2024-жылы колдонууга берилген көпүрөлɵрдүн тизмеси
- 69 просм.
2024-жылы республика аймагында 17 кɵпүрɵ толугу менен курулуп бүтүп, колдонууга берилди.
Алсак:
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63 (Абшыр-Сай), 43 (Чили-Сай) жана 29-чакырымында жайгашкан (Кыркол-Сай) көпүрөлөр толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү.
Кочкор-Коммунизм унаа жолунундагы Чу дарыясынан өткөн, узундугу 54 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу аяктады.
Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрө курулуп бүттү.
Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу аяктады. Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга кептелген. Анын узундугу 31 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп салынды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
Боспиек-Жерге-Тал-Капчыгай көпүрөсүнүн курулуш иштери 100%га аяктады.
Сузак районундагы Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашган, Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрө колдонууга берилди.
Баткен облусунун Халмион айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктады.
Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунда жайгашкан көпүрөнүн курулушу аяктады.
Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолунунун 7-чакырымына көпүрө салынды.
Кайтпас-Өтүкчү унаа жолунун 24,7-чакырымында орун алган көпүрөнү оңдоо иштери аяктады.
Сох-Кан-Зардалы жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады.
Ошондой эле, эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы