mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаевдин катышуусунда коллегия болуп өттү

2022-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаевдин катышуусунда коллегия болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (КР ТжКМ) 2022-жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана IV- кварталга койгон милдеттери жөнүндө талкууланды.Коллегияда Экономика, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшобаев Алмазбек Джанышбекович аткарылган иштер боюнча жалпы маалымат берди:

КР ТжКМ 2022-жылдын 9 айында транспорттун жана жол тармагынын бардык түрлөрүнүн туруктуу иштешин камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” 2022-жылдын 1-августундагы № 433 сандуу жана “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” 2022-жылдын 1-августундагы № 434 сандуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен кызматкерлердин эмгек акылары 2022-жылдын 1-августунан тартып 2-3 эсе жогорулагандыгын белгилеп кетүү керек.

 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча министрликте төмөндөгү 4 долбоордун үстүндө иштер алып барылууда.

“Өзгөн шаарын айлынып өтүүчү жол куруу” долбоорун илгерилетүү максатында, тандалып алынган консультант долбоордун 2-чи этабын аяктап, техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгып министрликке тапшырган. Консультант өз ишин жыйынтыктап ТЭНдин акыркы вариантын өткөрүп, министрлик кабыл алып жана акысы төлөнгөн соң, жеке өнөктөштү тандоо процедураларын баштоо пландаштырылууда.

«Жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан жыйымдарды чогултуу жана салмак жана өлчөм көзөмөлдөөчү маалыматтык электрондук тутумун киргизүү» долбоору боюнча конкурстук процедуралар жыйынтыкталды. Конкурстун жыйынтыгы менен россиялык «Казань Телематика», «Сервис Телематика» жана «Софт телематика»компаниялар консорциуму жеңүүчү табылды. Булар “Ак-Жол  телематика” компаниясына бириккен. Долбоордо өлкөнүн жалпы колдонуудагы жолдорунда жүк ташуучу транспорттордон жана автобустардан жыйымдарды чогултуу жана салмак жана өлчөм көзөмөлдөөчү маалыматтык электрондук тутумун киргизүү системасын 42 пунктка орнотуу  каралган.

Конкурстун жеңүүчүсү менен министрликтин 2022-жылдын 13-октябрындагы № 372-буйругу менен түзүлгөн ведомство аралык жумушчу топ тарабынан Келишимдик сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана КР ТжК тарабынан жана атайн түзүлгөн “Ак-Жол  телематика компаниясы  менен Келишиме  кол коюлду.

“Бишкек шаарынын түндүк айланма жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” жана “Бишкек-Күнтуу-Белогорка-Суусамыр” жолун куруу” долбоорлору боюнча мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорлорун колдоо Фондунун Байкоочу кеңешине тиешелүү түрдө сунуш жиберилген.

Андан тышкары “Бишкек шаарынын түндүк айланма жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” долбоорун даярдоо боюнча кытайлык “Чайна роад энд бридж корпорейшн” компаниясы менен иш алып барылып азыркы учурда алар тараптын эсебинен долбоордун ТЭНи министрликке тапшырылды. ТЭНди изилдеп карап чыккандан соң андан кийинки иштер алып барылат.

“Бишкек-Ош автожолунда альтернативдик тоннелди куруу” долбоору боюнча азыркы учурда “Түз сүйлөшүүлөр аркылуу Бишкек-Ош унаа жолунда альтернативдик тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна жөнөтүлдү. Андан тышкары, бул долбоорго кызыкдар Түркиянын “Ташяпи”, Индиянын “Rail Vikas Nigam Limited” компаниялары менен жолугушуулар жүргүзүлүүдө.

Санариптештирүү багытында министрликте төмөндөгү 5 долбоородун алкагында иштер алып барылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №221 «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү  системасын түзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашырууга Министрлер Кабинентинин тескемесинин долбоору даярдалып, 2022-жылдын 19-октябрында №565-т номери менен тескеме аткарууга бекитилди.

Көчмө жол лабораторияларын колдонуу менен жолго мониторинг жүргүзүү жолдорду оңдоону эффективдүү пландаштыруу жана финансылык бөлүштүрүү максатында башталган Маалыматтарды чогултуу жана жол активдерин башкаруу системасын киргизүү долбоорунун алкагында жалпы пайдалануудагы 7514 км автомобиль жолдору изилденди.

Мындан сырткары, 13 515 км жол катмары изилденип, маалымат системасына киргизилди. Учурда жолдордун электрондук маалымат базасы түзүлүп, республика боюнча жол оңдоо иштерин пландоо боюнча маалыматтык система тестирлөө стадиясында турат.

2022-жылы чет мамлекеттердин аймактары аркылуу жүрүүгө лицензияларды, уруксаттарды жана бланктарды жана көлөмдүү жана бөлүнгүс жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксаттарды берүүнү автоматташтыруу үчүн кошумча функционалдык модулду «Электрондук транспорттук башкаруу» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу үчүн долбоордун техникалык тапшырмасы иштелип чыккан, ишке ашырууга 7,8 млн сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Азыркы учурда конкурс аркылуу долбоордун аткаруучусун тандап алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп атат.

Евразиялык экономикалык комиссиянын 2021-жылдын 14 сентябрындагы №87 «Санариптик экосистемалык улуттук сервистердин маалыматтык–коммуникативдик «витринасын» иштеп чыгуу иш-чаралардын алкагында азыркы учурда аталган сервистердин прототиптери ЕЭК тарабынан өткөрүлгөн конкурстун негизинде тандалган аталган уюмга кирген өлкөлөрдөн 5 компаниядан турган консорциум иштелип чыгууда. 2023-жылы бул программа 5 ЕЭКке кирген өлкөлөргө мындан ары интеграциялоо үчүн берилет.

«Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасы тарабынан билет сатуу кызматын санариптештирүү максатында конкурс өткөрүлүп, азыркы учурда конкурстун жеңүүчүсү «ticket.kg» компаниясы менен макулдашуунун негизинде «Кыргыз Автобекети» мамлекеттик ишканасынын автобекеттеринде билет сатуунун автоматташтырылган тиркемеси иштелип чыгууда.

Инвестициялык долбоорлор.

Өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө эл аралык донорлордон: Азия Өнүгүү  Банкы (АӨБ), Дүйнөлүк Банк (ДБ), Кытайдын Экспорттоо-Импорттоо Банкы (КЭИБ), Ислам Өнүгүү Банкы (ИӨБ) Араб Координациялык Тобу менен биргеликте  (АКТ) каражаттар тартып келинген.

2022-жылы, минисрлик жалпысынан 14 долбоордун үстүндө иш алып барды.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожол» долбоору, 1-фаза, узундугу 126 км, Казарман-Джалал-Абад участогу (км 291-408) жана Кызыл-Жылдыз – Арал участогу (км 183 — 195) жана узундугу 3,89 км Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннел куруу.

Курулуштун жүрүшү327,3 млн. АКШ долл. (81,8%)

2022-жылдын курулуш сезонуна карата Подрядчик КЭРден 272 тоннель адистерин мобилизациялаган, ошондой эле 32 жергиликтүү адистер тартылган. Жалпы жумушчулардын саны 304 киши.

2022-жылдын ичинде бүткөрүлгөн жумуштар: туннелдин 452,3 метри казылды, анын ичинен түштүк тарабынан 256,5 м казылды жана түндүк тарабынан 195,8 м казылды. 446 м. калды.

Көйгөйлүү маселелер:

  1. Кошумча жасалма курулуштарды куруу зарылдыгы

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автожолун кар көчкү тобокелдиктерин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Фергана кырка тоосунан өткөн автожолдун участогу өлкөнүн бардык автожолдорунун арасында эң коркунучтуу участокторунун бири деп табылды. Туннелдин алдында Кугарт бассейни, участок км 326-334, кооптуу болуп саналат, автожолдун бул бөлүгүндө 29 кар көчкү коркунучу бар. Тоннелдин артында Аубек бассейнинде, участок км 338-349, бул жерде 18 кар көчкү коркунучу бар. Буга байланыштуу 2 көчкү калкалачу галереяны жана 3 эстакадалык көпүрөлөрдү куруу зарылдыгы келип чыгууда.

  1. Узундугу 25 км айланып өтүүчү автожол, км 408-433

Башында долбоорлук участкада 408-чакырымында иштер жергиликтүү элдердин, депутаттардын жаңы салына турган автожолдун калк жайгашкан жерлер аркылуу өтүшүнө каршы чыккан кайрылууларынын негизинде токтотулган. КЭРден гранттарды алууга долбоордук табыштамалар даярдалып, Кытай тарап менен андан ары изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.

  1. Туннель казууда артта калуу

Туннелди куруу этаптарында проекттеги маалыматтар менен чыныгы геологиялык маалыматтардын ортосунда маанилүү айырмачылыктар аныкталган, бул туннелдин курулушуна техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзгөн «Бамтоннельпроект» долбоорлоо—изилдөө институту ЖЧКсынын адистеринин расмий корутундусу менен тастыкталган. Долбоордун авторунан жакында алынган корутундусу менен туннелдин геологиясы долбоордогу маалыматтан кыйла айырмаланаары дагы бир жолу тастыкталган, мындан сырткары алынган чыныгы маалыматтардын негизинде тектоникалык жаракалар аныкталган жана булар тоону казуу, убактылуу бекемдөө жана туруктуу каптама жумуштарынын ыкмаларын тоону казуу учурунда кайра долбоорлоо зарылчылыгына себеп болушкан.

            Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99км, Арал а. – Казарман а. (км 195-291) чейинки участок жана 2 эстакадалык көпүрөнүн куруу долбоору

2022-жылдын январь – октябрь айларында аяктаган жумуштар: жолду кышкы тейлөө жана 197+600 – 284+600 чакырымдардагы таш кулоодон түшкөн таштарды жана топурактарды тазалоо, бетон блокторду, КД5 катафотторду орнотуу, парапеттерди сырдоо иштери аткарылды.

Учурда аткарылып жаткан иштер:Учурда Подрядчы тарабынан бүткөрүлө элек майда жумуштар,  бетон блокторду, КД5 катафотторду орнотуу, парапеттерди сырдоо, кюветтерди тазалоо жана кепилдик мөөнөттө жазала турган кемчиликти жоюу боюнча иштер аткарылып жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлору. Бириктирген жол Долбоору (89 км –  159 км Эпкин-Башкууганды участогу).

2022-жылдын январь-октябрь айларында аяктаган иштер:

  • асфальт-бетондун төмөнкү катмары- 12,5 км төшөлгөн.
  • тарыхый артефакттарды табуу жана казуу иштери жүргүзүлүүдө.
  • 89-92 км чакырымдарында жер асты катмарын куруу иштери жүрүп жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана 3, коридорлору. Бириктирүүчү жол Долбоору, (0-43 км; 62-89 км),  узундугу 70 км.

2022-жылдын январь – сентябрь айларында аяктаган жумуштар:

  • 1-лотто 14,4 чакырымдан ашык жолдун төмөнкү катмарына асфальт-бетон төшөө, 6 чакырым аралыкта автожолдун жер астындагы катмары даярдалды, 13 даана суу түтүктөрүн куруу жумуштары бүткөрүлгөн;
  • 2-лотто 14,6 чакырымдан ашык жолдун төмөнкү катмарына асфальт-бетон төшөө жумуштары, 3 чакырым жолдун жер астындагы катмарын куруу жумуштары, 9 даана суу түтүктөрүн куруу жумуштары бүткөрүлгөн.

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору, Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза, узундугу 52,5 км (8,5 км –61 км).

2022-жылы аяктаган иштер:

  • Орнотулган темир-бетон лотоктор — 2360 даана;
  • Курулган тротуарлар — 40 км;
  • Орнотулган жарык берүүчү мамылар — 1180 даана.
  • 1 жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү оңдоо иштери аяктады.

Учурда участоктордо төмөнкүдөй иштердин түрлөрү жүргүзүлүүдө:

  • Км 23 тротуарларды куруу (Сокулук а.);
  • Темир тосмолорду орнотуу;
  • Автобустардын аялдамаларын куруу;
  • Жол белгилерин орнотуу;

Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо, 8,5 – 15,9 км участогу, узундугу 7,4 км

Учурдагы подрядчик менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен кошумча келишим түзүлгөн. Келишимге кошумча сумма 17,76 млн. АКШ долларды түзөт.

Долбоор башталгандан берки иштер:

  • асфальт-бетон төшөлмөнүн биринчи катмары – 7,4 км аралыкта төшөлгөн, долбоордук жолдун бардык туурасына;
  • асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары – жолдун оң тарабына 0,4 км, сол тарабына 3,6 км төшөлгөн (Новопавловка а.);
  • көчөлөрдү жарыктандырууну орнотуу — 6,2 км-де түркүктөрдүн пайдубалын тургузуу, кабелдерди төшөө жана траншеяны кайра толтуруу аяктады;
  • 16 суу өткөргүч түтүктөр бүткөрүлдү;
  • Долбоордо каралган 2463 парапеттин ичинен 1144 бөлүүчү парапетинин курулушу аяктады.

2022-жылы аяктаган жумуштар:

  • долбоордук жолдун бардык туурасына 6,5 км аралыкта негизки катмар төшөлдү;
  • долбоордук жолдун бардык туурасына 7.4 аралыкта асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмары төшөлгөн;
  • 0,4 км аралыкта асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары оң жагына, 3,6 км аралыкта сол тарабына төшөлдү;
  • Көчөлөрдү жарыктандырууну орнотуу — 6,2 км-де түркүктөрдүн пайдубалын тургузуу, кабелдерди төшөө жана траншеяны кайра толтуруу аяктады;
  • 10 суу өткөргүч түтүктөр бүткөрүлдү;
  • Долбоордо каралган 2463 парапеттин ичинен 1144 бөлүүчү парапетинин курулушу аяктады.

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору. Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участкасы,  (507,5-574,5 км) узундугу 67 км.

Долбоор башталгандан бери иштер56,2 % аткарылды.

  • асфальт-бетон төшөлмөнүн астынкы катмары – 61 км эки тараптан;
  • асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары – 19,96 км эки тараптан;
  • Долбоор боюнча жалпысынан 188 суу түтүк каралган. Алардын ичинен 172 түтүктө жумуштар аяктап, 9 түтүктө уланып жатат;
  • 2022-жылы аяктаган жумуштар:
  • 38 суу өткөргүчтүн курулушу аяктады;
  • 1 көпүрөнүн курулушу аяктады;
  • эки тарабына 17,5 км асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарыны, сол тарабына 0,6 км төшөлдү;
  • эки тарабына 6,96 км асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары төшөлдү.

Учурда аткарылып жаткан иштер:

  • жасалма курулуштарды куруу;
  • км 543 сол жагында жер астындагы катмарды куруу;
  • км 543 сол жагында жол негизинин астынкы катмарын куруу –;
  • км 540 оң жагында жол негизинин үстүнкү шагыл катмарын куруу;
  • км 540-541 сол жагында асфальт-бетон жабуунун астынкы катмарын куруу;
  • км 525- км 526 асфальт-бетон жабуунун үстүнкү катмарын куруу.

 

«Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 чакырымын реконструкциялоо долбоору» Нарын облусу, Ат-Башы району (долбоордун үнөмдөлгөн каражаттары)

             2022-жылдын 9 айында жумуштардын аткарылышы:Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365-чакырымын реконструкциялоо долбоорунун үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунун 6-11-чакырымында, Подрядчы тарабынан 5 км асфальтобетон төшөлдү, 8 суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн курулушу жана 3 суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдүн оңдоо иштери аякталды.

Азыркы учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, участок эксплуатацияга берилген.

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору (Баткен облусу, Кадамжай району)

Курулуш иштери 2021-жылдын 15-октябрда бүткөрүлгөн жана долбоор участогу гарантиялык мөөнөткө өткөрүлүп берилген.  Курулуш иштеринин гарантиялык мөөнөтү 2022-жылдын 15-октябрында аяктайт.

         2022-жылдын 9 айында жумуштардын аткарылышы:Подрядчы дефектерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө жана учурда да жүргүзүп жатат.

         Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымын куруу долбоору (Нарын облусу, Жумгал району)

Азыркы учурда Подрядчы тарабынан участоктун бардык узундугу боюнча негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, астынкы катмарына 24 км асфальтобетон жана үстүңкү катмарына (ЩМА) 24 км асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу жана  съезддерде 31 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлгөн.

2022-жылдын 9 айында жумуштардын аткарылышы: Подрядчы тарабынан жолдун астынкы катмарына узундугу 14 км асфальтобетон жана үстүңкү катмарына (ЩМА) 21,5 км асфальтобетон төшөлүп, эки көпүрөнүн курулушу, 25 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлгөн.Бүткөрүлгөн курулуш иштеринин жалпы суммасы 13,7 млн АКШ долларын же келишимдин наркынын 83% түзөт.

 

Ысык-Кол айланма автожолунун 104-184.5 чакырымына Корумду айылдан баштап Балбай Баатыр айылга чейин реконструкциялоо долбоору

2022-жылдын 9 айында жумуштардын аткарылышы: Кыргыз Республикасы менен Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (KFAED) ортосундагы Кредиттик макулдашууга 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 16 Мыйзамы менен ратификацияланган.

2022-жылдын 15-16-июнунда министрлик КАЭӨФден, СӨФдан PanArabConsulting Engineers консультаттык компаниясы менен консалтингдик кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюуну жактыруу боюнча каттарын алган.

2022-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Pan Arab Consulting Engineers компаниясынын ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлган.

Мындан тышкары, Подрядчыны тандоо иштери жүрүп жатат, алдын ала квалификациялык документтер даярдалып, подрядчы компаниялардын квалификацияга чейинки документтерин ачуу иштери жүргүзүлдү. Консультант алдын ала квалификациялык өтүнмөлөрдү баалоо боюнча Отчетту даярдап, 2022-жылдын 16-августунда ИӨБ, СӨФ, ОПЕК жана КАЭӨФге жөнөтүлгөн.

07.09.2022-ж. жана 03.10.2022-ж. ИӨБ комментарийлери алынган, ИӨБнын комментарийлерине ылайык консультант тарабынан квалификацияга чейинки өтүнмөлөрдү баалоо жөнүндө кайра каралган Отчет даярдалган.

05.10.2022-ж. квалификацияга чейинки өтүнмөлөрдү баалоо жөнүндө кайра каралган Отчет КР ТжКМ каты менен ИӨБ, СФР, КФАЭР жана ОПЕККЕ кароого жана жактырууга жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда АКГ (ИӨБ, СФР, КФАЭР жана ОПЕК) тарабынан жактырылышы күтүлүүдө.

Пландаштырылган долбоор

             «Суусамыр-Талас-Тараз-Суусамыр автожолун 104,6-197,5 км реконструкциялоо долбоору 4-фаза»

Реконструкциялоону талап кылган участоктун узундугу 92,9 км түзөт, долбоордук бөлүк толугу менен Талас облусунун аймагында жайгашкан жана Талас шаарынын батыш чек арасынан 104,6 кмден башталат, андан ары жол батыш тарапка Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасына (Кичи- Капка посту) жана Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун камтыйт.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (Кичи-Капка өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү трассанын техникалык-экономикалык негиздемеси) бүткөрүлүп, 2021-жылдын 30-декабрында Араб координациялык тобунун фонддоруна кароого жөнөтүлгөн.

Бул долбоор боюнча 2022-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги АКТ фонддоруна (Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду ) бул долбоорду каржылоого расмий өтүнүч жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө ИӨБ жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунан жактыруулар алынды.

2022-жылдын 18-апрелинен 22-апрелине чейинки аралыкта Араб координациялык тобунун (ИӨБ, СФР жана ОПЕК Фонду) онлайн даярдоо миссиясы болуп өттү, анын жүрүшүндө протоколго кол коюлуп, каржылоонун көлөмү алдын ала бекитилди.

2022-жылдын 25-июлунан 29-июлуна чейин ИӨБ баалоо Миссиясы Бишкекте болуп, анын жүрүшүндө долбоордун деталдары каралып, талкууланган.

2022-жылдын 22-сентябрында ИӨБ, СФР жана ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду менен насыялык макулдашуулардын долбоорлорун сүйлөшүү жана талкуулоо жүргүзүү үчүн расмий делегацияны түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №502-р токтому чыгарылды.

2022-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан долбоор жактырылган.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Ислам өнүктүрүү банкынын жана расмий делегациясынын катышуусунда насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп талкууланды, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлду жана 2022-жылдын 12-октябрында ИӨБнын Директорлор кеңеши тарабынан долбоорду каржылоону жактыруу үчүн ИӨБга жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, Ислам өнүктүрүү банкы ИӨБга мүчө-өлкөлөрдүн тажрыйба алмашуусу үчүн 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө техникалык жардам (гранттык каражат) берет. Бул компонент эң мыкты эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жолдорду жана автомобиль жолдорун долбоорлоонун жана куруунун заманбап ыкмалары чөйрөсүндө долбоор институту “Кыргыздортранспроекттин” потенциалын жогорулатуу боюнча зарыл иш-чараларды камтыйт.

Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын  3-фазасы”  долбоору (Дүйнөлүк банк), жалпы жолдордун узундугу 50 км, 1 –Лот  — Түп-Кеген автожолунун участогу (39-76 км чакырымы) жана 2-Лот  — Каркыра-Турук-Сары-Жаз  автожолунун участогу (0-13 км чакырымы); Авиациялык коопсуздукту  жана тейлөөнү камсыздоо; Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү.

2022-жылы аткарылган жумуштар: Подрядчы жана Көзөмөлдөө боюнча консультант тандалып алынды. Мобилизациялык иштер башталды.

Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер: 1-Лот боюнча боюнча 43+080-44+000  км жана  55+100-57+900 км жол тилкелеринде  тазалоо жана дүмүрлөрдү чыгаруу иштери сыяктуу жер казуу иштерин,  км 39+000-44+000 и км 55+000-56+000 жол тилкесинде жол үстүнө кум төгүү иштери аткарылып жатат;

2-Лот боюнча  км 0+000-2+600 жол тилкесинде тазалоо жана дүмүрлөрдү алып салуу иштери, км 0+000-2+600 жол тилкесинде жол үстүнө топурак төгүү иштерин аткарууда.  Кеңсе жана турак-жай үчүн негизги базанын курулушу 60%, асфальт-бетон заводун жана майдалоочу-элеген цехти монтаждоо 70% аяктаган.

Курулуш иштерин баштоо: Подрядчыны жана Көзөмөлдөө боюнча консультантты тандап алуу тендердик жол – жоболордон улам кечигүүлөр болду.  Участоктогу аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, тактап айтканда, 2022-жылдын күзүндө күтүлгөндөн эрте жааган карга байланыштуу курулуш иштеринин аткарылышынын кечеңдеши күтүлүүдө.

Компонент 2: Авиациялык коопсуздукту  жана тейлөөнү камсыздоо

2022-жылы аткарылган жумуштар:Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программаны кайра карап чыгуу кичи- компоненти – 2022-жылдын 17-октябрында консультациялык компания менен келишим түзүлгөн. 3 техникалык тапшырма боюнча (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине авиация чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу; КАИнин билим берүү программаларын кароо боюнча консультациялык кызматтар; КАИ объекттерин оңдоо (2 ТТ) боюнча тендерлерге даярдыктар жүрүүдө.

3-Компонент:Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү

Кичи- компоненттердиг саны: 3Компоненттин бенефициары:

Туризм департаменти

2022-жылыаткарылганжумуштар:Төмөнкү 2 кичи–компонент боюнча Консультациялык компаниялар менен келишим түзүлгөн:  «Ысык-Көл облусунун эки чыгыш районунда, тактап айтканда Түп жана Ак-суу райондорунда коомчулуктун негизинде геопарктарды өнүктүрүү демилгелерин ишке ашырууну колдоо стратегиясы» жана «Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, анын ичинде Ысык-Көл облусу үчүн туристтик спутниктик эсептерди (ТСА) пилоттук негизде колдонуу».

«Ысык-Көлдүн айланасында беш туристтерди тейлөө борборун реабилитациялоо жана/же куруу» үчүнчү кичи-компонентти боюнча тендерди жарыялоого даярдыктар көрүлүп жатат.

         “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору”, 1-компонент – узундугу 47 км болгон Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо жана 2-компонент  (Бишкек-Ош автожолунун участогун табигый кырсыктардан коргоо) – 400 км чакырымында  тоннелди  куруу (740 м),   409 км  чакырымында таш кулагандан коргоочу курулушту куруу (15 000м2 ); 451 км чакырымында  жер көчкүгө каршы таяныч дубал куруу (66 темир үймөк).

2022-жылдын январь-октябрь айларында аткарылган жумуштар: коммуникацияларды (Электр линиялары, суу проводдору, байланыш линиялары, канализация) которуу үчүн жергиликтүу компаниялардын арасынан субподрядчы тандалып алынды. Башкы подрядчыны тандап алуу тендери жараксыз деп табылган (тендердик табыштама түшпөгөндүгүнө байланыштуу). 2-компонент боюнча тендердик документтер JICAнын кароосуна жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жумуштар:Консультант тендердин катышуучуларына карата талаптарды жумшартуу үчүн тендердик документацияны кайра карап чыгуунун үстүндө иштеп, каралган документтер донорго макулдашуу үчүн жөнөткөн. Жана ошондой эле, КР Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен 13 км реабилитациялоо ,  28-36 чакырым жана 40-48 чакырым тилкелер иштеринин наркынын эсептөөлөрүн жүргүзгөн. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги КР Министрлер Кабинетине 13 чакырымды реабилитациялоого республикалык бюджеттен керектелүүчү акча каражаттарын (16,9 млн АКШ доллары) бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.  Азыркы учурда  аталган кат КР Министрлер Кабинетинин кароосунда.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 246 чакырымында кар көчкүдөн сактоо»

2022-жылы аткарылган жумуштар:Иш 2021-жылдын ноябрынан баштап кышкы мезгилге консервациялангандан кийин 2022-жылдын жазында кайра жанданды. Галереянын участокторунун аркаларын куруу боюнча темир-бетон иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, галереяны автономдуу электр менен камсыздоо системасын орнотуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө иштин 80,1%ы аткарылды.

 

“Талас-Тараз жолунда Урмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору

2022-жылы аткарылган жумуштар:2022–жылдын жазында участокто иштер башталган. Жумушчулар  менен багыт берүүчү жолугушуулар өткөрүлгөн. 2022-жылдын сентябрында жумуштун 7,53% бүткөрүлгөн, бул долбоор боюнча жалпысынан 27,03% түздү.Япониядан курулуш материалдары, машиналар жана жабдуулар ташып келүү башталды. Жер астындагы суулардын нугун буруу боюнча дренаждык иштери аяктады. Жээктеги каналдарды габиондор менен бекемдөө иштерин жүргүзүлгөн. Келүүчү жолдордун үстүнө төгүү, свайларды куюу, көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн пайдубалына бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Участокто көпүрөнүн устундарын (арматуралык капастарды) чыгаруу, көпүрөнүн устундарына опалубкаларды орнотуу, көпүрөнүн устундарын куюу иштери жүрүп жатат. Иштеп жаткан конструкцияларды демонтаждоо жана алып чыгуу иштери аткарылып жатат. Эң алдыңкы катмарды төшөө (км 0+100 – 0+400) – жол катмарларын салуу иштери башталды.

Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоору (Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусу аркылуу 125-129-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусу аркылуу 215-222-чакырымдарында кар тосмолор (дубалдар)

                 2022 –жылы аткарылган иштер:2022-жылдын 5-августунда  КРАлмашуу Ноталарын ратификациялоо боюнча Мыйзамы кабыл алынды.  Консультант тендердик процесске даярдык көрүү боюнча ишти баштады. Тендерди  жарыялоо – 2022-жылдын октябрь айы.

Өндүрүш-инновациялык борбор. 2022-жылдын башталышынан баштап «Трасса» жылып жүрүүчү лабораториясынын жардамы менен ЖЧД менен түзүлгөн келишимдин негизинде 6001.349 км. узундуктагы шагыл жолдор жонүндө маалымат топтоо боюнча иштер аткарылды.

ЖЧД менен түзүлгон келишимдин негизинде атайын 5 микротолкундуу эсептегичтердин жардамы менен автотранспорт каражаттарынын 9 классификациясынын кыймылынын интенсивдүүлүгүн эсептөө иштери жүрүүдө жана 2022-жылы республика боюнча 151 чекиттен изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты.

2022-жылдын башталышынан бери 226.859 км. жолдун долбоорлоо жумуштары аткарылды жана жылдын аягына чейин дагы 251 км. жолдун долбоорлоо иштери бүткөрүлөт. 2022-жылы долбоорлоо-сметалык иштер үчүн 3 221 628 сомго жабдуулар алынды.

 

 

Андан соң Кыргыз Республикасынын Транспорт ана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз авто жол” МИ  директору Нурманбетов Кадырбек Ракымбекович жол тармагы боюнча маалымат берди :

Жол тармагын реформалоо. Жол тармагындагы башкаруу системасын реформалоонун алкагында милдеттерди ишке ашыруу максатында 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жол чарба системасын трансформациялоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Тармакты башкаруу системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири квалификациялуу кадрлардын, анын ичинде инженерлердин, механизаторлордун, атайын техниканын операторлорунун жана жумушчулардын кескин агылып кетишин азайтуу болгон.

Реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлүп, 64 жол уюмдар өзүн өзү каржылоо (хозрасчет) принциптеринде «Кыргызавтожолдор» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн, подряддык келишимдин негизинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоого, камсыздоого жана мамлекеттик заказдарды аткарат.

Жалпы пайдалануудагы жолдор бирдиктүү кардар катары Жол чарба департаментинин (ЖЧД) балансына өткөрүлүп берилген, 7 облуста аймактык бөлүмдөрү түзүлгөн. Аткарылган иштердин көлөмүн жана сапатын контролдоо үчүн техникалык көзөмөл боюнча техникалык тапшырма иштелип чыккан. Ошондой эле, техникалык көзөмөл боюнча консультанттар келерки жылга планды даярдоодо ЖЧДга жардам беришет.

Каржылоо схемасынын маселелери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан. Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө ЖЧД талабы боюнча түздөн-түз Жол фондунун каражаттарынан подрядчыларга жана кызмат көрсөтүүчүлөргө жүргүзүлөт. Жаңы башкаруу системасында түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо иштелип чыгып, министрликтин тиешелүү буйругу менен бекитилген.

Аткарылган иштер.Жылдын башында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол тармагы боюнча  жалпы пайдалануудагы автожолдорду кышкы кармоого өзгөчө көңүл бурулуп, жолдорду кар көчкүлөрдөн, сел жана жер көчкүлөрдөн жана таш кулоолордон тазалоо иштери жүргүзүлдү.

9-айдын жыйынтыгы мененжол тармагында жалпысынан 458,9 км жолго асфальтобетон төшөлдү, анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 172,2 км, капиталдык салымдардын эсебинен 191,7 км, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 95 км жолго асфальт төшөлдү.

Учурдагы бюджет боюнча

Жол тармагынын учурдагы бюджети боюнча иштердин көлөмү 1 903,4 млн.сомго аткарылды жана 172,2 км асфальтбетон төшөлдү, кара шагыл катмарын төшө – 24,5 км, жолдорду бодурлоо (ШПО) – 88,4 км.

Учурдагы оңдоо иштери боюнча 326,3 млн.сомго иштер аткарылып, 145,3 миң м2 ашык аянтта аңгек-чөнгөктөрдү оңдоо иштери 181,4 млн. сомго жүргүзүлдү, мындан тышкары жалпы пайдалануудагы көпүрөлөрдү оңдоо иштери жана башка жол-курулуш иштери жүргүзүлдү. Автожолдорду жайкы жана кышкы күтүү боюнча 175,6 млн. сомго иштер аткарылды.

Капиталдык салымдар беренеси боюнча

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун0-141,6 км аралыгында курулуш иштери жүрүп жатат, учурда 0-25 км аралыгында бир тарабында алдынкы катмарынын 27,6 км  асфальтобетон жабуусун төшөө иштери бүткөрүлүп, курулуш иштери уланууда. Ошондой эле, 0-71 км аралыгында  жана 96-124 км аралыгында жер жумуштары жүрүп жатат. Каржылоо 1 914,0 млн.сом. Аткарылган жумуштун көлөмү 1 899,8 млн сом. 9 айдын ичинде 17,0 км жолго асфальт төшөлдү.

Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча. Курулуш башталгандан бери иш жүзүндө республикалык бюджеттен 5 038,0 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүндү, аткарылган иштердин көлөмү 4 801,1 млн. сомду түзгөн. Калыңдыгы 9 см, узундугу 84 км болгон асфальтобетондун төмөнкү катмарынын төшөө иштери бүткөрүлүп, 22 км асфальтобетон төшөө иштери калды, калыңдыгы 6 см, узундугу 80 км болгон асфальтобетон катмарынын үстүңкү катмары төшөө иштери бүткөрүлүп, 26 км асфальтобетон катмарын төшөө иштери калган.

2022-жылга долбоорду улантууга 304,0 млн.сом каралган, 2022- жылдын 4- сентябрынан тартып 5-10 км аралыгында жолдун оң тарабынын алдынкы катмарынын 5,0 км асфальт жабуусун төшөө иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле 23 км ден 77 кмге чейинки аралыгында жолдун октук жол чиймеси жана жол кыймылынын бөлүү тилкесинде жол чиймелери бүткөрүлдү.

Учурда 0-7 км аралыгында съезддер жасалып жатат жана 2 даана суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп жатат ошол эле 80,6 км аралыгында 3х2,5 трубанын темир бетон жазалгалары ташылып келүүдө. Каржылоо 304,0 млн. сом, аткарылган иштердин көлөмү 303,3 млн. сомду түзөт.

Баткен облусунун чек ара жолдору

Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 46 объектинин курулушу каралган, анын ичинен төмөнкү 13 объекте жумуш аткарылып бүтүп, 20 объекте курулуш иштери жана долборлоо аткарылып жатат:

Баткен облусунун өнүктүрүү программасына ылайык 17 жол курулуш обьектисин куруу каралган, мындан сырткары министрликтер тарабынан келип түшкөн сунуштарга ылайык 28 жол курулуш обьектилери кошумча 2022-жылдын планына киргизилген жалпы 46 объект бекитилген.

45 жол курулуш объектилерин бүтүрүү үчүн алдын ала эсептерге ылайык жалпы каражатка болгон муктаждык 6 млрд. 096,2 млн сомду түзөт, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 1 млрд. 578,0 млн сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен каржыланды.

Жогоруда аталган курулуш обьектилерин аткарууга 2022-жылга карата  республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин тизмесине 1 млрд. 127,5 млн сом өлчөмүндөгү бюджети Финансы министрлиги тарабынан бекитилди.

Бөлүнгөн каражаттардын чегинде 65,5 км асфальтобетон катмары төшөлүп анын ичинен 21,8 км Баткен облусунун жолдору, 43,7 км Кадамжай-Чечме автожолу, андан тышкары 95,5 км гравийный жол төшөлүп жана 63 км жолдун долбоордук документтери даярдалган.

 

Башка булактардан каржыланган объектилер.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик паркынын инфраструктурасын жакшыртуу жана калктын жана туристтердин эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө” №68 тескемесине ылайыкжол инфраструктурасынын курулуш иштерине 97,7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул каражаттарга 16,5-28,5 км «Чоң-Арык — Ала–Арча жаратылыш паркы» автожолунда бүгүнкү күндө узундугу 10,4 км асфальтбетон төшөө иштери аткарылган, ошондой эле, 12 унаа токтоочу участокто асфальт жабуусун төшөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 2021-жылга карата Куршаб-Жалпакташ автомобиль жолуна 30,0 млн. сом акча каражаты берилген. Учурда Жол чарба департаменти “Кыргызжолтрансдолбоор” долборлоо жана изилдөө иниституту менен жолдун көзөмөлүн аткарууга жана “Өндүрүштүк инновациялык борбору” мамлекеттик ишканасы менен долбоордун сметалык иш кагаздарын даярдоого, жана ошондой эле, “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасы менен курулуш иштерин аткарууга келишим түзүлүп, учурда долбоордун

сметалык иш кагаздарын даярдоо жүрүп жатат.

Табигый кырсыктарды калыбына келтирүү.

Үстүбүздөгү жылдын климаттык шарттарынын натыйжасында республиканын айрым райондорунда сел агымдары менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участоктору жана жасалма курулмаларына келтирилген зыяндар 57,1 млн сомго чыгым келтитрилген.

Бүгүнкү күндө жол-эксплуатациялык мекемелердин күчү менен 9,6 млн. сом суммасындагы селдин тыгындарын тазалоо иштери аткарылып, автомобиль жолдорунда убактылуу жүрүү камсыздалды.

Бирок, 2022-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү боюнча титулдук тизмеде күтүлбөгөн чыгымдарга жана табигый кырсыктарды калыбына келтирүүгө каражаттар каралган эмес, буга байланыштуу табигый кырсыктардан келтирилген зыянды калыбына келтирүү үчүн кошумча 150,0 млн.сом акча каражаттары талап кылынат.

Андан соң  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Сакиев Азамат Абдукаримович аткалылган иштер жана пландар боюнча маалымат берди .

2022-жылдын 9 айында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, «КТЖ»УК” МИсынын баланстык кирешеси 1 090 736 миң сомду түзүшү күтүлүүдө (2021-жылдын тийиштүү мезгили – 1 377 531 миң сом). Баланстык кирешенин 286 795 миң сомго азайышы транспорттук чыгымдардын жогорулашына байланыштуу.

Республикалык бюджетке 2022-жылдын отчеттук мезгилине 417 979 миң сом суммасында салык төгүү пландаштырылууда, бул 2021-жылдын деңгээлинен 6 865 миң сомго көп (2021-жылдын 9 айында 411 114 миң сом). Социалдык фондго 2022-жылдын отчеттук мезгили боюнча 369 992 миң сом которулат деп күтүлүүдө, бул 2021-жылдын деңгээлинен 26 810 миң сомго көп (2021-жылдын 9 айында – 343 182 миң сом).

Жүк ташуу

Кыргыз темир жолу аркылуу 2022-жылдын 9 айынын ичинде 5 791,0 миң тонна же 105,9%, жүк ташылышы күтүлүүдө, өсүш 2021-жылдын тийиштүү мезгилине карата 322,8 миң тоннаны түзөт (2021-жылдын тиешелүү мезгили – 5468,2 миң тонна).

Өсүш 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргыз Республикасына курулуш жүктөрүнүн 102,4% га, азык-түлүк товарлары 170,3 % га, кумшекердин 177,3 %га, көмүрдүн 107,6% га импорттоонун көбөйүшү, ошондой эле көмүрдүн 158,8% га, кумшекердин 753,6 % га, курулуш жүктөрүнүн 249,5 %га экспортоонун өскөндүгүнүн эсебинен камсыздалды.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын отчеттук мезгилинде болжолдуу жүк жүгүртүү 750,0 млн тонна / км же 2021-жылдын отчетуна карата 104,3% түзөт (2021-жылдын 9 айы – 718,9млн тонна км).

Учурдагы жүк ташууларды сактоо жана Кыргыз темир жолундагы кошумча жүктүн көлөмүн көбөйтүү максатында белгилүү бир кадамдар жасалды:

-Кыргыз Республикасынын түштүк региондорунан Өзбекстан Республикасына көмүрдү экспорттоого 40% жеңилдетүү берилген;

— Ташкент шаарында 2019-жылдын 20-декабрында темир жол администрацияларынын жетекчилеринин беш тараптуу токтому менен бекитилген Кашкар (КЭР) аркылуу “АӨ өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа” эл аралык мультимодалдык маршруту боюнча ташууларга 50 АКШ доллары өлчөмүндө атайын тарифтер берилген;

— ошондой эле, Өзбекстан темир жолдору менен Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдү Кыргыз Республикасынын түштүк облустарына/түштүк аймактарынан ташууга 50%га чейин жеңилдиктерди берүү жөнүндө макулдашуулар жетишилген.

Жүргүнчүлөрдү ташуу

Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири калктын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыгын камсыз кылуу болуп саналат. 2022-жылдын 9 айында Кыргыз темир жолу 206 156 жүргүнчүнү ташылган, анын ичинде 194 827 жүргүнчү республикалык ички ташууларда, 11 329 жүргүнчү эл аралык каттоо трафиги менен ташылат (2021-жылдын 9 айында – 194 838 жүргүнчү, республикалык ичкитрафикте ).

2022 –жылдын 30 июлунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Балыкчы темир жолунун айрым аймактарында ылай-шагыл таштар каптаган. Бул кесепеттин натыйжасында Бишкек-Балыкчы багытындагы поездин каттамы 2022- жылдын 30-июлунан 14-августка чейин токтотулуп, темир жолдору тосулду. Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу Бишкек – Балыкчы багыты боюнча республика ичиндеги каттамда жүргүнчүлөрдүн саны азайды.

Эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддер 2022 –жылдын 6- июнунан тартып каттап баштады.

Ошондой эле Экономика, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшобаев Алмазбек Джанышбекович келечектеги пландар боюнча айта кетти:

КР ТжКМ жол тармагы боюнча пландар

  1. 2022-жылдын аягына чейин утурумдук оңдоо иштеринен асфальт жабуусуна 225,3 км каралып, бүгүнкү күндө 172,2 км асфальт жабуусу төшөлдү, калган 53,1 км автомобиль жолунда курулуш иштерин жылдын аягына чейин бүтүрүү;
  2. Шагыл катмарын төшөө иштерине 106,4 км каралып, бүгүнкү күндө 24,5 км шагыл катмары төшөлдү, калган 81,9 км автомобиль жолунда курулуш иштерин жылдын аягына чейин бүтүрүү;
  3. “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш обьектилерине 225,5 км асфальт жабуусун төшөө иштери каралып, бүгүнкү күндө 185,6 км асфальт жабуусу төшөлдү, калган 39,9 км автомобиль жолунда курулуш иштери жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн пландаштыылууда;
  4. Кышкы мезгилге даярдыктарды толугу менен бүтүрүп, республиканын баардык жолдорунда автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу.

Инвестициялык долбоорлордун эсебинен:

  1. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлору. Бириктирген жол Долбоору. Узундугу 69,7 км, Эпкин-Башкууганды участогу 7,3 км аралыкта асфальт-бетон жабуунун астыңкы катмарын куруу;
  2. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 3-фазасын куруу, БАРЭК 1 жана 3, коридорлору. Бириктирүүчү жол Долбоору, узундугу 70 км, Балыкчи-Кочкор-Эпкин участогу:
  • 1-чи лотто 6,5км аралыкта асфаль-бетон жабуунун астыңкы катмарын куруу;
  • 2-чи лотто 1 км аралыкта асфальт-бетон жабуунун астыңкы катмарын куруу;
  1. БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору, Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза, узундугу 7,4 км, Бишкек-Кара-Балта участогу 7,4 км аралыкта асфальт-бетон жабуунун үстүнкү катмарын куруу жана дефекттик тейлөөгө өткөрүп берүү;
  2. БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоору. Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участкасы. Узундугу 67 км 7 км аралыкта асфальт-бетон жабуунун астыңкы катмарын куруу;
  3. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун реконструкциялоо долбоору, 3-фаза (Кызыл-Жылдыз а. Дыйкан а., 159-183-чакырымдары) боюнчанегизги курулуш иштерин бүтүрүп, жол участогун кышкы тейлөөгө өткөрүп берүү;
  4. Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо долбоору боюнчадолбоордук участокту пайдаланууга өткөрүп берүү;
  5. Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо долбоору, (Корумду а.-Балбай-Баатыр а., 104-184,5 чакырымдары) боюнча донорлордон алдын ала квалификациялык отчетко жана тендердик документтерге макулдук алуу;
  6. Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо долбоору, фаза IV, 104,6-197,5-чакырымдары) боюнча Ислам өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинен долбоорду каржылоого макулдук алуу, Сауд өнүктүрүү фондунан долбоорду каржылоо боюнча тастыктоо алуу;
  7. “Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын 3-фазасы”  долбоору (РКЖП БА-3), 1-компонент Түп-Кеген автожолунун участогу (39-76  чакырымы) жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз  автожолунун участогу (0-13 чакырымы) Мобилизациялоо иштерин улантуу жана толук масштабдуу курулушка даярдыктарды көрүү жана курулуштун  участоктогу жалпы көлөмүнүн 5% ишти бүтүрүү;
  8. “Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын 3-фазасы” долбоору (РКЖП БА-3), 2–компонент Авиациялык коопсуздукту жана тейлөөнү камсыздоо “Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программаны кайра карап чыгуу “кичи- компоненти боюнча тандалган компания менен келишим түзүү жана Консультант менен ишти баштоо. Башка кичи-компоненттер боюнча тендердик жумуштарды улантуу;
  9. «Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу программасынын 3-фазасы”  долбоору (РКЖП БА-3), 3- компонент,  Ыссык-Көл облуунда туризмди туруктуу өнүктүрүү — консультанттар менен жумушту улантуу. 5 ТТБ курулушун көзөмөлдөө үчүн Консультациялык компанияны тандап алууга тендер жарыялоо жана Подрядчы компанияны тандап алуу;
  10. “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору”, 1-компонент – узундугу 47 км болгон Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо жана 2-компонент (Бишкек-Ош автожолунун участогун табигый кырсыктардан коргоо) кайра тендер өткөрүү үчүн кайра каралган документтерге JICAдан уруксат алуу.  Ошондой эле бардык тараптар менен долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды координациялоо;
  11. «Бишкек-Ош унаа жолунун 246 чакырымында кар көчкүдөн сактоо» — участокто курулуш иштерин улантуу жана жумуштун жалпы көлөмүнүн 84% (4-мезгилге пландаштырылган иштин көлөмүнүн 50%) аткаруу;
  12. “Талас-Тараз жолунда Урмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору — участкадагы курулуш иштери улантылып, ишти 30%га аткаруу.

Автомобиль жана темир жол транспорту боюнча

  1. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү, каржы маселелерин чечүү менен ККУнун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу;
  2. Балыкчы-Кочкор темир жолунун 5 чакырымын төшөө иштерин аяктоо, ошондой эле Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга инвесторлорду тартуу иштерин жүргүзүү;
  3. Кыймылдуу курамдын паркын модернизациялоо жана жаңы кыймылдуу составды сатып алуу;
  4. «Кыргыз Автобекети» МИде Мобилдик тиркемени ишке ашыруу үчүн инвесторлорду жана донорлорду издөө;
  5. Жаңы каттамдарды ачуу: (Сургут, Чита, Санкт-Петербург, Уфа);
  6. Региондордо жаңы автобекеттерди ачуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруу (Баткен облусу: Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя; Ош облусу: Ноокат, Кара-Суу, Алай; Жалал-Абад облусу: Казарман айылы, Тогуз- Торо, Нарын облусу: Жумгал району, Чаек айылы);
  7. Электробустарды Даниянын жашыл климат фонду аркылуу сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү;
  8. Билеттерди сатуу боюнча электрондук портал аркылуу кызматтарды көрсөтүү (онлайн брондоо).

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы