2022-жылдын 11-ноябрынан 18-ноябрына чейин Транспорт департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жургүнчүлөдү ташыган транспорт каражаттарында ,уруксат кагаздары бар экендигин текшерүү максатында рейд жүргүзүлдү.
- 834 просм.
2022-жылдын 11-ноябрынан 18-ноябрына чейин Транспорт департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында рейд жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 800дөн ашуун жүргүнчү ташыган унаалар Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерилди. Ошол эле учурда жер-жерлерде 111 миң 500 сомдук протоколдор түзүлгөн 90 мыйзам бузуу аныкталды. Бул рейддердин журушунде айрыкча көңул бурулду
— ташуучулардан уруксат кагаздарынын болушу (лицензия, уруксат, жол баракчасы, регулярдык баракча, жумуш жана эс алуу графиги, график, маршруттук схема, ташуучу менен макулдашуу);
— менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан автотранспорт ишканаларынын жана станциялык түзүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуучу транспортто айдоочуларды күн сайын жолго чейин медициналык кароодон жана техникалык контролдоодон өтүү тартибин жана ташуучулар тарабынан сакталышын камсыз кылуу;
— ташуучулар тарабынан эмгек жана эс алуу режимин сактоосу;
— ташуучулар тарабынан балдардын уюшкан топторун же туристтерди ташуу эрежелерин сактоосу;
— маршруттук такси режиминде же шаар аралык же эл аралык ташууларда иштеген автотранспорт каражаттары менен ташылган адамдардын санына карата талаптардын ташуучулар тарабынан сакталышы;
— «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ташуучулар тарабынан сакталышы;
— милдеттүү түрдө алуу мыйзамда каралган лицензия (уруксат) менен ишкердик ишти ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылышы;
— ташуучулар тарабынан жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун тышкы жана ички жабдууларына жана конструкциясына коюлган талаптардын сакталышы.
Белгиленген мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын транспорттук жана лицензиялык мыйзамдарын бузуунун алдын алууга багытталган станциялык объектилердин жана транспорттук ишканалардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызмат адамдарына транспорттук тартипти чыңдоо боюнча тапшырмалар берилди. Ташуучу фирмалардын жетекчилерине да тиешелүү чаралар көрүлөт.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы