mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2024-жылдын 14-мартында Республиканын автожолдорунда жана ашууларында карды тазалоо жана туз-кум аралашмасын себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Буга чейин «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынып салынды.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Долон ашуусунун 271-чакырымынан 325-чакырымына чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери  жолду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды  чачууда. Кардын калыңдыгы 5см-8смге жетип, күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, жол ачык.

 Өтмөк ашуусунда майда кар жаап, анда кардан тазалоо жана туз-кум аралашмасы себилүүдө, жол ачык.

Ушундай эле иштер Чыйырчык , Чоң-Ашуу, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Бел, Төө-Ашуу ашууларындын жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 350-390-чакырымдарында жол жээктерин иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 390-427-чакырымдарында  жолдор таштардан тазаланууда.

14-16-март күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү, кар күрткүсү күтүлөт.

—Суусамыр—Талас-Тараз автожолунун 1-14-чакырымдарында;

 

— Чапчыма ашуусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя автожолунун 59-113-чакырымдарында;

 

-Мырза—Аке-Кара—Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

 

—Бишкек—Нарын-Торугарт автожолунун 292-305-чакырымдарында, Долон ашуусунда жана Кызыл-Бел ашуусунун 353-357-чакырымдарында;

 

— Красная Горка-Ак-Таш автожолунун 0-3-чакырымында;

 

—Кара-Тоо ашуусундагы Казарман—Ак-Тал унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында, Ийри-Суу участкасында;

 

— Суусамыр-Арал автожолунун 8-21-чакырымдарында;

 

—Чоң-Ашуу ашуусундагы Каракол-Эңилчек автожолунун 45-90-чакырымдарында;

 

— Сөөк ашуусундагы Барскоон—Ак-Шыйрак автожолунун 52-68-чакырымдарында.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн автоунаа айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.