mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Чүй жана Талас облустарынын жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринин иши менен таанышты

2023-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Чүй жана Талас облустарындагы 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилиндеги автомобиль жолдорду тейлөөнүн жүрүшү менен таанышты.

Чүй облусунда, Бишкек-Күн-Туу унаа жолунда жол жээгиндеги кардан өз убагында тазаланбаганы үчүн КР Транспорт жана коммуникациялар  министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине  сөгүш жарыяланды. Ушундай эле эскертүү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун кызматкерлерине берилди. Жогоруда аталган трассаларды кардан өз убагында тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу боюнча тиешелүү тапшырма берилди.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы Түндүк айланма жолдун абалы менен таанышып, жөнөтүлгөн видеоматериалдардын негизинде КР Транспорт министрлигинин башчысы КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине тапшырма берди. Карды өз убагында тазалап, инерттүү материалдар менен толтурбаганы үчүн жогоруда аталган жол тилкесин тейлеген ЖТИнын жетекчилерине чара көрүлүүсү боюнча да тапшырма берди.

Андан ары Т.Текебаев Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларындагы кардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ага ылайык  Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүк ташуучу жана жеңил унаалардын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылган стратегиялык трассаны кардан тазалап жана  өз убагында жолго тайгакка каршы инертүү матриалдарды себүү жумуштарын өз убагында так аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу  №9 жана №23-жол тейлөө ишканасынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ушундай эле жакшы баа Талас районундагы Өтмөк ашуусун тейлеген №36 ЖТИнын кызматкерлерине да берилди. Бул жерде да жолчулар жолду ыкчам түрдө кардан тазалап, ага тайгакка  каршы инерттүү материалдарды чачып, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ашуудан тыгынсыз өтүүсүнө шарт түзүшүүдө. Ошондой эле Чүй жана Талас облустарына болгон иш сапарында ЖТИнын жетекчилери КР Транспорт жана коммуникациялар министрине Whatsapp аркылуу республиканын башка аймактарында катуу жааган кардан кийин жолдорду кардан тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришүүдө . Эскерте кетсек 2023-жылдын 3-январынан 4-январына чейин кар жаашы күтүлүүдө.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы