mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2024-жылдын январь айында 54654  автоунаа текшерүүдөн өтүп, 474 протокол түзүлгөн

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспектордук курамы транспорттук көзөмөлдү ишке ашыруу багытында 2024-жылдын январь айында 54654 автоунаа текшерүүдөн өткөн. Анда аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде 474 протокол түзүлүп, 3 931 500 сом айып салынган жана 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу салынган айыптардын өлчөмү 306% өскөн.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү ташуунун эрежелерин, эл аралык жүк ташуулардын талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик текшерүү иштери жүргөн.

Анда баардыгы болуп 184 административдик протоколдор түзүлүп, алардын негизинде 1 347 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Бүгүнкү күндө Транспорт департаментинин эл аралык жүктөрдү ташууну уюуштуруу ишмердиги багытында 38 өлкөдөн 91955 даана уруксат кагаздары алынып келинген. 2024-жылдын январь айында 1 504 000 сомго эл аралык автомобиль ташууларга 9006 даана уруксат кагаздары берилип, алардан республикалык бюджетке 1 504 000 сом түштү.

Ошондой эле КРдин Экономика жана коммерция министрлигинин elicense.gov.kg порталы аркылуу келип түшкөн электрондук өтүнмөлөрдүн негизинде  чет өлкөлөргө 678 даана уруксат кагаздары берилип, мамлекеттик алымдан 203 200 сом акча каражаты түшкөн.

2024-жылдын январь айында Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 19057 каттам аткарылып,  298340 тонна жүк ташылган.