2025-2029-жылдарга карата транспорт жана жол сектору боюнча бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясына Түшүндүрмө кат
- 184 просм.
1. Киришүү
Бул документ расмий орто мөөнөттүү (2025-жылдан 2029-жылга чейинки беш жыл мезгил аралыгын камтыган) — бюджеттик чыгымдардын стратегиясы болуп саналат, ал 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына киргизилген. Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары программалык негизде бюджетти даярдоо процессинин курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекстин негизинде түзүлөт.
Бул стратегия тармактык саясатты ишке ашыруунун алкагында бюджеттик чыгымдардын программаларын, ошондой эле кабыл алынган бюджеттик чараларды жана бюджеттик эмес каржылоо булактарын кошо алганда республикалык бюджеттин бул үчүн пландаштырылган каражаттарынын чегинде аларды каржылоону камтыйт.
2. Сектордун аныктамасы жана сыпаттамасы
Кыргыз Республикасындагы транспорт жана жол секторун түзүмү өлкөнүн географиялык абалы жана анын геофизикалык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Деңизге жана кеме жүрүүчү дарыяларга чыгуунун жоктугу, басымдуу бөлүгү тоолуу рельефтер жана негизги темир жол түйүндөрүнүн алыстыгы транспорттук байланыш системсын түздү, негизинен автомобиль жана аба транспортуна багытталган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасы магистралдык жана автомобиль жолдорунан, темир жолдордон, аэропорттордон жана аэродромдордон турат.
Жол тармагы Кыргыз Республикасында жүк ташуунун 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 98 пайызын камсыз кылат. Кыргыз Республикасында жол тармагынын жалпы узундугу болжол менен 34000 км түзөт, анын ичинен 19051,76 км жалпы пайдалануудагы жол Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (КР ТжКМ) түзүмдүк бөлүмдөрү, шаарлардын, шаар тибиндеги калктуу конуштардын жана айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка ишканалардын көчөлөрү жана жолдору 15190 км түзөт. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн чарбалык жана административдик багыты боюнча жалпы узундугу 4326 км эл аралык маанидеги автомобиль жолдору, 5335 км мамлекеттик маанидеги жолдор жана 9149 км жергиликтүү маанидеги жолдор болуп бөлүнөт. Катуу төшөлгөн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу – 7580 км, анын ичинде цемент-бетон – 10 км, асфальт-бетон – 5698 км жана кара шагыл – 1871 км түзөт. Шагыл төшөлгөн жолдор – 9388 км түзөт. Дагы деле топурак жолдору бар, алардын жалпы узундугу 1617 км түзөт. Министрликтин балансына жыл сайын болжол менен 60 км жаңы жолдор кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары — Министрлик) тармактын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн транспорт жана жолдор чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзөт жана ишке ашырат.
3. «Транспорт жана жол» секторунун негизги стратегиялык максаты — экономиканын жана калктын жеткиликтүү жана сапаттуу транспорттук жана жол кызматтарына болгон муктаждыктарын толук канааттандыруу.
4. Сектордун стратегиялык милдеттери.
1) Автомобиль жолдорунун ички желесин жумушчу стандарттарга ылайык келтирүүнүн эсебинен транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
2) Эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо жолу менен өлкөнүн дүйнөлүк экономикалык системага интеграцияланышын жогорулатуу;
3) Жер үстүндөгү жана суу транспортун өнүктүрүү жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
Көрсөтүлгөн өнүгүүнүн багыттары орто мөөнөттүү мезгилге артыкчылык багыттар катары каралат. Алардын негизинде министрлик бюджеттик чыгымдардын программаларын түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бюджеттик программалары
2025-2029-жылдарга Транспорт жана жол тармагы боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмүнө бюджеттик чыгымдардын 4 программасы киргизилген:
01. Башкаруу жана администрациялоо;
02. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун иштөө абалында сактоо;
03. Эл аралык транспорт коридорлорун реабилитациялоо (калыбына келтирүү);
04. Кыргыз Республикасында автомобиль транспортун өнүктүрүү.
Жогоруда аталган программаларды ишке ашыруу боюнча чаралар тармакты өнүктүрүү саясатын аныктоочу өкмөттүк программаларда каралган чаралар менен шайкеш келет:
-2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;
— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 71 токтому менен бектилген 2023-2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары.
Программа 431. Башкаруу жана администрациялоо
Программанын максаты: Башка программалардын ишке ашырылуусуна координациялык жана уюштуруучулук таасир көрсөтүү жана коюлган милдеттерге жетүүнү камсыздоо.
00101-чара Борбордук деңгээлде тармакты башкаруу жана администрациялоо.
Бул программа жана чара КР ТКМ борбордук аппаратынын чыгымдарын чагылдырат жана стандарттуу болуп саналат, негизинен борбордук башкаруу милдеттерин, министрликтин көмөкчү кызматтарын жана башкарууну камтыйт. Бул бюджеттик программа жана чара боюнча 2025-жылга финансылык план 130 311,4 миң сомду түзөт.
Программа 432. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун иштөө абалында сактоо
Программанын максаты: Ички жол тармагынын инфраструктурасын стандарттарга ылайык талаптагыдай абалда кармоо.
43201-чара Оңдоо жумуштарын долбоорго-изилдөө жана экспертизадан өткөрүү
Оңдоо иштери үчүн долбоорлоо-изилдөө иштерин жана экспертизаларды даярдоо. Капиталдык оңдоо, көпүрөлөрдү жана жаңы жолдорду куруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн долбоорлоо-изилдөө иштерин, долбоорлорго экспертиза жүргүзүү зарылдыгы “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жол-оңдоо жана жолдорду курууга техникалык көзөмөлдү көз карандысыз консультациялык компания жүргүзүшү керек.
43202-чара Капиталдык оңдоо (көпүрөлөрдү жолдорду куруу, орточо оңдоо, жолдун өтүүчү бөлүгүн белгилөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу)
2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, жыл сайын кеминде 500 км жолду оңдоо керек, анын ичинде:
— а/б жабууларын орнотуу — 200 км
— ШПО аппараты — 150 км
— шагыл төшөлүүчү аппарат — 150 км.
Ошондой эле көпүрөлөрдү жана жолдорду куруу, жүрүүчү бөлүктөрдү белгилөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу үстүбүздөгү жылга бекитилген Титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлөт
43203-чара Утурумдук оңдоо (аң-чөнөктөрдү жамоо, кырып тазалоо жана башка жумуштары)
Жолдорду тиешелүү деңгээлде сактоо үчүн жана андан ары бузуулардын алдын алуу үчүн учурдагы ремонттун алкагында жыл сайын 150 миң м2 чуңкурларды оңдоо, профилдөө, автомобиль жолдорун пландаштыруу ж. б. боюнча иштер жүргүзүлөт.
43204-чара Автоунаа жолдорун кышкы жана жайкы күтүү
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инерттүү материалдар (күйүүчү-майлоочу майлар, кум, туз ж.б.) жыйналат, ошондой эле кыш мезгилинде жол курулуш техникасын жана запастык бөлүктөрүн оңдоо үчүн.
Жайкысын автомагистралдардын жээктеринде жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. (жолдун элементтерин орнотуу жана алмаштыруу, чөп чабуу, жол боюндагы таштандыларды тазалоо ж.б.). Мында запастардын жана материалдардын деңгээли кыймыл керектөөнүн 65% ынан кем эмесин түзөт.
43205-чара Автоунаа жолдорун күтүүгө кеткен административдик чыгымдар (эмгек акы, Административдик башкаруу кызматкерлерин күтүү, ТТК, КТК)
Бул бюджеттик чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жана Жол фонду аппараттарын камсыз кылуу каралууда. Ошондой эле жол тармагын өнүктүрүүнү башкаруу процессине жол уюмдарынын кызматкерлеринин туруктуу катышуусу. Жол катмарынын эскиришине мониторинг жана баалоо жүргүзүлөт, жол тармагын оңдоо жана күтүү боюнча иштердин пландары иштелип чыгат, башкаруу процессин жана жөнгө салуу базасын өркүндөтүү боюнча сунуштар жана пикирлер киргизилет, жаңы технологиялык ыкмалар талданат.
43206-чара Автомобиль жолдорунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базаны жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы №95-р токтомуна ылайык, жол-курулуш адистештирилген техникалардын жана жабдуулардын паркын жаңылоо, курулуш боюнча коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, 2023-2026-жылдарга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоо, оңдоп-түзөө жана талаптагыдай кармоо, жол куруу, адистештирилген техника жана жабдууларды сатып алууга каражат каралып, бөлүштүрүлдү. Бул жыл сайын болжол менен 15% чегинде каражаттарды үнөмдөөгө алып келет, автомобиль жолдорун куруу мөөнөтүн олуттуу кыскартат, аларды күтүүнүн сапатын жакшыртат, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт.
Жогоруда аталган программаларды ишке ашыруу боюнча чаралар жол секторун өнүктүрүү саясатын аныктоочу өкмөттүк программаларда каралган чаралар менен далкелет.
Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн 2025-жылга республиканын бюджетинде эң аз дегенде 4 666,6 млн. сомду кароо зарыл, бул бюджеттик циркулярдын формаларынын табыштамаларында чагылдырылган.
Кыргыз Республикасынын “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоого, курууга, оңдоого жана күтүүгө каржылоо Фонддун белгилүү булактарынан түзүлгөн каражаттардын эсебинен Жол фонду тарабынан ишке ашырылат.
Ошондой эле, “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамда 16 Булак бекитилген. 2025-жылы фонддун иштеп жаткан булагы боюнча ассигнованиелерди эсепке албаганда 4 404,1 млн сом каражаттарынын түшүүсү болжолдонууда, анын ичинде:
1) күйүүчү-майлоочу материалдарга акциз салыгынын элүү пайызынан (50%) кем эмес – 2 151,8 млн сом;
2) транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар-2168,3 млн сом;
3) салыктык эмес кирешелер (ДНВТ) – 62,0 млн сом;
4) жасалма курулмалар аркылуу өтүү үчүн жыйымдар-264,5 млн сом;
5) бөлүнгөн тилке жана жол четиндеги тилке үчүн төлөм – 20,0 млн сом.
Орто мөөнөттүү мезгилде бюджеттик программаны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары.
* Жалпы пайдалануудагы автожолдордун жалпы узундугундагы эскилиги жеткен жол кыртышынын үлүшүн азайтуу;
* Капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону талап кылган жол курулмаларынын пайызын азайтуу;
* Жалпы пайдалануудагы жолдордун оңдолгон участокторунун пайызы, көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо;
* Жол коопсуздугун жогорулатуу.
Программа 433. Эл аралык транспорт коридорлорун реабилитациялоо (калыбына келтирүү)
Программанын максаты: Дүйнөлүк экономикалык системага интеграцияны жогорулатуу, республиканын калкынын жана чарба субъекттеринин товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактык рынокторго жетүүсүн камсыз кылуу, транзиттик потенциалды өнүктүрүү.
43301-чара Батыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү (Ош-Баткен-Исфана):
Бул чара өзүнө Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 км, узундугу 47 км болгон участогун реабилитациялоону караган «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорун камтыйт. Долбоорду 2022-жылы аяктаган.
43302-чара Батыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү (Бишкек-Ош):
Бул чара өзүнө төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт:
“Бишкек-Ош унаа автожолун реконструкциялоо, IV фаза” долбоору
Реконструкциялоону талап кылган участоктун узундугу Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейин 67 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө долбоор боюнча иштердин негизги көлөмү аяктады жана долбоордук участок кемчиликтер үчүн Подрядчынын жоопкерчилигинде турат.
“Арал-Суусамыр автожолун реабилитациялоо” долбоору
Арал-Суусамыр автожолу азыркы учурда ишке ашырылып жаткан Түндүк-Түштүк транспорт коридорунун участокторун куруу жана реабилитациялоо долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул коридор өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктирүүчү жалгыз жол — Бишкек – Ош автожолуна альтернатива катары кызмат кылат. Реабилитациялоону талап кылган участоктун узундугу 80 км.
Азыркы учурда “Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ долбоордук-сметалык документтерди даярдоону аяктады. 2024-жылдын I кварталында ЕТӨФгө билдирме жөнөтүү пландаштырылууда. 2024-жылдын IV кварталында каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу пландаштырылууда.
“Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоору
Аталган долбоор Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 км аралыктарын реабилитациялоону, ошондой эле Бишкек-Ош автожолундагы табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чараларды карайт. Долбоор JICAдан каржыланат.
Аталган долбоор эки компонентти камтыйт:
- Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 км участогун реабилитациялоо;
- Бишкек-Ош жолундагы жаратылыш кырсыктардын алдын алуу. Аталган долбоордун алкагында япон тараптан автожолду жаратылыш мүнөзүндөгү табигый кырсыктардан, тактап айтканда, 400,1-400,8 км (болжолдуу тоннелди куруу); 409 км (таш кулоодон коргоочу курулманы куруу); 451 км (жер көчкүдөн таяныч дубалды куруу) коргоо үчүн инженердик – коргоочу курулмаларды куруу жүргүзүлө турган участоктор жактырылган.
43303-чара “Бишкек-Ош жолун көчкүдөн коргоо” долбоору (JICA) (Грант) ДБ
Бул чара “Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүлөрүнөн коргоо” долбоорун камтыйт, ал кардан коргоочу галереяны куруу аркылуу жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтууга жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган, ошону менен Кыргыз Республикасында автомобилдик ташууларды жана логистиканы жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Бул долбоордо Бишкек-Ош автожолунун 246-чакырымында узундугу 460 метр жабык типтеги кардан коргоочу галереяны куруу, ошондой эле кардан коргоочу галереянын эки тарабына кирүүчү жолдорду куруу каралган. Бул долбоорду аяктоо кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртууга мүмкүндүк берет, ошону менен Кыргыз Республикасында автомобилдик ташууларды жана логистиканы жакшыртууга өбөлгө түзөт.
43304-чара “Бишкек-Ош автомобиль жолунун кар көчкүлөрүнөн коргоо” долбоору (JICA) (грант).
Бул чара өзүнө “Бишкек-Ош автомобиль жолунун кар көчкүлөрүнөн коргоо ( кардан коргоочу тосмолор)” долбоорун камтыйт. Долбоордун максаты Бишкек-Ош автомобиль жолу боюнча кыш мезгилинде жолду кар көчкүдөн коргоо боюнча иш-чараларды өнүктүрүү жана жергиликтүү экономиканы жандандыруу аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ишенимдүү жана натыйжалуу ташууну камсыз кылуу болуп саналат. Тактап айтканда, долбоор менен Бишкек-Ош жолунун Тоо-Ашуу ашуусу аркылуу 125-129-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусу аркылуу 215-222-чакырымдарында кар тосмолорун (тосмолорду) орнотуу пландаштырылган.
43305-чара Эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү (Түндүк-Түштүк)
Бул чара өзүнө “БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жол” жана “БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жол, 2-фаза-кошумча каржылоо” долбоорлорун ишке ашырууну камтыйт.
Реконструкциялоону талап кылган участоктордун узундугу 138 км, башкача айтканда Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейин (89 км – 159 км) жана Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейин (0 км — 43 км) Кочкор айылынан Эпкин айылына чейин (64 км-89 км).
Бул автожол Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорундагы пайдалуу кен чыккан жерлерге жетүүнү, жерлерди жана айыл чарба жерлерин өздөштүрүүнү камсыз кылат, бул жергиликтүү калк жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө кызыкдар инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратат. Мындан тышкары, өлкөнүн туристтик тартымдуулугун жакшыртат жана жол боюндагы инфраструктура объекттерин өнүктүрүү аркылуу жеке ишкердикти өнүктүрүүгө түрткү берет.
“БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жол” долбоору боюнча 2024-жылга планга ылайык, 24 км төмөнкү катмар жана 56 км үстүнкү катмар асфальт-бетон жабуусун төшөө керек.
“БАРЭК 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жол, 2-фаза — кошумча каржылоо” долбоору боюнча 2024-жылга калган курулуш иштерин аяктоо жана участокту күтүүнү улантуу пландаштырылган.
43306-чара Батыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү (Тараз-Талас-Суусамыр)
Бул чара өзүнө төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт:
“Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, 4- фаза, 104,6-197,6-км арасы” долбоору.
Реконструкцияны талап кылган участоктун узундугу 93 км түзөт, долбоорлонгон участок толугу менен Талас облусунда жайгашкан жана Талас шаарынын батыш чек арасында 104,6-км ден башталат, андан ары жол батыш багытта Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасына (Кичи-Капка көзөмөл-өткөрүү пункту) чейин өтөт жана Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун камтыйт.
Курулуш жумуштарынын мезгили: 2025–2028-жж. (кемчиликтер үчүн жоопкерликтин кепилдик мөөнөтү — 3 жыл).
Бул долбоордун алкагында ИӨБ, СӨФ, ОПЕК менен кредиттик макулдашууларды ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедуралар аяктады жана донорлордон Кредиттик макулдашуулардын күчүнө кириши жөнүндө каттар алынды: Ислам өнүктүрүү банкыныкы 2023-жылдын 15-декабрынан баштап күчүнө кирди, Сауд өнүктүрүү фонду 2024-жылдын 2-январынан баштап жана ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду 2024-жылдын 18-январынан баштап күчүнө кирди.
— Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (грант JICA) ортосундагы Талас-Тараз автомобиль жолундагы Урмарал дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо долбоору». Аталган долбоор Урмарал дарыясы аркылуу көпүрөнү реконструкциялоо жолу менен Талас-Тараз автожолундагы транспорттук тармакты жакшыртууга жана логистиканы жөнөкөйлөтүүгө багытталган, ошону менен транспорттук инфраструктураны кармоого салым кошулат жана региондор ортосундагы ажырым жоюлат.
Бул долбоор боюнча иштердин 92,24% аяктады. Көпүрөгө кирүүчү а / б жолдорду төшөө иштери аяктады. Көпүрөнү жабуу үчүн а/б төшөөдөн тышкары, көпүрөнүн курулушу боюнча негизги иштер аяктады. Көпүрөнүн кире беришине эки тараптан 1 километрге жакын асфальт-бетон төшөлдү, 28 даана жарык берүүчү түркүк орнотулду.
Подрядчы кыш мезгилинде 2023-жылдын 15-декабрынан тартып участкасында ишин токтотту. Курулуш иштери февралдын аягында улантылып, апрель айынын башында көпүрөдөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.
43307-чара Чыгыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү (Балыкчы-Каракол-Балыкчы):
Чыгыш багытындагы эл аралык транспорт коридорлорун реабилитациялоого Ысык-Көл айланма жолун жакшыртуу долбоорлору (“Балбай Баатыр – Каракол” участогу), (184,5-км — 216,7-км) узундугу 30 км (Түп айылын эсепке албаганда) жана “Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу долбоору” узундугу 75,2 км “Барскоон – Каракол” участогу (141,6-кмден 220-кмге чейин) кирет.
“Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма автожолун реабилитациялоо” долбоорунун Балбай баатыр айылынан Каракол шаарына чейинки участогу (184,5-км — 216,7-км) боюнча 2024-жылдын май айында Кыргызжолтрансдолбоору долбоордун деталдуу дизайнын даярдоо боюнча жумушун аяктайт
ЕРӨБ менен сүйлөшүүлөр 2023-жылдын 2-ноябрында өткөн, макулдашууга 2023-жылдын 28-ноябрында кол коюлган. Ратификациялоо жол-жоболорунун аякташы 2024-жылдын июлунда күтүлүүдө. Аны менен катар Подряддык жана Инженердик компанияларды тандоо процедураларын өткөрүү пландаштырылууда.
“Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу” долбоорунун “Барскоон – Каракол” участогу (141,6 кмден 220 кмге чейин) боюнча “Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ долбоордун деталдуу дизайнын даярдоо жумушун бүтурдү. 2024-жылы көчүрүү планын аяктоо жана каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюу пландалууда.
Жогоруда аталган долбоорлор Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун абалын жакшыртууга (реабилитациялоого) багытталган иш-чараларды карайт. Ысык-Көл курорттук зонасынын тез өнүгүшү жүргүнчү жана жүк ташуунун кыйшаюусуз туруктуу өсүшү менен коштолууда. Чоң курорттук аймактын, айрыкча жай мезгилинде өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жыл сайын көбүрөөк унаалар талап кылынат. Курорттук зонадагы автомобиль жолунун барган сайын күчөп бара жаткан чыңалуусу жана келечекте автомобиль транспортунун нормалдуу иштешин камсыз кылууга жөндөмсүздүгү долбоордук жолду жакшыртуу зарылчылыгын пайда кылган башкы фактор болуп саналат.
“Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо (Ысык-Көл шакеги, Корумду айылы – Балбай баатыр айылы)” долбоору, узундугу 80,5 км, (АКГ). Долбоор Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун 104-184,5-км аралыгындагы 2Н участогунун абалын жакшыртууга (реабилитациялоого) багытталган иш-чараларды карайт. Ысык-Көл курорт зонасынын тез өнүгүшү жүргүнчү жана жук ташуулардын кыйшаюусуз өсүшү менен коштолууда. Чоӊ курорт зонасынын өсүп бара жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу учун жыл сайын көбүрөөк автомобиль талап кылынууда. Курорт зонасында автомобиль жолунун барган сайын чыңалгандыгы жана анын келечекте автомобиль транспортунун нормалдуу иштешин камсыз кылууга жөндөмсүздүгү долбоорлонгон жолду жакшыртуу зарылдыгын пайда кылган негизги фактор болуп саналат.
Бул долбоордун ишке ашырылышынын артыкчылыгы Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына камтылган.
Курулуш жумуштарынын мезгили: 2024–2027-жж. (кемчиликтер үчүн жоопкерликтин кепилдик мөөнөтү 3 жыл).
Калктуу конуштар: Темировка ай., Григорьевка ай., Кожояр ай., Семёновка ай., Ананьево ай., Жаркымбаев айылы, Чоң-Өрүктү ай., Орто-Өрүктү ай., Ой-Тал ай., Ой-Булак ай., Кутурга ай., Фрунзе ай., Ак-Булуӊ ай., Күрмөнтү ай., Балбай баатыр ай.
43308-чара Чыгыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо. (Орто Азияда жол байланышын жакшыртуу боюнча Долбоордун үчүнчү фазасы (Түп -Кеген 39 -76 км жана туризмди өнүктүрүү)
Бул чара “Борбордук Азиядагы аймактык байланыш жолдорун жакшыртуу боюнча Программанын үчүнчү фазасы” (БААБЖЖБП-3) долбоорун камтыйт, Аталган долбоордун алкагында “Каркыра” капчыгайындагы туристтик базага чектеш Түп – Кеген автомобиль жолун 39-76 км жана 15 км жакын жолду реабилитациялоону, ошондой эле жол-эксплуатациялык жабдууларды сатып алууну камтыйт. Аталган долбоордун алкагында жолдорду куруу, транспорттук, анын ичинде авиациялык коопсуздукту жана туризмди өнүктүрүүнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашыруу сунушталууда. Долбоордун башкы максаты-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Россия транзиттик коридорунун бир бөлүгү болуп саналган Түп-Кеген автожолун реабилитациялоону аяктоонун эсебинен Ысык-Көл облусу аркылуу Казакстан менен транспорттук каттамды жакшыртуу болот.
.
Орто мөөнөттүү мезгилде бюджеттик программаны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары.
Эл аралык транспорттук коридорлордун жалпы узундугунда эскилиги жеткен жол кыртышынын үлүшүн азайтуу. Анткени эл аралык транспорттук коридорлор Кыргыз Республикасынын товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактык базарларына жетүүсүнүн дээрлик жалгыз ыкмасын камсыз кылат жана өлкөнүн ичиндеги негизги экономикалык борборлордун ортосундагы байланышты камсыз кылууда олуттуу роль ойнойт.
Бул программаны жана чараларды ишке ашыруу Кыргызстанды коңшу мамлекеттер менен, ошондой эле Бишкекти өлкөнүн башка ири шаарлары менен байланыштыруучу жолдордун жогорку сапаттуу базалык тармагын түзүүнү бүтүрүүгө Кыргызстанга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, унаа коридорлору көптөгөн мамлекеттерге, ири портторго, транспорттук түйүндөргө жана терминалдарга чыгууну камсыз кылат.
Программа 434 Кыргыз Республикасында автомобиль транспортун өнүктүрүү
Программанын максаты: Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, автомобиль жолдорунун жана жасалма курулмалардын сакталышын камсыз кылуу.
43401-чара Автомобилдик ташууларды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
Бул программанын жана чаранын негизги милдети эл аралык автомобилдик жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө, автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө, юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерди, анын ичинде транспорт каражаттарын салмак-габариттик көзөмөлдөөнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга багытталган.
Коорди орто мөөнөттүү мезгилде бюджеттик программаны ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжалары.
Автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууну камсыз кылат, эл аралык автомобилдик катнаштар чөйрөсүндө транспорттук мыйзамдарды жана эл аралык келишимдерди бузуу фактыларына бөгөт коет, автожолдордо салмак-габариттик көзөмөлдөөнү талаптагыдай жүргүзүүнүн натыйжасында автожолдордун бузулушун алдын алат. Бул программа жана чара боюнча 2024-жылга финансылык план 304700,7 миң сомду түзөт.
Каржылык талдоо
Наименование | 2023-жыл | 2024-жыл | 2025-жыл | 2026-жыл | 2027-жыл | 2028-жыл | 2029 год |
(факты) | (бекитилген) | (план) | (божомол) | (божомол) | (божомол) | (божомол) | |
ИТОГО Министерство транспорта и коммуникаций КР | |||||||
Бюджетные средства | 4 030 334,9 | 4 450 935,1 | 5 205 027,2 | 5 507 098,5 | 6 073 141,1 | 6 708 239,4 | 7 281 714,6 |
Средства, аккумулируемые на специальных счетах | 40 008,9 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Государственные инвестиции (внешнее финансирование) | 7 888 542,8 | 8 721 013,8 | 8 651 421,2 | 11 986 333,9 | 13 440 734,8 | 7 936 179,4 | 4 335 657,5 |
Внебюджетные источники | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Всего по программам МТК КР, из них: | 11 958 886,6 | 13 171 948,9 | 13 856 448,4 | 17 493 432,4 | 19 513 875,9 | 14 644 418,8 | 11 617 372,1 |
— из республиканского бюджета | 11 958 886,6 | 13 171 948,9 | 13 856 448,4 | 17 493 432,4 | 19 513 875,9 | 14 644 418,8 | 11 617 372,1 |
— из внебюджетных источников | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
2025-жылга бардык бюджеттик программалар боюнча финансылык план 13 856 448,4 миң сомду түзөт, анын ичинде учурдагы бюджет боюнча 5 205 027,2 миң сомду жана мамлекеттик инвестициялар боюнча 8 651 421,2 миң сомду түзөт.
Экономика, талдоо жана стратегиялык пландаштыруу
башкармалыгынын башчысы А. Дж. Дуйшебаев