mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

23-майга карата жолчулар тарабынан аткарылган иштер

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 94-чакырымына шагыл төгүлүп, тегизделүүдө. Ошондой эле, 45-54-чакырым аралыгындагы шагыл жол автогрейдер менен тегизделип жатат. Мындан тышкары, аталган унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоого даярдыктар жүрүүдө.

Нарын шаарынын Ысык-Көл көчөсүндөгү эски асфальтты сыйрып, кум-шагыл аралашмасын төгүп, профилин чыгаруу жумуштары жүрүүдө.

Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун суу жеп кеткен жээктерин калыбына келтирүү, грейдер менен сүрүп, тазалоо жумуштары жүрдү.

Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 74-100-чакырым аралыгындагы жол белгилерин, сигналдык столбиктерди актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

Нарын-Баетов унаа жолунда эски асфальтты сыйрып, асфальт басууга даярдык иштери жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы