mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2025-жылдын 22- январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрдин орун басары Б. Базаралиевдин жетекчилик алдында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтык жыйын ɵттү

2025-жылдын 22- январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрдин орун басары Б. Базаралиевдин жетекчилик алдында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтык жыйын ɵттү

2025-жылдын 22- январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрдин орун басары Б. Базаралиевдин жетекчилик алдында жана Министрликтин алдындагы мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда маалыматтык жыйын  өттү. 

2024-жылдын жыйынтыгы тууралуу Массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрүнɵ   Министрдин орун басары Б.Базаралиев жол, транспорт, темир жол, инвестициялык долбоорлор боюнча  тɵмɵндɵгү маалыматты берди.

 2024-жылы министрлик тарабынан жалпы 1000 кмден ашык жолдор оңдолуп, анын ичинен 802 км жолго асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Ош-Баткен-Раззаков жолдору жана башка приоритеттүү объектилер салынып жатат. Барскоон-Үч-Турпан-Аксу эл аралык коридорун куруу жумуштары башталып, 58 км убактылуу жолдун курулушу ишке ашты. Ошондой эле, Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын эң алыскы айылы аталган Зардалыга баруучу жолдун курулушу башталды.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ максатында, министрлик тарабынан туристтик объектилерге барган жолдордун абалы жакшыртылды. Атап айтсак, “Каракол” тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын, Чүй облусундагы “Теплые ключи” менен “Ысык-Ата” ден соолукту чыңдоо борборуна барган жолдор оңдолду. Мындан сырткары, ички туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түптө туристтерди тейлөө борборлорунун курулушу ишке ашып, пайдаланууга берилди.

 

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУН ЭСЕБИНЕН 2024-жылы 149 км жолго асфальт төшөлдү. Көк-Арт туннелинин курулушу аяктады, Ала-Бел менен Төө-Ашууда кар күрткүсүнөн коргоочу тосмолор орнотулду жана Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө пайдаланууга берилди. Ошондой эле, Түп-Кеген, Каркыра-Турук-Сары-Жаз, Корумду-Балбай- Баатыр жолдорунун курулуштары улантылууда.

ТЕХНИКАЛЫК БАЗАНЫ ЖАҢЫЛОО менен бирге жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2022-2023-жылдары 297 атайын техника алынса, 2024-жылы дагы 453 атайын техника сатып алынды. Ошондой эле, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна грант түрүндө 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Ысык-Көл облусуна 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун (EDCF) эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө. Жыйынтыгында 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат.

ТРАНСПОРТ ТАРМАГЫ БОЮНЧА 2024-жылдын 12 айында эл аралык автомобиль ташууларына 144 625 уруксат кагазы берилди. Аны менен катар транспорттук көзөмөлгө талап күчөп, 2024-жылы лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 398 млн 886 миң сом түштү.

Ири долбоорлордун катарын толуктаган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун ишке ашыруу үчүн 2024-жылдын июнь айында Пекин шаарында макулдашууга кол коюлуп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу” боюнча биргелешкен ишкана ачылды. 2024-жылдын 27-декабрында темир жолдун курулушу башталды. Ошондой эле, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын өз күчү менен курулуп жаткан “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча да активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Жалпы 63 чакырымды түзгөн жолдун 2022-2024-жылдары 35 чакырымы бүткөрүлдү.

ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН 2025-ЖЫЛГА КАРАТА МИЛДЕТТЕРИ

Министрлик 2025-жылы бир нече маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Республикалык бюджеттин эсебинен, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушун баштоо, Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесин оңдоо, Ош-Баткен-Раззаков жолунун калган бөлүгүн куруу, Лебединовка-ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык ремонттон өткөрүү жана башка республикалык маанидеги жолдорду оңдоо иштери башталат. Ал эми, инвестициялардын эсебинен Ысык-Көл айланма автожолун (Барскоон-Каракол участогу, узундугу 75,2 км) реконструкциялоо, Суусамыр-Талас-Тараз (93 км) жолунун участкасын реконструкциялоо иштери башталат.

Жалпылап айтканда, 2025-жылы министрлик тарабынан башталган долбоорлор улантылып, өлкөдөгү жол инфратүзүмү жана транспорттук коопсуздук жакшыртылат.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы