mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2024-жылдын 15-апрелинен 18-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун шаарларында жана айылдарында Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түптө туристтерди тейлөө борборлорун (ТТБ) куруу долбоору боюнча коомдук угуулар болуп өттү

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен долбоордун демилгечиси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги болду. Долбоордун максаты — Ысык-Көл облусуна келген туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу жол жээгиндеги инфраструктураны түзүү болуп эсептелет.  ТТБ аймактын конокторуна жергиликтүү кызыктуу жерлер,  аймактын тарыхый баалуулуктары,  мейманкана кызматтары, маданий иш-чаралар, туристтик маршруттар, транспорт, соода кылуу  жөнүндө маалымат берет. Мындан сырткары, борборлор эл аралык туристтик көргөзмөмөлөрдө активдүү катышып, Ысык-Көл облусунун дүйнөлүк аренада туристтик потенциалын илгерилетет.

Коомдук угууларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес -структуралардын, жергиликтүү коомдун өкүлдөрү жана ошондой эле, Дүйнөлүк Банктын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жана Туризм департаменти менен «Экспертиза и технический надзор» консультациялык компаниянын эксперттери катышты. Жолугушууунун жүрүшүндө  долбоордун  негизги аспектилерине арналган:  мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдери аркылуу ТТБ башкаруу үчүн жергиликтүү компанияларды тандоо критерийлери, ТТБнын ички дизайны жана ТТБнын иш-аракеттери боюнча колдонмо тууралуу презентациялар сунушталды. Бул аспект кызуу талкууну жаратты, анткени жергиликтүү ишкерлер долбоорго катышууга кызыкдар экендигин билдирип, тандоо процедурасы, катышуучуларга коюлган талаптар жана өнөктөштүктүн шарттары тууралуу суроолорду беришти.

Коомдук угууларга жалпысынан 143 адам катышты, анын ичинен 60 аялдар жана 873 эркек адамдар.

Катышуучулар заманбап стандарттарга жооп берген жана жергиликтүү колоритти чагылдырган ыңгайлуу жана функционалдык шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Эксперттер пландалган кызмат көрсөтүүлөр, борборлордун иштөө принциби жана алардын региондогу туризм тармагын өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу мааалымат беришти.

Коомдук угуулар жергиликтүү коомчулук тарабынан бир катар маселелерди жана сунуштарды аныктоого мүмкүндүк берди: ТТБда жайларды ижарага алуу шарттары, ТТБнын ишмердүүлүгүнө салык салуу жана ТТБнын максатуу аудиториясы. Ишкерлер ижара акысынын баасына, келишимдин мөөнөтүнө жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгышты. Бул маселе андан ары изилдөөнү жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууну талап кылат.

Катышуучулар туристтердин түрдүү категорияларынын, анын ичинде чет өлкөлүк коноктордун, балалуу үй-бүлөлөрдүн, активдүү эс алууну жана экотуризмди сүйүүчүлөрдүн керектөөлөрүн эсепке алуунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Туризм департаменти МЖӨнү тандоо критерийлери жана долбоордун башка аспектилери боюнча сунуштарды чогултту, алар аны андан ары ишке ашырууда эске алынмакчы.

Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлорун куруу долбоору региондун туристтик тармагын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн чоң потенциалга ээ.

Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү коомчулуктун ортосундагы ачык диалог жана кызматташтык долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун жана коюлган максаттарга жетүүнүн өбөлгөсү болуп саналат.