mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылы жүк ташуулардын өсүшү 2022-жылга салыштырмалуу 1 миллион тоннадан ашык болду

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасында темир жол транспорту менен жүк ташуу көлөмүнүн бир кыйла өсүүсү байкалды. 2023-жылы жүк ташуулардын өсүшү 2022-жылга салыштырмалуу 1 миллион тоннадан ашык болду.

Алсак, 2023-жылы 9 миллион тоннадан ашык жүк ташылган болсо, 2022- жылы 8 миллион тонна жүк ташылган. Ташуудагы эң чоң өсүш Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерландия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол аркылуу экспорттук ташуулардын жаңы түрлөрүнүн ачылышынан улам байкалууда.

Анткени, контейнерлерди Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Афганистанга транзит менен ташуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү болду. Анын натыйжасын  белгилей кетсек, бул мультимодалдык коридор боюнча ташуу пландаштырылган 14 күндүн ордуна 9 гана күндү талап кылган.

Буга чейин Кытайдын жүктөрүн Ооганстанга жеткирүүгө 2 айдан ашык убакыт кеткен. Азия-Тынч океан өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа мультимодалдык коридорун өнүктүрүүгө багытталган иштер жигердүү жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.