mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2024-жылдын 21-февралында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылы аткарган ишинин жыйынтыктары жана 2024-жылга койгон милдеттери боюнча Т. Текебаевдин төрагалыгы астында  коллегия болуп өттү.

2024-жылдын 21-февралында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылы аткарган ишинин жыйынтыктары жана 2024-жылга койгон милдеттери боюнча Т. Текебаевдин төрагалыгы астында  коллегия болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде негизги 5 маселе каралды.

  • Министрликтин 2023-жылдагы жол тармагы боюнча ишмердиги тууралуу отчету жана жол тармагынын 2024-жылга койгон милдеттери жөнүндө;
  • Министрликтин 2023-жылдагы транспорт тармагы боюнча ишмердиги тууралуу отчету жана транспорт тармагынын 2024-жылга койгон милдеттери жөнүндө;
  • Министрликтин 2023-жылдагы санариптик өнүктүрүү боюнча ишмердиги тууралуу отчету жана санариптик өнүктүрүүнүн 2024-жылга койгон милдеттери жөнүндө;
  • Министрликтин борбордук аппаратынын 2023-жылдагы жалпы иштери боюнча анын ичинде аткаруу тартиби жана жарандардын кайрылуулары тууралуу отчету жана 2024-жылга койгон милдеттери жөнүндө;
  • КРдин Эсептөө палатасынын 2021-2022-жылдарга карата КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча маселелер

Коллегияда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т.Солтобаев, министрдин орун басарлары Ы. Бариев, Б. Рысмендеев, Б. Базаралиев жана борбордук аппараттын Экономика, талдоо жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы А. Дуйшебаев баяндама жасашты.

Коллегиянын жүрүшүндө  министр Т. Текебаев өткөн 2023-жылы министрликте бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын бирок, айрым тармактарда мүчүлүштүктөр бар экенин баса белгиледи.  Алсак ал транспорттук көзөмөл кызматынын посттордогу айрым кызматкерлери таза иштебей жатканын айтып, тиешелүү жетекчилерге тартипти күчөтүү  тапшырмасын берди.

Мындан сырткары Т. Текебаев министрликтин айрым түзүмдүк бөлүмдөрү  өздөрүнүн отчетторунда статистикалык маалыматтарды туура жана так беришпей, анда ар кандай такталбаган сандар көрсөтүлүп жатканын сынга алып, Экономика, талдоо жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы А. Дуйшебаевге бул мүчүлүштүктөрдү жоюу тапшырмасын берди.

Коллегиянын соңунда Т. Текебаев кызматкерлерди аткарган иштерине кайдыгер мамиле жасабастан, мамлекетке чын жүрөктөн кызмат кылууга чакырып жана 2024-жылга койгон милдеттерди бекитип, жетекчилерге орчундуу тапшырмаларды берди.