиунун расмий иш сапары болду. 2017-жылдын майында Кыргыз Республикасына ИАТАнын өкүлдөрү (Авиажүк ташуучулардын Эл аралык ассоциациясы), ошондой эле МАКтын төрагасы (Мамлекеттер аралык авиациялык комитет) Т.Г. Анодина келишти. Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандык авиациянын маселелери, анын ичинде кыргыз авиакомпанияларын ЕБнин “Кара тизмесинен чыгаруу талкууланды.
Пресс-служба