mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

23-ДЕКАБРЬ: ЖОЛ АЧЫК, КАТТАМ БАР

Бүгүн, 23-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Түп-Кеген жана Бишкек-Кара-Балта жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы